Зейнеп Шакееванын кызы: "балдарын таштап кетти" деп ушак тараткандар болгон

© Sputnik / Асель СыдыковаКРдин эл артисти, белгилүү ырчы Зейнеп Шакееванын кызы Раушан Белекова
КРдин эл артисти, белгилүү ырчы Зейнеп Шакееванын кызы Раушан Белекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Жазылуу
Жаштыкты эске салып, сүйүүнүн шоокумун тартуулаган "18 жаш", "Чагылган" ырлары менен таанылган КРдин эл артисти Зейнеп Шакееванын шыңгыраган үнүн эшитпеген кыргыз болбосо керек. Ырчынын "Күн чыгышым", "Фрунзе кечи", "Чабанга", "Элмира" аттуу ырлары да популярдуу болгон.
Sputnik Кыргызстан редакциясынын "Туяк" рубрикасында КРдин эл артисти, белгилүү ырчы Зейнеп Шакееванын кызы Раушан Белекова болду.
— Апаңыз 1949-жылы согуш бүткөндөн кийин төрөлүп, балалык кези оор өтсө керек?
— Апам Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мугалим менен тарбиячынын үйүндө туулган. 4 бир тууганы кичинесинде эле чарчап калып, Гекин апам (эжеси) экөө эле калат. Таятабыз согушка барып, жаракат алып келген экен. Ал 4 баласынан айрылып, байбичеси экөө өтө кайгылуу күндөрдү баштан кечиришкен. Бирок илгерки адамдар абдан сабырдуу болуптур. Согуштун токтогонуна каниет кылышып, турмушун улаган. Апам абдан тырышчаак, тың кыз болуптур. Кичинесинде эле окуйм деп мектепке барыптыр. Партада уктап калса атасы жонуна көтөрүп келип, ою менен болуп өстүргөн.
Апабыз кичинесинен эле ырдаганды жактырчу. Кийин жогорку окуу жайына өтпөй калып, филармонияда сынак болуп жатканын угуп калат дагы "Элмира" деген ырды аткарып өтүп кетет. Ал ыры да популярдуу болгон. Ошентип айылына келип сүйүнчүлөп, Асанкан Жумакматовдун жетекчилиги астындагы оркестрде ырдай турганын айтканда таятам каршы болбоптур. Анткени Жумакматовду жакшы таанычу экен. Ошону менен ырдап калган.
© Фото / из личного архива Зейнеп ШакеевойЖаштыкты эске салып, сүйүүнүн шоокумун тартуулаган "18 жаш", "Чагылган" ырлары менен таанылган КРдин эл артисти Зейнеп Шакеева
Народная артистка Кыргызстана Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Жаштыкты эске салып, сүйүүнүн шоокумун тартуулаган "18 жаш", "Чагылган" ырлары менен таанылган КРдин эл артисти Зейнеп Шакеева
— Негизи ал убакта кыз кишинин ырчы болушуна ата-энеси эле эмес, бүтүндөй айыл каршы болгон дешет...
— Таятабыз ырга шыктуу, өнөрлүү, музыкага жакын адам болгон экен. Эр жеткенде "мен ырдайт элем" деп чыкса бир туугандарынын баары "өзүң жигит болсоң, эркек башың менен кантип артист болосуң?" деп каршы чыгышат. Ошондон улам кызынын чыгармачылыгына тоскоол болгон эмес. Анын үстүнө айылдашы Асанкан Жумакматовдун кол астына барып жатпайбы.
— Атаңыз менен апаңыз кандайча таанышып калган?
— Экөө коңшулаш айылдан болушат. Атам апамды абдан жактырып калган экен. Ырдаганына да кызыкса керек. Апамды атамдын ооруп жаткан аяш апасын каза болуп калды деп алдап, чогуу көз көрсөтүп келмекке болбой машинага салып алышат. Үйүндөгүлөр деле эч нерсе билбептир. Атам аларга айтпай эле досторунун күүсү менен ала качып келген. Ошентип кар бапылдап жаап турган февралда үйлөнүшүп, эки айдай элдин аягы үзүлбөй, күндө кой союшканын апам эскерип калат.
