Зейнеп Шакеева: менин бактыма Түгөлбай акжолтой болду окшойт

© Фото / из личного архива Зейнеп ШакеевойКыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева
Кыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле президент Алмазбек Атамбаев эмгеги сиңген айрым өнөрпоздорго "Эл артисти" наамын ыйгарды. Алардын арасында жаштыгыңды эске салып, кусага байлаган "18 жаш", сүйүүнүн шоокумун тартуулаган "Чагылган" ырлары менен белгилүү ырчы Зейнеп Шакеева да бар.

68 жаштагы КРдин Эл артисти, обологон бийик үндүн ээси Зейнеп Шакеева менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

© Фото / из личного архива Зейнеп ШакеевойЗейнеп Шакеева "18 жаш", "Чагылган" аттуу ырлары менен белгилүү
Народная артистка Кыргызстана Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Зейнеп Шакеева "18 жаш", "Чагылган" аттуу ырлары менен белгилүү

— Зейнеп эже, өнөр адамдарына ыйгарыла турчу бийик сыйлыкка ээ болушуңуз менен куттуктайм. Сыйлык ээсин убакыт-саатында эле таптыбы?

— Мындан эртерээк деле болсо жакшы болмок. Жашыбыз жетимишке чукулдап калды. Кээде сахнада балаңдай болгон эмгек сиңирген артисттер менен тең тайлашкандан тартынат экенсиң. Маданият министрлигине бир нече жолу документ жиберилген. Кийин кайрадан документтерди жаңыртканы барганда тиешелүү тараптарга жетпей эле чаң басып жатканын көрдүм. Бул жолу Түгөлбай мага акжолтой болду окшойт. Талантымды баалаган элиме, өлкө башчыга, Маданият министрлигине ыраазычылык.

— Башка темага өтө электен мурун ден-соолук сурашып алалы. Маекке чакырып байланышканымда бейтапканада жүрөм деп калдыңыз?

Известный режиссер и продюсер Ырыс Окенова - Sputnik Кыргызстан
Ырыс Окенова: казак туугандардын киноөнөрүбүз боюнча айткандарына намыстандым...
— Бир четинен сахнага сейрек чыгып калганымдын себеби стресс болсо керек. Балким чыгармачылык менен алпурушпасам мындай болбойт беле деп ойлоп коем. Чыгармачыл адам катары ар бир нерсени жүрөгүңө жакын кабыл аласың, ар бирине ойлоносуң. Маселени үстүртөдөн карап, анча-мынча сөзгө көп маани бербегендерден эмесмин. Анын үстүнө жашың өткөн сайын көңүлүң гүл сымал болуп калат экен. Жаш кездегидей курчтук жок.

— Акыркы жолу качан жаңы чыгарма аткардыңыз?

— Ырдын сөзү менен обону туура келбесе ырдай албайм. Авторлор менен иштеше элегиме көп болду. Барган жерден элдин баары эле "18 жаш", "Чагылганды" ырларды суранышат. Бирок башка да чыгармаларым арбын.

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗейнеп Шакеева: ырдын сөзү менен обону туура келбесе ырдай албайм. Авторлор менен иштеше элегиме көп болду. Барган жерден элдин баары эле "18 жаш", "Чагылганды" ырларды суранышат. Бирок башка да чыгармаларым арбын
Народная артистка Кыргызстана Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Зейнеп Шакеева: ырдын сөзү менен обону туура келбесе ырдай албайм. Авторлор менен иштеше элегиме көп болду. Барган жерден элдин баары эле "18 жаш", "Чагылганды" ырларды суранышат. Бирок башка да чыгармаларым арбын

— Калың элге тааныткан ырлар дал ушул эки ыр болсо керек?

— 1967-жылы обончу Аксуубай Атабаев "Чагылган" аттуу ырды сунуштаган. Ал ырга катар "18 жаш", "Таалайбек" деген ырды бир күндө жаздырып гастролго чыгып кеткенбиз. Келсек эле эл оозуна алынып калыптырбыз. Репертуарымда оркестрге салынган "Күн чыгышым", "Фрунзе кечи", "Чабанга", "Элмира" аттуу ырлар популярдуу болгон. Кудайга шүгүр, чыгармачылыгым бийиктен эле башталды.

— Учурда жаштар чыгармаларыңызды аткарып жүрүшпөйбү. Чеберчиликтерине кандай баа бересиз?

Народный артист СССР Самара Токтакунова - Sputnik Кыргызстан
Самара Токтакунова: жоолукту үчүнчү ирет башыман алып салаарда кемпир колдон алды
— Ырдайм дегендерге каршы эмесмин. Ар бир ырчынын аткаруу чеберчилиги өзгөчө. Жаштардын бир жакпаган жери — ырдын сөзүнө маани бербегендигинде. Мурун бизде көркөм кеңеш ырларды иргеп, анан алтын фондго өткөрүлгөндөн кийин телерадиого берүүгө уруксат эле. Азыр жеке студиялардан өз каалашынча жаздырып жатышат. Автордун көзү жок болсо да чыгармаларын сыйлап, сөзүн бурмалабай ырдашсын. Анан күрмөнүн ичинде дегенди "түрмөнүн ичинде" деп ырдагандары туура эмес,

— Чыгармачылыгыңыздагы кризис, тыным алуу убактысы кайсыл жылга туш келди?

— Союз таркаган маалда чыгармачылык эмес, жашоо өзү кыйын болуп калды. Кичүү кызым төрөлдү, жумушсуздук да күчөдү. Кийин жолдошум узак оорудан каза тапты. Адамгерчиликтүү, жакшы адам эле. Сонун да ырдачу. Андан кийин эл катары бутка турдук, чыгармачылык да жандана баштады.

© Фото / из личного архива Зейнеп ШакеевойЫрчы Зейнеп Шакеева эки уул, үч кыздын апасы. 13 небере жана эки чөбөрөсү бар
Народная артистка Кыргызстана Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Зейнеп Шакеева эки уул, үч кыздын апасы. 13 небере жана эки чөбөрөсү бар

— Чыгармачылык кече, концерт өткөрүп күйөрмандарыңызды сүйүнтөйүн деген планыңыз барбы?

— Концерт берүүгө каражат, күч керек. Күйөрмандарыбыз биздей куракка келип калды. Учурда бала-бакырам менен бактылуумун. Жолдошум экөөбүз эки уул, үч кыздуу болгонбуз. Бардыгы турмуштан ордун тапты. 13 неберем, эки чөбөрөм бар. Буюрса, менде баары жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0