Дүйшөн Байдөбөтовдун кызы Жибек: атам акыркы жылдары театрды сагынып жашады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, КР эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун архивдик сүрөтү
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, КР эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
"Мен — Тянь-Шань" фильминдеги Илиясты, "Акбаранын көз жашы" тасмасындагы Базарбайды билбеген кыргыз жок. Дүйшөн Байдөбөтов трагедияны да, комедияны да ийине жеткире ойногон чыгармачылык чабыты кенен талант эле.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында конокто Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, КР эл артисти Дүйшөн Байдөбөтовдун кызы Жибек Байдөбөтова болду. Актёр көзү тирүү болгондо быйыл 73 жашка чыкмак.
© Sputnik / Асель СыдыковаДүйшөн Байдөбөтовдун кызы Жибек Байдөбөтова: атам чыгармачылыкты, театрды тандап, мектепти бүтөр замат эле Алай театрына кеткен экен. Кийин Москвадагы Луначарский атындагы ГИТИСке Борбордук Азия боюнча тандоо жүрүп, атам сынактан өтүп кетет.
Дочь артиста Дуйшона Байдоботова Жибек Байдоботова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Дүйшөн Байдөбөтовдун кызы Жибек Байдөбөтова: атам чыгармачылыкты, театрды тандап, мектепти бүтөр замат эле Алай театрына кеткен экен. Кийин Москвадагы Луначарский атындагы ГИТИСке Борбордук Азия боюнча тандоо жүрүп, атам сынактан өтүп кетет.
— Атаңыз ата-энесинен эрте калган экен. Өтө боорукердиги да ошондон болгон го...
— Атам өзү Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулуп-өскөн. Чоң атабыз кезинде манап болгон экен. Атамды картайган кезинде көргөндүктөн кичинесинде Картаңбай деп тергешиптир. Чоң атабыздын төрт аялы болуп, атамды төрөгөн чоң апабыздын аты Жибек экен. Атам менин ысымымды апасынын урматына койгон. 10-12 жашында эле ата-энесинен ажырап калгандыктан улуу агасы Мелистин колунда тарбияланат. Ал киши атасынын да, апасынын да ордун басат. Өзү чабан болгондуктан инисин да чабан кылам деп ойлоптур. Бирок атабыз чыгармачылыкты, театрды тандап, мектепти бүтөр замат эле Алай театрына кеткен экен. Кийин Москвадагы Луначарский атындагы ГИТИСке Борбордук Азия боюнча тандоо жүрүп, атам сынактан өтүп кетет. Бирок Мелис атабыз артисттин кесибин жактырбай, окууга өткөндөрдүн арасынан атамдын фамилиясын көрүп кабагын чытып коёт. Бирок кийин жараткан ролдорун көрүп, агасы ыраазы болгон дешет. Сахнага чыкканда атам ар бир ролду жан дили менен ойноп, толгонуп, жүрөгүнөн өткөрчү.
© Фото / Александр ФедоровЖибек Байдөбөтова: Атам менен апам экөө классташ. Кичинесинен бир партада да отурушкан.
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жибек Байдөбөтова: Атам менен апам экөө классташ. Кичинесинен бир партада да отурушкан.
— Ооба, чынында эле абдан таланттуу инсан эле. Атаңыз 19 жашында эле үйлөнгөнүн айтышат. Кандайча эрте үйлөнүп калыптыр?
