Эрнст Акрамов 86 жашка чыкты. Ажат ачкан алтын колдуу хирургдун сүрөттөрү

Жазылуу
Бүгүн белгилүү хирург, профессор, медицина илимдеринин доктору Эрнст Акрамовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги эл баатырынын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Эрнст Акрамовдун 1936-жылы 24-июнда Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келип, борбор калаадагы №10 орто мектепте билим алган. Кийин Медицина институтунда жогорку билимдүү болуп, №2 шаардык клиникалык ооруканада хирург болуп баштаган. Андан соң операциялык хирургия кафедрасында аспирантурада окуп, көп жылдан бери хирург болуп иштеп, уникалдуу операцияларды жасап келет. Ошондой эле анын медицинада ондогон ойлоп табуулары, 350дөн ашык илимий иши бар.
Профессор 1989-1992-жылдары СССРдин, кийин КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 86 жаштагы медицина илимдеринин доктору азыр Чүй облустук ооруканадагы хирургия бөлүмүн жетектеп келет.
© Фото / Александр Федоров

Эрнст Акрамов эмгек жолун 24 жашында борбор калаадагы ооруканалардын биринде баштаган

Эрнст Акрамов эмгек жолун 24 жашында борбор калаадагы ооруканалардын биринде баштаган - Sputnik Кыргызстан
1/12

Эрнст Акрамов эмгек жолун 24 жашында борбор калаадагы ооруканалардын биринде баштаган

© Фото / предоставлено Еленой Баялиновой

Жаш кез: белгилүү хирург Акрамов менен атактуу актёр Сүймөнкул Чокморов

Жаш кез: белгилүү хирург Акрамов менен атактуу актёр Сүймөнкул Чокморов - Sputnik Кыргызстан
2/12

Жаш кез: белгилүү хирург Акрамов менен атактуу актёр Сүймөнкул Чокморов

© Sputnik / Александр Федоров

Ооруканада бейтапты дарылап чыгарган медицина илимдеринин доктору. Ак халатчан 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон

Ооруканада бейтапты дарылап чыгарган медицина илимдеринин доктору. Ак халатчан 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон - Sputnik Кыргызстан
3/12

Ооруканада бейтапты дарылап чыгарган медицина илимдеринин доктору. Ак халатчан 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон

© Sputnik / Александр Федоров

Профессор дартты аныктап, жаштар менен тажрыйбасынан бөлүшүүдө. Хирург эмгек жолунда бир топ шакирт тарбиялаган

Профессор дартты аныктап, жаштар менен тажрыйбасынан бөлүшүүдө. Хирург эмгек жолунда бир топ шакирт тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
4/12

Профессор дартты аныктап, жаштар менен тажрыйбасынан бөлүшүүдө. Хирург эмгек жолунда бир топ шакирт тарбиялаган

© Sputnik / Александр Федоров

КРдин Эл Баатыры замандаштары менен. Хирург 20га чукул илимдин доктору жана кандидаттарын тарбиялап чыгарды

КРдин Эл Баатыры замандаштары менен. Хирург 20га чукул илимдин доктору жана кандидаттарын тарбиялап чыгарды - Sputnik Кыргызстан
5/12

КРдин Эл Баатыры замандаштары менен. Хирург 20га чукул илимдин доктору жана кандидаттарын тарбиялап чыгарды

© Sputnik / Александр Федоров

Дартынан арылып айыккан бейтап залкар хирург менен. Профессор бир топ операцияларды жасап, 20дан ашык ойлоп табуунун автору болуп эсептелет

Дартынан арылып айыккан бейтап залкар хирург менен. Профессор бир топ операцияларды жасап, 20дан ашык ойлоп табуунун автору болуп эсептелет - Sputnik Кыргызстан
6/12

Дартынан арылып айыккан бейтап залкар хирург менен. Профессор бир топ операцияларды жасап, 20дан ашык ойлоп табуунун автору болуп эсептелет

© Фото / Александр Федоров

Медицина илимдеринин докторунун ооруканада иштеп жүргөнүнө 60 жылдан ашты

Медицина илимдеринин докторунун ооруканада иштеп жүргөнүнө 60 жылдан ашты - Sputnik Кыргызстан
7/12

Медицина илимдеринин докторунун ооруканада иштеп жүргөнүнө 60 жылдан ашты

© Sputnik / Александр Федоров

Өмүрүн ата мекендик медицинага арнаган инсан бейтаптар менен. Дарыгер "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине, "Данакер" орденине татыган

Өмүрүн ата мекендик медицинага арнаган инсан бейтаптар менен. Дарыгер "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине, "Данакер" орденине татыган - Sputnik Кыргызстан
8/12

Өмүрүн ата мекендик медицинага арнаган инсан бейтаптар менен. Дарыгер "Ак Шумкар" өзгөчө белгисине, "Данакер" орденине татыган

© Фото / Александр Федоров

Окумуштуу үй-бүлө курган эмес. Азыркыга чейин бейтапканада иштеп, ошол жакта жашайт

Окумуштуу үй-бүлө курган эмес. Азыркыга чейин бейтапканада иштеп, ошол жакта жашайт - Sputnik Кыргызстан
9/12

Окумуштуу үй-бүлө курган эмес. Азыркыга чейин бейтапканада иштеп, ошол жакта жашайт

© Фото / Александр Федоров

Ыраазычылыгын билдирген кыргызстандыктар. Акрамов өзү да канча адамга операция жасаганын санаган эмес

Ыраазычылыгын билдирген кыргызстандыктар. Акрамов өзү да канча адамга операция жасаганын санаган эмес - Sputnik Кыргызстан
10/12

Ыраазычылыгын билдирген кыргызстандыктар. Акрамов өзү да канча адамга операция жасаганын санаган эмес

© Фото / Александр Федоров

Эрнст Акрамов: медицина — ааламдагы эң ыйык кесип

Эрнст Акрамов: медицина — ааламдагы эң ыйык кесип - Sputnik Кыргызстан
11/12

Эрнст Акрамов: медицина — ааламдагы эң ыйык кесип

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Чарчап-чаалыкпаган хирург бүгүн 86 жашка толду

Чарчап-чаалыкпаган хирург бүгүн 86 жашка толду - Sputnik Кыргызстан
12/12

Чарчап-чаалыкпаган хирург бүгүн 86 жашка толду

Тема боюнча:
Кызылча талаасына байланган өмүр. Зууракан Кайназарованын архивдик сүрөттөрү
Өмүрүнүн 70 жылын музыкага арнаган. Маэстро Асанкан Жумакматовдун сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0