29-августтан тарта Бишкектен Алматыга күн сайын 4 ирет автобус каттайт

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАвтобус. Архив
Автобус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.08.2022
Жазылуу
Билеттер автобекеттин кассаларында сатылууда.
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 29-августунан баштап Бишкек — Алматы эл аралык автобустук каттам жанданат. Бул туурасында "Бишкек автобекети" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күн сайын төрт автобус Бишкектеги Батыш автобекетинен саат 08:00, 12:00, 16:00 жана 22:00дө жолго чыгат. Жол кире акысы 500 сом. Каттамга билеттер автобекеттин кассаларында сатылууда.
TEZ JET авиакомпаниясынын учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Бишкектен Жалал-Абадга кошумча авиакаттамдар ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0