— Апам экөө классташ. Кичинесинен бир партада да отурушкан. Атам аябай тентек болгондуктан апамдын бут кийимин булгап, тийишип, апам болсо мугалимге эле даттана берчү экен. Ошентип экөө кичинесинде эрегишип, бири-бирин жаман көрүп уруша беришет. Бирок бой тартканда баары өзгөрөт. Классташтар акыркы коңгуроону апамдын үйүндө өткөрүүнү чечишип, анан эшикте сейилдеп жүргөндө атам апама сезимин билдирген экен. Андан кийин атам Алайдагы элдик театрга ишке орношуп, апам болсо Фрунзедеги опералык студияда окуп калат. Телефон жок болгондуктан байланыш да үзүлөт. Анан бир жылдан кийин эле атам кайрадан пайда болуп, "мен Москвага окууга кетип жатам. Экөөбүз үйлөнөлү. Мен келгиче сени ала качып кетишет" деп колун сурап, апам макул болуп экөө үйлөнүп калышат. Атам анан каникул сайын келип-кетип жашап жүрүшүп, эки байкем жарыкка келет. Мен болсо кийин төрөлгөм. Атам окууну бүтүп келип театрга киргиче апам балдарды өзү жалгыз чоңойтуптур.
© Фото / из семейного архива БайдоботовыхЖибек Байдөбөтова: атам көчөдөн тааныбаган балдарды деле эркелете берер эле. Сыртта жүргөндө элдин баары менен учурашчу. Бардыгы менен сылык эле. Сөгүнгөндү абдан жаман көрчү.
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жибек Байдөбөтова: атам көчөдөн тааныбаган балдарды деле эркелете берер эле. Сыртта жүргөндө элдин баары менен учурашчу. Бардыгы менен сылык эле. Сөгүнгөндү абдан жаман көрчү.
— Агай ар кандай ролдору менен экран аркылуу элдин жүрөгүнөн орун тапкан. Негизи мүнөзү кандай эле?
— Ата, жубай, дос катары өтө мээримдүү, кичи пейил адам болчу. Улуу-кичүүгө бирдей сый мамиле жасачу. Көчөдөн тааныбаган балдарды деле эркелете берер эле. Сыртта жүргөндө элдин баары менен учурашчу. Бардыгы менен сылык эле. Сөгүнгөндү абдан жаман көрчү. Урушуп, каарын төгүп, апамды урушканын да көргөн эмесмин. Жумушта деле кесиптештери менен ушундай жылуу мамиледе болуптур. Кээде апам экөөнүн сүйлөшкөнүн деле угуп каласың да. Негизи театрда интригалар көп болчу. Анан апам "ушундай кантип болсун" деп туталанса, "ай, байбиче, аны эмне кыласың, жөн койчу" деп кол шилтеп койчу. Ушунчалык жоош, ак көңүл, жумшак эле. Ушу жашка келип атамдай адамды жолуктура элекмин. Кээде өзүнөн деле "ата, эмнеге ушундайсыз?" деп сурачумун.
— "Мен — Тянь-Шань", "Акбаранын көз жашы" өңдүү тасмаларда терс каармандын ролун жаратат эмеспи. Албетте, алардын да өз чындыгы бар. Сиз ошол кинодон алгач атаңызды көргөндө таң калган эмес белеңиз?
— Чынында мен кичинемден театрда чоңойдум. Спектаклдерде кээде кичине балдардын ролун жаратып, концерттерде ырдап калчумун. Базарбайдын ролун көргөндө, тескерисинче, атама баа бердим. Негизинен дайыма оң каарманды ойночу. Базарбайды көргөндө талантына, жеткире, ишендире аткарганына таңдандым. Образды ушунчалык жеткиликтүү ойногон. Убагында көрүүчүлөр ишенчү. Бир жолу айылга мейманга барса жанында отурган аял "сизди жаман көрөм, момундай кылгансыз" деп фильмдеги эпизоддорду айткан экен, анан атам күлүп, ал жөн гана кино экенин түшүндүрүп бериптир.
— Сиз жогоруда ата-энеңиздин урушканын эч качан көрбөгөнүңүздү айттыңыз. Дүйшөн Байдөбөтов жашында абдан жакшынакай, жылдыздуу болгондуктан көп кыз-келиндер ашык болгонун айтышат. Кызганычтар болгон эмеспи?
