Эртең Үрүмчү — Бишкек аба каттамы жанданат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүУчак учуп чыгып жатат. Архив
Учак учуп чыгып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.07.2022
Жазылуу
Учак Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда шейшемби күндөрү каттап турмакчы.
БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. 5-июлда Үрүмчү — Бишкек авиакаттамы жанданат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 5-июлдан тарта "Түштүк Кытай аба жолдору" авиакомпаниясы каттамдарды жумасына бир жолу, шейшемби күндөрү аткарып турмакчы. Учуу убактысы эки саат.
Аталган каттам пандемия башталганда токтотулуп, ортодон кайра каттай баштаган. Бирок 2021-жылдын март айында эпидемиологиялык кырдаал курчуп, рейсти токтотууга туура келген.
Тамчы аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Жумасына эки жолу учат. Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды
Жаңылыктар түрмөгү
0