Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Сирия, Украина, экономика... Тегерандагы саммиттин жыйынтыгы кандай болду

© AFP / MUSTAFA KAMACIРоссия, Түркия жана Ирандын президенттери Тегеранда болуп жаткан саммиттин алкагында үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
Россия, Түркия жана Ирандын президенттери Тегеранда болуп жаткан саммиттин алкагында үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Жазылуу
Саммитте негизги маселе болгон Сириядан тышкары, Украина кризиси жана экономика боюнча дагы кеп кылышты.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. 19-июль күнү Тегеранда Астана процессинин (Сирия маселелери боюнча Россия, Иран жана Түркиянын ортосундагы биримдик) гаранты болгон мамлекет башчыларынын жолугушуусу болуп өттү. Анда лидерлер эл аралык маанидеги бир катар маселелерди талкуулашты.

Сирия тууралуу

Россиянын президенти Владимир Путин Сирия бийлиги көзөмөлдөбөгөн аймактардагы абал өзгөчө тынчсызданууну жаратып жатканын баса белгиледи.
"Биз кылмыштуулуктун, экстремизмдин, сепаратизмдин реалдуу коркунучтары бул аймактардан келип жатканын көрүп турабыз. Буга көп жагынан АКШ баштаган Батыш мамлекеттеринин деструктивдүү линиясы көмөктөшүүдө. "Ислам мамлекетин"* жана башка террорчуларды түбөлүккө жок кылуу керек", — деди Путин.
Ал эми Ирандын президенти Ибрахим Раиси Сирия кризисинин аскерий чечими жок экенин айтты.
"Сириядагы кризис башталгандан бери болжол менен 11 жыл өтсө да Иран Сириядагы кризисти чечүүнүн бирден-бир жолу саясий экенине ишенет. Аскерий кадамдар, тескерисинче, кырдаалды начарлатышы мүмкүн", — деди Раиси.

Астана процессинин катышуучуларынын аракеттери

Путиндин айтымында, Россия, Иран жана Түркиянын Сириядагы кризисти ар тараптуу жөнгө салууга көмөктөшүүсү абдан натыйжалуу болууда.
"Биздин биргелешкен колдообуздун аркасында Сириядагы зордук-зомбулуктун деңгээли байкаларлык азайып, бейпил жашоо жанданууда. Экономика жана социалдык чөйрө акырындык менен калыбына келе жатат. Өтө маанилүү жагдай — эми саясий жана дипломатиялык жөнгө салуу керек. Процесс БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254 резолюциясынын негизинде башталды", — деди Путин.

Сирияда эмне кылуу керек

Россия президентинин пикиринде, Сирия элинин мындан аркы өнүгүү жолун тандоосуна сырттан кийлигишпей, өз алдынча тандоо кылууга шарт түзүп берүү керек.

"Биз Сириянын ичиндеги инклюзивдик саясий диалогду илгерилетүү боюнча конкреттүү кадамдарды, макулдашууну жакынкы келечектин милдети деп эсептейбиз. Башкача айтканда, сириялыктар өздөрү сырттан кийлигишүүсүз өз келечегин чече ала турган шарттарды түзүү керек. Чындыгында, дал ушул максатта биздин үч мамлекет 2018-жылы Сочиде өткөн Сириянын Улуттук диалог конгрессинде конституциялык комитет түзүү чечимин кабыл алууну демилгелеген", — деди ал.

Ирандын президенти Ибрагим Раиси дагы саммит учурунда бир нече маанилүү билдирүүлөрдү жасады.
Ал АКШны Сириядан ресурстарды, анын ичинде мунай затты уурдап жатат деп айыптап, ошондой эле Израилдин Сириянын аймагына жасаган соккусун сынга алды.
Ошондой эле ал Сирияны жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн Астана форматын сактап калуу жана андан ары өнүктүрүү зарыл экендигине токтолду.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Путин Украина кризисин чечүүгө кызыкдар болгон Азия өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди

Түркиянын пикири

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сириядагы коркунучтарды жок кылуу менен бирге улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттеринде Россия менен Ирандын колдоосун күтөрүн билдирди.
"Сирияда улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирген зыяндуу уюмдарды жок кылууну чечтик. Астана процессинин гаранты катары Россия менен Ирандын Түркияны колдооруна үмүт кылабыз", — деди ал.

Украинадагы атайын операция

Саммит учурунда Россия Украинада өткөрүп жаткан атайын операция тууралуу дагы сөз болду. Талаптар Украина кризисинин болушунча тезирээк аякташын кааларын айтышты.
Мындан соң Россия лидери Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ортомчулук кызматтарын сунуштаганы үчүн Азия мамлекеттерине ыраазычылыгын билдирди.

"Украина менен сүйлөшүүлөр учурунда Түркия Сауд Арабиясы сыяктуу эле ортомчу болуп берүү сунушун киргизген. Бириккен Араб Эмирлигинин дагы ушундай мүмкүнчүлүгү болду. Биз бул досторубузга абдан ыраазыбыз. Кырдаалды жөнгө салууга кандайдыр бир салым кошууну каалоо дагы баалуу нерсе", — деди Путин.

Экономика тууралуу

Россия лидери түркиялык кесиптеши менен Сирия маселесинен тышкары Кара деңиз портторунан эгин экспорттоо көйгөйүн жана эки тараптуу долбоорлорду талкуулады.
Мындан тышкары, Россия менен Ирандын президенттери сооданы өнүктүрүү жана эл аралык коопсуздук маселелерин карашкан.
Соңунда Путин Түркия менен Ирандын президенттерин Россияда боло турган кезектеги саммитке чакырды.
* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган террордук уюм.
Тышкы иштер министри Сергей Лавров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров атайын операциянын географиясы кандай учурда кеңейерин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0