— Андай кызгануу болгон эмес. Апам өз маектеринде деле "бул деген чыгармачылык, анын иши" деп айткан. Апам дайыма атама ишенип, талантын сыйлап, колдоо көрсөтүп турчду. Экөө дайыма спектаклге бирге даярданчу. Апам сценарийди кошо окушуп, атам роль жаратууда бир нерселерди ойлоп таап, сөздөрүн жаттап, образга кирип даярданчу. Апамдын да кеңешин укчу. Театрда да апам режиссёрдун жанында отуруп алып атамдын ойногондорун карап, үйгө келгенде экөө аны талкуулашар эле. Эч качан экөөнүн ызы-чуусун көргөн эмесмин. Апам балдарын карап, үйдү таза кармап, баарын өз орду менен иреттеп койчу. Атам иштен келип эс алып, анан кечинде дайыма балдарына образга кирип, ар бир каармандын үндөрүн туурап укмуш сонун жомок айтып берер эле. Мен анын баарын көз алдыма элестетип, ишенип укчумун. Атам жөнүндө сонун эскерүүлөр сакталып калды.
— Устаттары катары кимдерди баалачу эле?
— Муратбек Рыскуловду жана Советбек Жумадыловду баалачу. Актёр Мукамбет Токтобаев менен курсташ, дос болчу. Деги эле булардын курсу күчтүү чыкты, анан абдан ынтымактуу, бири-бирин колдоп турар эле. Премьераларына сөзсүз барышчу. Ушул кишилер менен аралашып, алардын балдары менен ойноп эле чоңойдук. Театрга барганда белгилүү актёрлор "сенин кызыңбы" деп эркелетип да калышчу. Ал кишилер мага ата-энемдей эле көрүнөт. Убагында бир нанды бөлө жеп, бир дасторкондон даам сызып жашаганбыз.
© Фото / Александр ФедоровЖибек Байдөбөтова: Базарбайдын ролун көргөндө, тескерисинче, атама баа бердим. Негизинен дайыма оң каарманды ойночу. Базарбайды көргөндө талантына, жеткире, ишендире аткарганына таңдандым. Образды ушунчалык жеткиликтүү ойногон.
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жибек Байдөбөтова: Базарбайдын ролун көргөндө, тескерисинче, атама баа бердим. Негизинен дайыма оң каарманды ойночу. Базарбайды көргөндө талантына, жеткире, ишендире аткарганына таңдандым. Образды ушунчалык жеткиликтүү ойногон.
— 1990-жылдар театр үчүн да оор болгон. Актёрлор да материалдык жактан абдан кыйналышты. Сиздердин үй-бүлө бул кырдаалдан кантип өттү?
— Ошол убакта баарыбызга эле кыйын болду. Бирок кийин тойлор акырындап кафеде өткөрүлүп, тамада деген түшүнүк келип чыкты. Атам кечке театрда иштейт, кечинде сумкасына смокингин, микрофонун салып той алып барганы кетип, түндө келет. Кээде кечинде дубляжга жөнөйт. Радиого да дайыма барчу. Ошентип тынымы жок иштеп жатып бизди чоңойтту, баарыбызга үй алып берди. Ак эмгеги менен буттан турду.
— Агай берген маектеринин биринде агаңыз каза болгондон кийин алсырап кеткенин айткан. Инсульт кармаганга чейин башка да өнөкөт оорулары бар беле?
