18-августка карата аба ырайы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСуусамыр өрөөүну. Архивдик сүрөт
Суусамыр өрөөүну. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2022
Жазылуу
18-августка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас жергесинде +24...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +21...+26 жана Нарын аймагында +23...+28 градус болот.
Бул күнү Чолпон-Атада күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +28...+30, Ош калаасында +33...+35, ал эми Чолпон Атада +23...+25 градуска жетет.
Бишкектеги Ала-Тоо аянтында эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Августта аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0