00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
В школы - без педдиплома: кто и зачем едет преподавать в отдалённые школы Кыргызстана
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алтын экспорту 19,2 тоннага көбөйгөн, бирок ким алганы белгисиз. Статком сандары

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАлтын куймалар. Архивдик сүрөт
Алтын куймалар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Жазылуу
Статкомдун жаңыланган маалыматында буга чейин айтылган сандар өзгөрүп, түшүнүксүз жагдай жаралды.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Улуттук статистика комитетинин жаңыланган маалыматы боюнча алтындын экспорту 2021-жылга карата кескин өзгөрдү.
Төмөндө көрсөтүлгөн скриншотту чечмелей турган болсок, биринчи катарда экспорттун көлөмү, экинчиде ал көлөмдүн баасы, үчүнчүдө баасы доллар түрүндө, төртүнчүдө былтыр ушул эле мезгилде экспорттолгон көлөм, бешинчи жана алтынчыда сом жана доллар менен көрсөтүлгөн.
2022-жылдын февралында Кыргызстан өткөн жылы 5 тонна 646,7 килограмм алтынды чет өлкөлөргө 308 миллион долларга сатканы кабарланган.
© Фото / Национальный статистический комитет КРЭкспорт золота в КР за 2021 год
Экспорт золота в КР за 2021 год  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Экспорт золота в КР за 2021 год
Деген менен ал маалымат өзгөртүлдү. Статкомдун "Кыргызстандын бардык өлкөлөр менен 2021-жылдагы (такталган жыйынтык) сырткы жана өз ара соода" бөлүмүндө башкача сандар көрсөтүлүп жатат. Ага ылайык, өткөн жылы 24 тонна 846,7 килограмм алтын 1,4 миллиард долларга экспорттолгон.
Мурунку жана жаңы маалыматтын ортосундагы айырмасы 19,2 тоннаны түзүп жатат. Дал ушундай көлөмдөгү алтын "аты аталбаган өлкөлөргө сатылды" деп жазылган.
Мындан башка дагы түшүнүксүз жагдайлар жаралды. Алтын экспорту тууралуу өткөн жылкыга салыштырылып берилген соңку маалыматтарды (январь-май жана январь-июнь) алып карап көрөлү.
© Фото / Национальный статистический комитет КРЭкспорт золота в КР за 2021 год
Экспорт золота в КР за 2021 год  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Экспорт золота в КР за 2021 год
2021-жылдын январь-июну — 4 тонна 141,9 килограмм (мурунку маалымат).
© Фото / Национальный статистический комитет КРЭкспорт золота в КР за 2021 год
Экспорт золота в КР за 2021 год  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2022
Экспорт золота в КР за 2021 год
Демек, июнда алты килограммдай эле сатышкан. Бирок жаңыланган маалыматта январь-июндагы экспорт 17 тонна 121,9 килограммды түздү. Бул июнда эле 13 тонна алтын сатылганын түшүндүрөт.

Эмне үчүн маанилүү?

Сандардын минтип өзгөрүшүндө эмне мынча чоң айырма болуп жатканы таң калтырууда.
Экинчи түшүнүксүз жагдай: 19,2 тонна алтынды кайсы өлкөлөргө сатканы көрсөтүлгөн эмес. "Аты аталбаган өлкөлөр" деген сөздү Статком буга чейин да колдонуп келген, бирок экспорт/импорттун анча маанилүү эмес көлөмүн ушинтип жазчу. Бирок мында жалпы экспорттун 80 пайызы кайда жөнөтүлгөнү такталган эмес. Ошол эле учурда 30 килограммдын тегерегинде сатып алган Италия, Россия жана Түркия өлкөлөрү жазылган.
Үчүнчү жагдай: алтындын мынча көлөмү каяктан алынды? Мисалы, расмий маалымат боюнча эң ири алтын кен Кумтөрдөн 2021-жылдын ичинде 468 миңден ашыгыраак унций казылган. Унцийдин бир нече түрү бар, биз зергерлер көп колдонгон 31,1 граммдык трой унциясын эсептеп көрдүк. Анда 14,6 тоннадан азыраак чыгып жатат.
Кечээ, 18-августта, Sputnik Кыргызстан Улуттук статистика комитетине, "Кыргыз алтын" ишканасына, Финансы министрлигине, "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингине (Кумтөрдү казуу менен алектенген) сурам жөнөтүп, баалуу металл экспорту боюнча түшүнүксүз кырдаалды түшүндүрүп беришин өтүндү. Анын жообу келери менен жарыялайбыз.
Эске салсак, былтыр май айында Кумтөргө сырткы башкаруу киргизилген. Ал эми сентябрда Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы (LBMA) "Кыргыз алтын" аффинаж заводун алтын саткан ишенимдүү тарап катары макамынан ажыраткан. Деген менен жаңы жана эски маалыматтар боюнча, Улуу Британияга алтын сатуу 2021-жылдын жайында эле токтогон.
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2022
Бийлик "Кумтөр" биротоло Кыргызстанга өткөнүн жарыялады. Келишимде эмнелер камтылган?
Жаңылыктар түрмөгү
0