— Кант диабетинен жабыркачу. Дайыма табы менен жүрүшү керек эле. Кээде ойлонуп калса башы ооруп кеткени болбосо, негизинен ден соолугу абдан жакшы болчу. Тойго барганда эт, чучук, бешбармак жеп койчу. "Ата, сизге болбойт" десек, "кызым, мен жебей коё албайм, жешим керек" дечү. Анан канты көтөрүлүп кетип, ооруканага жатып чыкканда апам табы менен тамак жасап берсе эле башы шылкыйып отуруп калат. Анан апам "эмне болду" десе "э-эк, алдагыны коюп, жакшыраак тамак жасап берчи" дейт. Эттүү тамак жебесе ыраазы болчу эмес. 2015-жылы улуу агам каза болуп, андан кийин эле Мукамбет Токтобаев ата кырсыктап көз жумду. Ошондо атам абдан катуу кайгырып, кейиди. Эки-үч күндөн кийин эле оң колу көтөрүлбөй, оорлошуп, башы салмактанып жатканын айтты. Бейтапканага барса микроинсульт деп жаткырып коюшат. Он күн дарыланып чыккандан кийин экинчи байкем ийне терапиясына алып барып жаткан. Анан бешинчи күн дегенде экинчи жолу инсульт алды. Ал күнү эртең менен ооруканага мен алып бара жаткам, жолдо тили чулдурай баштаганда дароо ооруканага жөнөдүм. Дароо эле палатага жаткырышты. Анда да көпкө дарыланып, ооруканадан өзү басып чыкты. Бирок тили кичине так болбой калыптыр. Ошондо да театрды таштаган жок. Достору менен жолугуп, апам экөө шеринелерге барып жүрүштү. Бир да күн үйдө төшөктө жатып калган жок. Өзү даттанганды жаман көрчү. Жаны кыйналып жатса да айтчу эмес. Кээде башын жерге салып отуруп калганда жанына барып "ата, эмне болду" деп сурасам, сыр бербей "кызым, жөн эле" деп гана коёт. Театрды сүйчү. Ал киши үчүн сахна жөн эле барып роль жаратып коюу эмес, анын жашоосунун маңызы эле. Ооруп жүргөндө журналисттерге театрын сагынганын айтып маек бериптир. Спектакль ойногон кездерин, театрын сагынып жашады, бирок билдирчү эмес.
Каза болорго жакын мага көп деле эч нерсе айткан жок. Бирок байкеме "туугандарың менен катыш, айылга көп барып тургула" деген акыл-кеңештерин кайра-кайра айтыптыр. Атам негизи айылды абдан жакшы көрүп, көп каттачу. Биз болсо шаарда өсүп калып анчалык тууганчыл болбой калдык. Атам дайыма "баары бир жакшылык-жамандыкта тууган керек" деп айтчу.
© Sputnik / Табылды КадырбековЖибек Байдөбөтова: Муратбек Рыскуловду жана Советбек Жумадыловду баалачу. Актёр Мукамбет Токтобаев менен курсташ, дос болчу. Деги эле булардын курсу күчтүү чыкты, анан абдан ынтымактуу, бири-бирин колдоп турар эле.
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жибек Байдөбөтова: Муратбек Рыскуловду жана Советбек Жумадыловду баалачу. Актёр Мукамбет Токтобаев менен курсташ, дос болчу. Деги эле булардын курсу күчтүү чыкты, анан абдан ынтымактуу, бири-бирин колдоп турар эле.
— Ата кызына жакын болот деп коёт го. Сизге жакын беле?
— Атам балдарынын баарын эле жакшы көрүп, бирдей мамиле жасачу. Бирок мени башкача аздектеп карачу эле. Кээде жумуштан кармалып же курбулар менен жолугуп кеч келсем, уктабай күтүп отурчу. Анын ортосунда бир нече ирет чалып да жиберчү. Үйгө келгенимде да "баары жакшыбы?" деп сурап, анан жатчу. Жаңы унаа айдап баштаганда рулга кышында отурдум. Жол тайгак. Ошондо да сарсанаа болуп күнүнө беш-алты жолу телефон чалар эле. Абдан камкор ата болчу. Кээде "ата, кайра-кайра чала бербечи, мен жумушта отурам, бош эмесмин" дечүмүн. Азыр "ошентип чала берсе гана" дейм. Ошол күндөрдү сагынам. Ошондо эмнеге ушинтип айттым экен деп кейип кетем...
— Азыр маданияттагы белгилүүлөрдүн көбү эле саясатка аралашып калышты. Атаңызды да убагында чакыргандар болгондур?
