https://sputnik.kg/20220918/otto-okto-kalgan-batkenden-tartylgan-surottor-1068039522.html
Отто, окто калган Баткенден тартылган сүрөттөр
Отто, окто калган Баткенден тартылган сүрөттөр
Sputnik Кыргызстан
Баткендин кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдарында кайрадан өрт жанып, Тажикстандын агрессиялык кол салуусу жай турмушка бүлүк салды. 18.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-18T23:46+0600
2022-09-18T23:46+0600
2022-09-19T00:15+0600
чек арадагы жаңжал. кыргызстан менен тажикстандын тиреши
кыргызстан
баткен облусу
кыргыз-тажик чек арасы
https://sputnik.kg/img/07e6/09/12/1068036875_0:321:3071:2048_1920x0_80_0_0_8617090462cd06657b4a6f944c3fd077.jpg
Тажикстан тарап Кыргызстандын аймагын миномет жана оор артиллерияны колдонуп аткылоого алды. Анын кесепетинен 59 адам көз жумуп, 144 киши жарадар болду.Жаңжал чыккан аймакта жүргөн журналисттер жарылбай калган снаряддардан айланып өтүшкөнүн айтышты. Аны жергиликтүү эл абайлап чекесин таш менен тегерете тосуп коюшканын, аскер адамдарынын келишин күтүп жатканын билдиришти.Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдардын эли коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Башка дубандардын эли кооптуулукта калып, кыйналган мекендештерге жабыла жардамга кол сунуп жатышат.
баткен облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/12/1068036875_232:0:2963:2048_1920x0_80_0_0_19c502827f5e08991c4ad7352ece0169.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, баткен облусу, кыргыз-тажик чек арасы, фото
кыргызстан, баткен облусу, кыргыз-тажик чек арасы, фото
Отто, окто калган Баткенден тартылган сүрөттөр
23:46 18.09.2022 (Жаңыртылды: 00:15 19.09.2022) Баткендин кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдарында кайрадан өрт жанып, Тажикстандын агрессиялык кол салуусу жай турмушка бүлүк салды.
Тажикстан тарап Кыргызстандын аймагын миномет жана оор артиллерияны колдонуп аткылоого алды. Анын кесепетинен 59 адам көз жумуп, 144 киши жарадар болду.
Жаңжал чыккан аймакта жүргөн журналисттер жарылбай калган снаряддардан айланып өтүшкөнүн айтышты. Аны жергиликтүү эл абайлап чекесин таш менен тегерете тосуп коюшканын, аскер адамдарынын келишин күтүп жатканын билдиришти.
Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан айылдардын эли коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Башка дубандардын эли кооптуулукта калып, кыйналган мекендештерге жабыла жардамга кол сунуп жатышат.
Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда куралдуу кол салуу болуп, кагылышуу башталды
Тажик тарап минометтук куралдар менен оор артиллерияны колдонуп эл жашаган айылдарды аткылады
Аткылоодон адам өмүрү кыйылып, турак жайлар, мамлекеттик жана социалдык объектилер талкаланды
Баткендеги чек ара жаңжалы башталгандан тарта башка облустардын жай тургундары жардамга кол сунушту
Эвакуацияланган элди Ош жана башка облустарга жайгаштырышты
Жалпысынан 140 миң адам эвакуацияланууга мажбур болду
Сооттолгон аскер машинасы кайгуулдап жүрөт
Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан кыргызстандыктар эвакуацияланды
Бул коогалаңда үйлөр өрттөнүп, талкаланды
Өкмөт Тажикстандын агрессиялык кол салуусунан канча материалдык чыгым болгонун эсептеп жатат
Каза болгон кыргызстандыктардын саны 59га жетти, алардын ичинен аскерлердин көп экени айтылууда
Баткен облусундагы айылдардын бириндеги жолго түшүп жарылбай калган снаряд