Абал тынч эмес! Косоводо сирена жаңырып, адамдар тосмолорду орнотуп жатышат

© AFP / ARMEND NIMANIКосово полиция кызматкерлери. Архив
Косово полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.08.2022
Жазылуу
Жергиликтүү басылманын маалыматына караганда, албандар менен сербдер топтошуп, тосмолорду орнотуп жатышат.
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Косовонун сербдер жашаган түндүк бөлүгүндө сирена жаңырып, адамдар трассаларга тосмолорду орнотуп жатышат. Бул тууралуу РИА Новости сербиялык "Вечерне новости" порталына шилтеме кылып жазды.
Порталдын маалыматына караганда, косоволук албандар түндүк жактагы “сербдер” тарапка кеткен “өздөрүнүн” Косовска-Митровица шаарынын түштүк бөлүгүндөгү көпүрөгө топтолуп жатышат.

“Косовска-Митровица шаарынын түштүк жагындагы калааны түндүк жана түштүккө бөлүп турган башкы көпүрөгө жакын жерге 200гө жакын албандар топтолду... Жарандар (серб улутундагы – ред.) Косовска-Митровица шаарынын түндүк бөлүгүнө топтолуп, Звечан шаарына кеткен трассага курулуп жаткан тосмо тарапка массалык түрдө барууну пландап жатышат”, - деп жазды портал.

Сербиянын президенти Александр Вучич жекшемби күнү жарандарга жасаган кайрылуусунда өзүн-өзү республика деп жарыялаган Косово 1-августка караган түнү Сербиянын бийлиги берген документтери бар жарандарга жолду жаап, автоунаалардын сербиялык номерлерин “Косово Республикасыныкына” кайра каттоо башталарын билдирген.
Вучич косоволук албан бийлигин тынчтыкты сактоого чакырып, эгер Косоводо жашаган сербдерге каршы агрессивдүү аракеттер жасала турган болсо, “Сербия жеңип чыгарын” эскерткен. Ал эми Косовонун премьери күндүз “Улуттук коопсуздук кеңешинин” жыйынын Приштинде өткөрдү. Андан соң республиканын бийлиги 1-августтан тарта өлкөгө кирүүдө сербдердин документтерин кабыл албоого жана машиналарды кайра каттоого даяр экенин жарыялаган.
“Саат 18:00дөн кийин (Бишкек убактысы боюнча 10:00) Косовска-Митровицада аба сиренасы жаңырды... Косовонун чек ара полициясынын жаңы базасынын жанына куралданган жоокерлер жайгаша баштаган... Жарандар болсо Звечан шаарынан анча алыс эмес аймакта жана Приштина-Лепосавич трассасына тосмолорду орнотуп жатышат. Жолдор жабылууда”, - деп жазды "Вечерне новости".
Сербиянын ТИМ башчысы Никола Селакович кечээ күнү Косовонун бийлиги 1-августтан тарта Сербия берген документтерди жана машинанын номерлерин жокко чыгарарын жана косоволук сербдерге “тозок” уюштурууну пландап жатканын айткан.
Ал эми Косовонун өкмөтү Сербиянын документтерин алып жүргөндөргө өлкөгө кирүүгө убактылуу маалым кат берилерин билдирген. Андан соң сербиялык автоунаалардын номерлери милдеттүү түрдө “Косово Республикасы” RKS деп кайра каттоо башталарын жар салган.
РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2022
Лавров менен Блинкен телефондон сүйлөштү. Козголгон маселелер
Жаңылыктар түрмөгү
0