Түнөп, таңда комуз менен гимн аткарган Калык Акиев. "Кыргыз радиосунун" 90 жылдык тарыхы
Алыскы аймактан маалымат берген кабарчы, 1963-жыл

Калык Акиев автоунаасы жок болгондуктан үйүнө кетпей радиодо түнөп, таң атпай туруп колуна комузун алып, гимнди аткарып радиону аччу

Радио жаңы ачылганда ал жакта 14 адам гана иштечү. Кийин кабарчылардын, кызматкерлердин саны көбөйгөн

Радиопрограммаларды алыскы аймактарга жеткирүү үчүн республика аймагында радиорелейлик станциялар курулган. Сүрөттө Балыкчы шаарындагы "Восточный" станциясы, 1977-жыл.
1930-жылдардын башында республика аймагында радиолоштуруу иштери жигердүү жүргүзүлгөн. Бирок кыйынчылыктар менен коштолгон. Анткени керектүү жабдуу, тетиктер сырттан алып келинген, тилин билген адистер да жокко эсе болгон. 1935-жылдары Кыргызстанда бир нече радио түйүн, 2000ге жакын радиоточка ишке кирген.

Жаңы ачылган радиого кызматкерлер кабыл алынып, эл арасынан кабарчылар тандалып, айрымдар үчүн атайын окутуулар уюштурулган

Зоотехник Павел Жмуденко радиодо лекция окууда, 1957-жыл
Тажрыйбалуу адистер өз багыты боюнча лекцияларды радиодо окуп турушкан. Анын аркасы менен алыскы аймактагы ветеринарлар, агрономдор жөндөмүн, билимин кеңейткен

"Кыргыз радиосунун" алгачкы дикторлорунун бири Сакин Бегматова. Болочоктогу көрүнүктүү мамлекеттик ишмер студент кезинде эле радиостудияда иштеген.

Радио угуп отурган колхозчулардын үй-бүлөсү. Ысык-Көл облусу, 1949-жыл.
Ошол жылдары радио коомдо, жогору жакта болуп жаткан окуялар менен элди маалымдар кылып, үгүт иштерин жүргүзүп, агартуучулук милдетти да аткарган.

Радионун чыгаан дикторлору: Валерий Ровинский, Зарыл Мамбеталиева, Ольга Себастьянова
Ободон айыл чарбасындагы машина, техниканы колдонуу боюнча атайын радиомаектер берилген. Ошондой эле министрлик, мамлекеттик мекемелердин жарыялары да окулган.

Жайлоодо жамбаштап жатып алып акыркы маалыматтарды радиодон тыңдаган чабан
Эфирге ишкана, колхоз, совхоздун мыкты эмгекчилери, социалисттик жарыштын алдыңкылары, жогорку мамлекеттик сыйлык алгандар чакырылган.

Белгилүү композитор Петр Шубин Кыргыз радиосунун биринчи музыкалык редактору болуп эмгектенген
Атактуу композитор эл арасындагы бир топ таланттардын чыгармаларын жаздырган. Ошондой эле улуттук обондорду нотага түшүрүп, аны иштеп чыгып радиого такай берип турган. Андан сырткары, белгилүү ырчы, обончуларды радиого ишке чакырып, иштешкен.

Союз маалында Кыргызстанда жолдор салынып, аймактарга электр жарыгы менен кошо радионун чубалгылары да жеткирилген. Фрунзе облусу, 1940-жыл.
Борбор калаадагы эл көп топтолгон китепканада, жумушчулардын үйүндө радионун үнү жаңырып турган

"Кыргыз радиосунун" ардагерлери
Радиого алгачкылардан болуп Алиман Жангорозова, Капар Алиев, Төлөн Шамшиев, Александр Кологривов, Касымалы Бектенов, Кубаныч Акаев, Токтоболот Абдумомунов, Гүлниса Мамбетова, Валентина Гонтарь, Абилезим Ниязов, Тамара Алсеитова ишке алынып, алар радионун жүзү болушкан

1960-жылдарга чейин кыргызстандыктар үчүн радио менен гезит маалымат алуунун эң жеткиликтүү булагы болгон

Кыргыз Республикасынын эл артисттери Турсун Уралиев менен Орозбек Кутманалиев радиодо көркөм окуу менен алек

