Баткенге гуманитардык жардам чогулткан кыргызстандыктар. Сүрөттөр

Баткен облусунун тургундары үчүн жардам кабыл алуу пунктулары ачылды

Алар жарандардын жана мекеме-ишканалардын кайрылуусунун негизинде өз ишин баштады

Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркагандарга бүт Кыргызстан кол сунууда

Гуманитардык жардам борбор калаанын Спорт ордосунда кабыл алынууда

Каалоочулар азык-түлүк, дары-дармек, керектүү каражаттарды алып келүүдө

Мэрия Баткен облусуна жардам катары макарон, күрүч, чай, гречка, кумшекер, өсүмдүк майы, картошка, пияз, сабиз, туз алып келүүнү сунуштоодо

Ошондой эле гигиеналык каражаттарды, балдар үчүн буюмдарды тапшырса болот

Ушундай эле кабыл алуу пунктуларын Ош мэриясы, президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү да ачты

Аларда ондон ашык ыктыярчы иштеп жатат

Чогултулган жардам муктаждар арасында бөлүштүрүлөт

Каалоочулардын бардыгы колунан келген жардамын бере алат

Гуманитардык жардамды чогултуу бир нече күнгө созулат
