Бишкектен Жалал-Абадга кошумча авиакаттамдар ачылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовTEZ JET авиакомпаниясынын учагы. Архивдик сүрөт
TEZ JET авиакомпаниясынын учагы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2022
Жазылуу
Кошумча авиакаттамдарды TEZ JET авиакомпаниясы жума жана жекшемби күндөрү аткара баштады.
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бишкектен Жалал-Абад шаарына кошумча авиакаттамдар ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдирди.
Ага ылайык, кошумча авиакаттамдарды TEZ JET авиакомпаниясы жума жана жекшемби күндөрү аткарып баштады.
Буга чейин Жалал-Абад шаарына каттамдар аптасына жети жолу аткарылып келген. Эми рейстин саны тогузга көбөйдү.
Москвадагы Шереметьево аэропортунда кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Москвадан Ошко жаңы авиакаттам ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0