ЖМК: Түркия Финляндия, Швециянын НАТОго кириши үчүн санкцияларды алууну талап кылууда

© AFP / BIROL BEBEKТүркиянын улуттук желеги
Түркиянын улуттук желеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Жазылуу
Анкара Стокгольм менен Хельсинки 2019-жылы ЕБдин башка мүчө мамлекеттери менен кошулуп киргизген куралды экспорттоого койгон чектөөсүн алышы керек деп эсептейт.
БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго киришин колдошу үчүн аларды F-35 истребителдерин сатуу программасын кайтарууну, андан сырткары россиялык С-400 системаларын сатып алуу боюнча санкцияны жокко чыгарууну талап кылып жатат. Бул тууралуу РИА Новости Блумберг агенттигине шилтеме кылып жазды.
АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс мурдараак Түркия аталган эки өлкөнүн Түндүк атлантикалык альянска кириши үчүн кандайдыр бир талаптарды койбогондугун айткан эле.

"Түркия кайрадан F-35 учактарынын программасына катышууну көздөйт, алар аталган программадан ракетадан коргонуучу С-400 системасын сатып алгандан кийин чыгарылган эле. Андан сырткары, Түркия АКШ алардын С-400 ракеталарын сатып алганы үчүн салынган санкцияны алып салуусун каалайт", — деп айтылган маалыматта.

Түркиянын Америкадан аскердик ондогон F-16 учактарын жана жаңылоочу комплекттерин сатып алууга ниеттенип жатканы айтылды.
Агенттиктин маектешинин айтымына караганда, Анкара Стокгольм менен Хельсинки 2019-жылы ЕБдин башка мүчө мамлекеттери менен кошулуп киргизген куралды экспорттоого койгон чектөөсүн алышы керек деп эсептейт. Мындан сырткары, түрк бийлиги аталган эки өлкө Күрдстан жумушчу партиясын эле эмес, ага байланышкан уюмдарды да сынга алышы керек.
Түркиялык маалымат булактары Анкара Швеция менен Финляндиянын НАТОго киришине карата позициясын Түндүк Европа мамлекеттери күрд топтору жаатында түрк бийлиги менен тилектешпиз деген тейде коомчулуктун алдында билдирүү милдеттенмесин алмайын өзгөртөт дегени "акылга сыйгыс нерсе" экенин айтышты.
НАТОнун эмблемасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.05.2022
Путин НАТО геосаясаттын алкагынан чыгып бара жаткандыгын айтты
АКШ мындан мурдараак Түркияны жаңы F-35 истребителдерин берүү программасынан чыгарганын, буга Анкаранын россиялык С-400 системасын сатып алганы себеп экендигин айтып, расмий билдирүү жиберген.
Штаттар Түркия менен F-35 боюнча биргелешкен меморандумду жокко чыгарып, ал боюнча жети долбоорлоо-өнөктөшү — Улуу Британия, Италия, Нидерланддар, Австралия, Дания, Канада жана Норвегия менен сүйлөшүп алышкан.
Түркиянын президент Режеп Тайип Эрдоган бул кырдаалдан кийин АКШнын башка истребителдерди сатып алуу, бирок бешинчи эмес, төртүнчүсү муундагысы — F-16 тууралуу айткан. Бул маселени АКШнын конгрессинде макулдашуу керектигин, мамлекеттик департамент бул маселе боюнча конгрессчилерди аталган келишим "Вашингтондун кызыкчылыгы үчүн" деп ынандырууга аракет кылып жатканы айтылды.
Кечээ Швеция менен Финляндия Түндүк атлантикалык альянска кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат таратты. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен Италия нааразылыгын, Түркия каршы экендигин билдирген.
Эскерте кетсек, Стокгольм менен Хельсинки көп жылдык нейтралдуулуктан баш тартып, НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгү боюнча кеп кыла баштаган эле. Альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг бул мамлекеттер аскердик блокко кирүүнү кааласа НАТО аларды тез кабыл алууну камсыздай турганын билдирген. АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Жулиан Смиттин айтымында, уюм Швеция менен Финляндия жакынкы айларда же жумада альянска кирүү боюнча өз алдынча чечим чыгарат деп күтүүдө. Ал Кошмо Штаттар бул мамлекеттердин НАТОго кошулуу чечимин колдой турганын кошумчалаган.
Россия эки өлкөнүн НАТОго кошулушун колдобойт. РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев эгер бул нерсе ишке аша турган болсо, чек араны бекемдөөгө туура келерин айткан. Себеби альянстын Россия менен болгон кургактагы чек арасы эки эсе узаргандыктан Москва НАТОнун агрессивдүү аракеттерине даяр турушу керек болот.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто жана Швециянын тышкы иштер министри Анн Линде менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.05.2022
Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине Россия кандай карайт? Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0