— Убагында эжени деле ар кандай сөздөр ээрчисе керек?
— Апама артисттерден Гульчехра Валиуллина абдан жакшы кеңештерин берип, сиңдисиндей мамиле жасаптыр. Дагы бир кызык окуя атамдын аталаш Шайым деген эжекеси бар болчу. Азыр ал кишинин көзү өтүп кетти. Бизге жакын жашачу. Апамды үйүнө көп чакырчу. Анткени апам камырды сонун жайып, камыр тамактарды укмуш жасаган. Ошентип бир күнү эжемдин үйүндө апам тамак жасап калып, Шайым эжебиз дүкөнгө азык-түлүк алганы барат. Кезекте турган аялдардын "Зейнеп Шакеева күйөөсүн, балдарын таштап башка бирөөгө тийип кетиптир" деп сүйлөшүп жаткандарын угуп, "Ай, силер кимиси болосуңар? Мына мен кайнежесимин. Азыр үйүмдө лагман чоюп жатат. Боюнда да бар. Жүрү, барып көргөзөйүнбү" деген экен. Ошону апамдар көпкө айтып күлүп жүрүштү. Апам таланттуу, сулуу болгондуктан көп эле ушак ээрчиген.
© Sputnik / Асель СыдыковаБелекова: апам Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мугалим менен тарбиячынын үйүндө туулган
Руководитель отделения Интерконнект Кыргызтелекома Раушан Белекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Белекова: апам Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мугалим менен тарбиячынын үйүндө туулган
— "18 жаш" аттуу ырды кандайча аткарып калганынын тарыхын билесизби?
— Кыргызстанды кыдырып артисттер менен гастролго чыгарда айтылуу Аксуубай Атабаев келип, "18 жаш" аттуу ырын апама ырдатып көрөт. Анан дароо эле жактырып, жаздыртышат. Ошону менен ушул ырдын багы ачылып, элдин уучу-кыйырына таанылган. Бирок ал кезде апам жаңы эле мектепти бүткөн 17 жаштагы кези болгондуктан 18 жаштын кадырын деле сезбей аткарып койгон экен. Негизинен апам абдан тартынчаак, уяң. Популярдуу болуп турган кезинде деле ага маани бербесе керек. Дайыма карапайым жүрдү.
— Апаңыздын аткаруусундагы Какен Алмазбековдун сөзүнө жазылган Аксуубай Атабаевдин "Чагылган" аттуу ыры да элге жакшы сиңип кетти. Өзү кайсы ырын жакын көрчү эле?
— Эми ырлары деле баласындай болуп калат окшойт да. Апама сөзү жакса эле аткара берген. Кээде жаш ырчылардын сөздү бузуп, бурмалап ырдаганын угуп "сурап, тактап ырдабайбы, неге минтип ырдашат" деп кейип калат. Азыр бардык ырчылар менен тең мамилеси жакшы. Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова, Майрамбек Осмонов, Абидин Темиров жана Гүлнур Сатылганованы абдан жакшы көрөт. Апам "ырчынын бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт" деп көп айтат. Айрым адамдар ырчыларды берерге ашын таппай сыйласа, кээ бирлери "бул ким болуп кетиптир" дегендей мамиле кылып коёт. Ошонун баарын башынан өткөргөн үчүн апабыз маданият адамдарына жакшы мамиле жасап, сыйлайт.
© Sputnik / Жоомарт УраимовБелекова: атам апамды абдан жактырып калган экен. Ырдаганына да кызыкса керек. Кийин ала качып үйлөнүптүр
Народная артистка Кыргызстана Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Белекова: атам апамды абдан жактырып калган экен. Ырдаганына да кызыкса керек. Кийин ала качып үйлөнүптүр
— Канча бир туугансыз?