Кандуу жылдарда радиодо иштегендер фронттон акыркы кабарларды угузуп, тылдагыларга дем-күч берген
Улуу Ата Мекендик согуш маалында маалыматтарды ыкчам жеткирүүдө радио чоң роль ойногон. Ал кезде коомдук-саясий уктуруулардын саны көбөйтүлгөн. Москванын эфири берилип, күнүнө 2000дей жаңылык окулган. Айрым маанилүү кабарлар кыргыз тилине которулуп берилген.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин атасы Төлөн Шамшиев 1938-1941-жылдары радиокомитеттин төрагасы болгон
Согуш жылдары акын, жазуучу, музыкант, театр ишмерлери аскердик патриоттуулукка чакырган чыгармаларын радиодо аткарышкан

Режиссер Бүбүя Мусаева, КРдин эл жазуучусу Насирдин Байтемиров менен Тенти Орокчиевдин маегин жазып алуууга даярданууда
"Кыргыз радиосунун" адабий драмалык редакциясы 1955-жылдан баштап көркөм чыгармаларды жаздырган

Композитор Жумамүдүн Шералиев "Кыргыз радиосунда" музыкалык редактор болуп иштеген
Радио ачылганда 30-40 грампластинка гана болсо, азыр он миңден ашык ыр, күү, дастан, кыргыз, орус, дүйнөлүк композиторлордун чыгармалары бар

Карамолдо Орозов менен болочоктогу белгилүү дирижер Сардарбек Жумалиев
1957-жылы "Кыргыз радиосунда" 7 диктор, 8 инженердик-техникалык кызматкер болуп жалпы 50-60 адам эмгектенген

"Кыргыз радиосу" кезинде далай манасчы, төкмө акын, ырчы, аткаруучуларды жаздырып калган
Радионун алтын казынасында залкар манасчы Саякбай Каралаев, Уркаш Мамбеталиевдин варианты боюнча 100 сааттан ашык "Манас" эпосунун үзүндүсү сакталууда

Кыргыз эл артисти, радиорежиссер, актер Турсун Уралиев, 1978-жыл
Турсун Уралиев – Саякбай Каралаевди баш кылып, Осмонкул Бөлөбалаев, Алымкул Үсөнбаевдердин үнүн алтын казынага жаздырып калган адам. Ал "Манасты" беш жыл жаздырып, өмүрүнүн 60 жылын радиого арнап 80 жашында ардактуу эс алууга чыккан.

Режиссер Айнидин Базарова балдар үчүн уктурууда
60-жылдары маданий-агартуучулукка, патриоттуулукка өтө чоң көңүл бурулуп, радио көп уктуруу даярдаган. Кичинекей балдарга, жаштарга, кыз-келиндерге арналган атайын программалар обого чыгып турган.

Жаш комузчу Самара Токтакунова менен композитор Сардарбек Жумалиев
Азыр алтын казынада залкар комузчу, манасчы, төкмө акындардын чыгармалары сакталып турат. Андан сырткары, 100дөн ашык драмалык чыгармалар да бар.

Радионун имараты (азыр Улуттук телерадиоберүү корпорациясы) беш жылда салынып бүтүп керектүү жабдуу, техника Москвадан алып келинген
Анда радио жана телестудия, академиялык симфониялык оркестрдин залы, үн жаздырган бир нече студия, инженердик-техникалык бөлмөлөр бар

Эмгек жолун радиодон баштап, кийин тележылдызга айланган диктор Жолдубай Кайыпов. 1978-жыл
"Кыргыз радиосу" узак жылдар бою бир топ атактуу дикторлорду тарбиялап өстүргөн. Алардын арасында Абилезим Ниязов, Гүлниса Мамбетова, Капар Алиев, Абакир Бекмурзаев, Жеңиш Ашымов, Маргарита Булатова, Камил Султанбеков, Сатыбалды Жээнбеков, Льюбовь Данильченко, Ася Жийдебаева, Тамара Алсеитова, Гүлшан Молдоева, Генадий Ковалев бар.

Канттагы цемент заводунан кабар жаздырган "Кыргыз радиосунун" кызматкери А. Чекелов. 1965-жыл
"Кыргыз радиосу" 1980-жылы кыргыз, орус, немец, дунган тилдеринде программаларды обого чыгарган. Бир нече редакциядан турган радио акыркы маанилүү жаңылыктарды, радиопьеса, радиоспектакль, концерт жана мамлекеттик жыйындарды берген.

Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында радио жаңы форматта иштөөгө өтүп, жаңы программалар ишке кирип, уктуруулар коомдук-саясий, коомдук-экономикалык өзгөрүүлөргө жараша жасалган
Азыр Улуттук телерадио корпорациясында "Биринчи радио", "Кыргыз радиосу", "Миң кыял FM" өз ишин улантууда.