— Ал сөзсүз да. Чакыргандар болгон. Бирок атам саясатка аралашкысы келчү эмес. "Байке, бул жакка директор болбойсузбу, минтпейлиби" дегендер көп эле болчу. Бирок атам ага кызыкчу эмес. Кызматка барганда коррупция, кир акчага аралашып калышы мүмкүн. Аны көрүп эле жатпайбызбы. Атам өмүрүндө бирөөнөн ашыкча бир сом алган жан эмес. Саясатта жүрө алмак эмес. Театрда деле интригалар болчу. Бардык эле жерде ызы-чууну сүйгөн бир ууч адамдар болот. Бирок атам андайга жок болчу. Аралашчу да эмес.
© Фото / Александр ФедоровЖибек Байдөбөтова: Атам негизи айылды абдан жакшы көрүп, көп каттачу.
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жибек Байдөбөтова: Атам негизи айылды абдан жакшы көрүп, көп каттачу.
— Чыгармачыл адамдарды коомчулукта ак кол деп коюшат. Агай чарба иштерине кандай эле?
— Үй жумуштарына жок болчу. Ооба, жубайына, балдарына карамдуу болду. Бирок электр сайгыч күйүп же бир оокат бузулуп калса оңдочу эмес. Андай иштерди апам өзү эле бүтүрүп койчу. Кийин байкемдер чоңоюп колго алышты.
— Сиз театрдын ашканасында чоңойгонуңузду айттыңыз. Чыгармачылык жаатты тандап алсаңыз колдомок беле?
— Орто мектепти аяктап жатканда Москвадагы Михаил Щепкин атындагы театралдык окуу жайга тандоо туру жүрдү. Ошондо атама "барайынбы" десем, мени колдогон. Бирок апам "жалгыз кызымды эч жакка жибербейм" деп болбой койду. Атам дагы "бир чети актёр болуу оңой жумуш эмес. Аны менен жашашың керек. Маянасы аз" деди. Бирок каршы эмес эле. Чет тилдерди үйрөнүүгө шыгым бар эле, ошону менен башка кесип тандап кеттим. Ошентсе да спектаклдин табиятын сезип, бул жаатты кенен түшүнөм. Актёрдук шыгым да бар. Азыр театрда иштеген досторум көп. Ушул кезге чейин бул тармак менен байланышым үзүлгөн жок. Кээде "ошондо окуп келсем болмок экен" деп ойлоп коём.
Андан кийин улуу байкемдин кызы ырдап, ыр жаздырып, радиого да чыгып жүрдү. Кийин турмушка чыгып, ошону менен токтотуп койду көрүнөт. Азыр экинчи байкемдин кызы да чыгармачылыкка жакын. Мүмкүн ошол небереси чоң атасынын кесибин улантып калар.
© Фото / из семейного архива БайдоботовыхЖибек Байдөбөтова: Конокко барганда атам сүйлөгөндө элдин баары тынчып калчу. Күлкү, тамаша менен шарактап отургандар атам сүйлөгөндө тымтырс боло калганы мага абдан жакчу.
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жибек Байдөбөтова: Конокко барганда атам сүйлөгөндө элдин баары тынчып калчу. Күлкү, тамаша менен шарактап отургандар атам сүйлөгөндө тымтырс боло калганы мага абдан жакчу.
— Агайдын биз билбеген дагы кандай өнөрлөрү бар эле? Радиодо анын үнү брендге айланган, тамадалык да шыгы бар болчу экен...
