Ок жеген Синдзо Абэнин абалы оор болуп жатканы айтылды

© Sputnik / Сергей ГунеевЯпониялык экс-премьер-министр Синдзо Абэ. Архив
Япониялык экс-премьер-министр Синдзо Абэ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Япониянын азыркы өкмөт башчысы шайлоо учурунда жасалган мындай варвардык кол салуу эч качан кечирилбестигин айткан.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен ок жеген япониялык экс-премьер-министр Синдзо Абэнин абалы оор болуп жаткандыгын көз жашын араң кармаган өкмөт башчы Фумио Кисида маалымат жыйында билдирген. Бул боюнча РИА Новости жазды.
"Бүгүн Нара префектурасында мурдагы премьер-министр Абэге кол салуу болгон. Азыр анын абалы оор", — деген ал.
Кисида "мындай варвардык кол салуу демократиялык түзүлүштүн негизи деп эсептелген шайлоо алдында болгонун жана ал эч качан кечирилбестигин" айткан.
"Муну мен толук кандуу чечкиндүүлүк менен айыптайм", — деген ал.
Мурдагы өкмөт башчынын коопсуздугу камсыздалгандыгы боюнча пикирин билдирип жатып Кисида "коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча бардык чаралар кабыл алынган деп ишенерин, бирок дагы бир ирет текшерүү жасаларын" билдирген.
Экс-премьер-министр Синдзо Абэни бүгүн эл алдында жергиликтүү убакыт боюнча 11:30да (Бишкек убактысы менен 8:30) сүйлөп жатканда арт жагынан 40 жаштагы япониялык киши аткан. Социалдык тармакка тарап кеткен видеодон октун үнү эки ирет жаңырганын угууга болот. Япония ЖМКлары тартип сакчылар менен башкаруучу Либералдык-демократиялык партиядагы маалымат берген кишилер да муну тастыктаган. Ок жегенден бир аздан кийин Синдзо Абэ жерге кулаган. Саясатчыны дарыгерлер ооруканага алып кеткени, жүрөгүнө массаж жасалганы маалымдалган. Андан соң тик учак менен Нара медициналык университетине жеткирилген. Ок далысынын тушуна тийгени маалымдалды. Башка ЖМКлар Абэнин мойнунан кан акканы байкалганын жазышкан.
Кылмыш болгон жерден 41 жаштагы Тэцуя Ямагамини кармашкан. Ал тартип сакчыларына каршылык көрсөткөн эмес. Бир канча убакыттан кийин адам өлтүрүүгө күнөөлөнүп, камакка алынган. Япон ЖМКлары Ямагами 2005-жылга чейин үч жыл өлкөнүн Аскердик-деңиз күч түзүмүндө кызмат кылганын, андан соң эмне иш менен алектенип келгени белгисиз экендигин жазышты.
РИА Новости Ямагами суракка алынганын, мындай кадамга "Абэнин саясатына нааразы" болгону үчүн барганын айтып бергенин жазды.
Япониянын экс-премьер-министри Синдзо Абэ. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Синдзо Абэ жерде жатат. Кол салган аймактан тартылган видео
Жаңылыктар түрмөгү
0