Балыкчыдагы пляжда 16 жаштагы кыз чөгүп кетип каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Жазылуу
Кызды издөөгө жети куткаруучу тартылган.
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Балыкчы шаарында 16 жаштагы кыз көлгө чөгүп кетип каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 27-июнь күнү "Толкун" пляжында болгон. Жерине жети куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 19:20да кыздын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
ӨКМ кызматкерлери издөө иштери учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2022
Талас: сууга агып кеткен экинчи кыздын сөөгү табылды
Жаңылыктар түрмөгү
0