— Атам комузда, домбурада ойночу. Ошто иштеп жүргөндө казактардын "Кара көз" пьесасы коюлду. Башкы ролдо Каракөздү Гүлайым Каниметова ойноду. Атам болсо Каракөздүн сүйгөнү Сырымдын ырчы досу болчу. Режиссёр атама сценарий боюнча сөзсүз домбура чертиши керектигин айтат. Ошондо бир жуманын ичинде үйрөнгөн. Үйгө домбура алып келгенден тарта күндө кечинде черте берип бат эле өздөштүрүп алды. Ошол спектаклдин бет ачары эми укмуш өттү. Атам да сахнада домбура менен сонун ырдады. Эл да эң жакшы кабыл алды. Анан тамадалык шыгы илгертен бери эле бар болчу. Конокко барганда атам сүйлөгөндө элдин баары тынчып калчу. Күлкү, тамаша менен шарактап отургандар атам сүйлөгөндө тымтырс боло калганы мага абдан жакчу. Анын ар бир сөзүн коноктор өзүнө сиңирип, кунт коюп угушчу. Анан куда тосууда кудаларды өзү эле тейлеп кетчү. Шаан-шөкөттү жакшы көрчү. Ошондой эле юморго жакын эле. Достору менен укмуш тамашалашып, азыркыча айтканда "пранк" жасап жиберишчү.
© Фото / из семейного архива БайдоботовыхЖибек Байдөбөтова: Ата-энеси жашаган жерге үй салып, айылга барып жашоону кыялданды. Пенсияга чыкканда барам деп калчу. Бирок оору менен алышып жатып эле тилегине жетпей калды
Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жибек Байдөбөтова: Ата-энеси жашаган жерге үй салып, айылга барып жашоону кыялданды. Пенсияга чыкканда барам деп калчу. Бирок оору менен алышып жатып эле тилегине жетпей калды
— Атактуу кишинин кызы болуу да абдан жоопкерчиликтүү. Чектөө болдубу?
— Негизи ата-энем мага жакшы тарбия беришти. Кыз деген зымырап, бир калыпта жүрүшү керек, чалчактаган кыз кишиге жарашпайт деп апам кулагыма куйчу. Атам деле ошондой ойдо болду. Кийин чоңойгондо тентек кыздарга кошулуп же дарегиме жаман сөз уккан учурум болгон жок. Эч кандай көйгөй жаратпай түз жүрдүм. Өзүмдүн мүнөзүм жоош, анан токтоо. 20 жашымда абдан тартынчаак болчумун. Азыр ачылдым. Бирок дагы деле баарын таразалап, шашпай токтоолук менен чечим чыгарам. Албетте, атамды уят кылып албоону дайым ойлочумун.
© Sputnik / Асель СыдыковаЖибек Байдөбөтова: Атам спектакль ойногон кездерин, театрын сагынып жашады, бирок билдирчү эмес.
Дочь артиста Дуйшона Байдоботова Жибек Байдоботова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.02.2022
Жибек Байдөбөтова: Атам спектакль ойногон кездерин, театрын сагынып жашады, бирок билдирчү эмес.
— Агайдын ишке ашырууга жетишпей калган пландары барбы?
— Атам башкаларга жардам берип жүрүп өзүн унутуп койчу. Көп кишинин иштерин да бүтүрүп берчү. Ал киши ата-энеси жашаган жерге үй салып, айылга барып жашоону кыялданды. Пенсияга чыкканда барам деп калчу. Бирок оору менен алышып жатып эле тилегине жетпей калды. Азыр ошол үйдү атамдын жаркын элесине арнап байкем салып жатат.
Азыр атам жок деп эсептебейм. Жанымда жүргөндөй сезилет. Кыйынчылык болгондо түшүмө кирип, кучактап "кызым" дегенсип коёт. Андан улам баары жакшы болорун түшүнөм. Адамды канчалык көп эскерсек, ал ошончолук жаныбызда жүргөндөй унутулбайт. Бир убакта атам менен жолугарымды билем. Ишенем...
Дочь известного акына-имправизатора Элмирбека Иманалиева, телеведущая Айзуура Иманалиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2022
Элмирбек акындын кызы Айзуура: атам менен апама берчү суроолорум жоопсуз калды...
СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева үй-бүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2021
Кайыргүл Сартбаеванын уулу: театрдагы интригалар апамды ыйлатып, жүрөгүн оорутчу
Жаңылыктар түрмөгү
0