00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуттук банк 19 тонна алтындын чет жакка кантип сатылганы боюнча жооп берди

© AFP / ARNE DEDERTАлтын куймалар. Архивдик сүрөт
Алтын куймалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2022
Жазылуу
Белгисиз болуп жаткан алтын экспорту башкы банктын операцияларына байланыштуу экени айтылды.
БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Улуттук банк өткөн жылы алтындын запасын толтуруу максатында сатылган операцияларга байланыштуу экспорттун көлөмү көбөйүп кеткенин билдирди.
Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитети 2022-жылдын февралында Кыргызстан өткөн жылы 5 тонна 646,7 килограмм алтынды чет өлкөлөргө 308 миллион долларга сатканын кабарлаган. Бирок жакында эле сандар өзгөрүп кетти. Анда былтыр 24 тонна 846,7 килограмм алтын 1,4 миллиард долларга экспорттолгону көрсөтүлгөн. Ортодогу айырма 19,2 тоннаны түзүп, дал ушундай көлөмдөгү алтын "аты аталбаган өлкөлөргө сатылды" деп жазылган.
Бул жагдай боюнча Улуттук банк комментарий берди.
"Статком 1,1 миллиард долларга бааланган 19 тонна алтын экспорттолгонун жарыялаган. Анда Улуттук банктын акча-кредиттик саясатынын алкагында чет өлкөлүк валюталарда ликвиддүүлүктү камсыз кылуу максатында Европа өлкөлөрүнүн бирине алтын жайгаштыруу операциялары тууралуу жазылган", — деп айтылат маалыматта.
Алтынды сатуудан алынган каражат Улуттук банктын эсебине түшкөнү белгиленди.

"Аталган каражат 2021-жыл ичинде өлкөнүн ички валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүүгө (735 миллион доллардын тегерегинде), башка милдеттенмелерди жана тышкы карызды төлөөгө (200 миллион доллардын тегерегинде) багытталган. Буга кошумча, эл аралык резервдердин деңгээли былтыркы жылдын аягында 169,5 миллион долларга көбөйүп, 2 миллиард 977,6 миллион долларды түзгөн", — деп түшүндүрдү Улуттук банк.

Ошондой эле мекеме борбордук банктардын эл аралык тажрыйбасында алтын-валюта резервдери менен операциялар коопсуздукту сактоо үчүн купуя маалыматтардын категориясына кирерин белгиледи. 2021-жылы жүргүзүлгөн операциялар тууралуу Улуттук банктын жарыяланган финансылык отчетунда чагылдырылган, эл аралык көз карандысыз аудит тарабынан тастыкталган жана Жогорку Кеңешке сунушталган.
АКШ доллар жана рубль купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2022
Улуттук банк Кыргызстанга каражат кайсы валюта менен көп которуларын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0