— Ата-энем беш балалуу болушкан. Мен төртүнчүсүмүн. Сиңдим экөөбүз гастролго чыкпай калганыбыз менен, улуу ага-эжелерибиз апамды кошо ээрчип жүрүп эле чоңойгон экен. Анан үйдө балдарды карай турган деле киши жок окшойт, артисттердин көбү жаш балдарын чогуу ээрчитип алчу экен. Агам Азат абдан тентек, сөз укпаган бала болуптур. Ал кезде деле кийим тартыш. Чет жакка чыкканда ала келген кийимдерин апам баласына үтүктөп, зыңкыйтып кийинтип коёт. Анан байкем: "апа, тетиги машинаны сатып бербесең, азыр ылайга барып оонайм", - деп коркутуп, далай оюнчугун алдыртыптыр. Концерт учурунда байкем менен Актан байке (Исабаев — ред.) бассейнге түшүп кетип, ата-энелери экөөнү издеп жүрүп араң тапкан экен.
— Кийин ырдабай калганда эмне менен алек болду?
— Апам өмүрүн чыгармачылыкка жана балдарына эле арнады. Көбүнчө бизди чоңойтуп, окутуу менен алек болду. Мындан беш жыл мурда кырсыктап эки омурткасы сынган. Кийин тайып жыгылып кетип, акыреги да ооруксунуп калган. Ошол себептен операция болуп, ооруканага жатып дарыланып жүрдү. Беш жылдай дарыланды. Азыр аба ырайы бузулса эле сөөктөрү ооруп калат. Анан да азыр жаш энелер өзүбүздү караганды үйрөнүп калдык. Мурунку апаларда андай жок болчу. Эсимде биз кичине кезде атабыз эртең менен саат 7де жумушка кетип, кечинде 9-10до келчү. Анан апам беш бала менен үйдүн түйшүгүн жалгыз тартып, ал аз келгенсип, ишемби күнү эртең менен автобекетке барып айылга кетчүбүз. Айылдан абысындарына жардам берип, чоң атамдын үйүн актап-сырдап, бирде таятамдыкына барып кечке жардам берип, кайра жекшембиде чарчап кечинде үйгө келчүбүз. Дүйшөмбүдө кайрадан иш, окуу. Бала кезибиз ошентип өткөн. Азыр апабызды аяп турабыз.
© Sputnik / Асель СыдыковаБелекова: ата-энем беш балалуу болушкан. Мен төртүнчүсүмүн. Сиңдим экөөбүз гастролго чыкпай калганыбыз менен, улуу ага-эжелерибиз апамды кошо ээрчип жүрүп эле чоңойгон экен
Руководитель отделения Интерконнект Кыргызтелекома Раушан Белекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2022
Белекова: ата-энем беш балалуу болушкан. Мен төртүнчүсүмүн. Сиңдим экөөбүз гастролго чыкпай калганыбыз менен, улуу ага-эжелерибиз апамды кошо ээрчип жүрүп эле чоңойгон экен
— Эже баласаакпы?
— Ооба, улуу балдарына аябай болушчу экен. Мен сиңдимден беш жаш улуу болгондуктан аны карап, көтөрүп бакчумун. Болушуп да турчумун. Ошол себептен мага ишендиби бизди аябай кайтарып күйпөлөктөгөн жок. Бирок дайыма балдарын таза, тыкан кийинтип, курсагын кампайта тойгузуп жакшы караганын айтышат. Азыр кичүү сиңдимдин жанында көп болот. Неберелерин аябай жакшы көрөт.
— 70 жаш кутман куракка жакындап калганда "Эл артисти" наамын алды. Кеч берилгенине нааразы болгон жокпу?
— Албетте сүйүндү. Бирок кичине эртерээк берилсе мындан да кубанмак болушу керек. Айтор, "эртеби-кечпи сыйлык ээсин табат" дегендей болду окшойт. Мындан беш-он жыл мурун берилсе юбилейлик концерт берет белек. Азыр деле берели дейбиз, бирок эл алдына чыккандан кийин бир аз кыйналып калат. Ден соолугу туура келбей жатат. Анын үстүнө өзүнүн да көңүлү жок.
Кыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2017
Зейнеп Шакеева: менин бактыма Түгөлбай акжолтой болду окшойт
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, КР эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Дүйшөн Байдөбөтовдун кызы Жибек: атам акыркы жылдары театрды сагынып жашады
Жаңылыктар түрмөгү
0