Жумасына эки жолу учат. Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековТамчы аэропортундагы учак. Архив
Тамчы аэропортундагы учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Жазылуу
Каттамдын санын көбөйтүү пландалып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан биринчи каттамды кабыл алган.
SCAT авиакомпаниясы Алматы — Тамчы — Алматы багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарып турмакчы.
Жума ичине дагы эки каттам кошуу пландалып жатканы айтылды. Учуу убактысы 40 мүнөткө созулат.
ТезЖет авиакомпаниясын учагы Ысык-Көлдүн аэропортунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Оштон Ысык-Көлгө түз авиакаттам ачылды. Жумасына 6 жолу учат
Жаңылыктар түрмөгү
0