Тил согушу. Украинада орус тилинин абалы кандай

© REUTERS / DARRIN ZAMMIT LUPIУкраинанын желегин көтөрүп турган адам. Архив
Украинанын желегин көтөрүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Жазылуу
Украинанын батышында улутчулдар качкындардан билген-билбегенине карабай украин тилинде гана сүйлөөнү талап кылууда. Орусча сүйлөө кооптуу болуп бара жатат. Мындай көрүнүштүн себептерин эксперттер Sputnik үчүн талдап беришкен.
Бир нече күн мурун Билим, маданият жана байланыш боюнча эл аралык институту "Львовская политехника" улуттук университетинин диаспорасы менен биргеликте убактылуу башка жакка жайгашкандарга кайрылуу жолдогон. Ага филология илимдеринин кандидаты, жогоруда аты аталган институттун илимий кызматкери Назар Данчишин кол койгон. Цитата келтирели: "Баш паанек үчүн ыраазычылыгыңарды кантип билдиресиңер? Украин тилинде сүйлөңүздөр, чала билсеңер да жок дегенде көчөгө чыкканда украинче сүйлөңүздөр".
Ушундай оор гуманитардык кырдаалда да львовдук улутчулдар украин тилинде сүйлөгөндөргө гана жардым көрсөтүүгө даяр.
Соцтармакта каргап-шилегенге чейин барып жатышат, көчөдө орусча сүйлөө кооптуу болуп калды. Украина ЖМКлары 100 жыл мурун Таганрог же Белгород Приазовье же Слобожанщинанын бөлүгү болгонун, "орус тилинин үстөмдүгүнөн улам" Россияга өтүп кеткенин жазышууда.

Чынында абал кандай?

Украинада орус тилин жана маданиятын дискриминациялоо түстүү революцияларга чейин эле башталган. Бирок 2014-жылкы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бул көрүнүш улутчулдук мүнөзгө ээ боло баштады. Орус тилин чектөө "Билим берүү жөнүндө" (2017) жана "Украин тилинин мамлекеттик тил катары иштеши" (2019) мыйзамдары менен бекитилди.
Мамлекеттик тилди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Тарас Кремендин жазган усулдук колдонмосунан кийин украинче сүйлөбөгөн адамдарды аныктаган кайгуул көбөйүп кетти.
Sputnik Украинада орус тилинин дискриминацияланышы качан башталганы, ким үлгү болгону, мындан ары тагдыры кандай болорун аныктоо үчүн эксперттердин пикирин тыңшады.

Оккупацияланган Чехиядагы улутчулдарды кайталап

"Келиңиздер, Украинаны кошулгусу келип жаткан Евробиримдиктин өлкөлөрү менен салыштырып көрөлү. Мисалга Словакияны алып, орустарды коё туруп эки өлкөдөгү венгерлердин абалына көз чаптыралычы. Украинадагы венгерлер алар жашаган райондордо венгер тили расмий макамга ээ эместигин айтып келишет, ал эми Европанын стандарты боюнча тургундардын 20 пайыздан ашыгы сүйлөгөн тил кеңири колдонууда болушу керек. Словакияда мектепти кой венгер университети бар", — деди Россия мамлекеттик гуманитардык университетинин чет элдик аймак таануу кафедрасынын окутуучусу Вадим Трухачев.
Бул мисал Украина тил тууралуу Европа хартиясынын негизги принциби — эне тилинде билим алуу укугун бузуп жатканын көрсөтүүдө. Документке өлкө кол коюп, ратификациялап бергенин белгиледи саясат таануучу. Ал эми орус тилин азчылыктын тили деп айтууга болбойт, ар бир экинчи украиналык үчүн бул — эне тил.
"Украина көз карандысыздыкка ээ болгон 30 жылдын ичинде орус мектептер, жогорку окуу жайлары жабылып келе жатат. Украин тилинде техникалык жана табигый илимдер боюнча терминология жетишсиз эле, орус тилинде сүйлөө муктаждыгы бар болчу. Анан эле орус тили кысмакка алына баштады, — деп нааразы болду эксперт. — Интернетке чейин жетишти, азыр биринчи бет сөзсүз украин тилинде болушу керек. Ага чейин бардык орус тилдүү басылмаларды жабышты. Орус тилдүү адабиятка тыюулар бар".
Трухачев Украинадагы азыркы тил нормаларын немецтер оккупациялап алган Чехиядагы улутчулдардын аракети менен салыштырууга болорун белгиледи. Буга Прибалтиканы да кошсо болот. "Бирок ал жакта мамлекетке тиешеси жок чөйрөгө асылышкан жок". "Үч республикада тең орус тилдүү интернет-басылмалар бар, анын үстүнө литвалыктар, латыштар жана эстондор үчүн орус тили эне тил эмес", — деп түшүндүрдү эксперт.
Украинада тил боюнча каттоо иштери 2001-жылдан бери жүргүзүлө элек, анда деле сандар бир топ бурмаланган болчу. Киев жашоочуларынын 72 пайызы украин тилин эне тили, ал эми 28 пайызы орус тилин эне тил деп эсептеген көрсөткүч эле көп нерсени кыйытып турат дейт Трухачев.
"Киевге келип, статистикага карама каршы көрүнүшкө күбө болгонбуз. 72 пайызы орус тилинде, 28и украин тилинде сүйлөчү".
Донецктин Киев районундагы талкаланган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Европа шакаба чеккен геноцид. Сотко чейинки узак жол

Ойлоп табылган тилде сүйлөөгө мажбурлап жатышат

"Украина бийлигинин орус тилин коомдук чөйрөдө, билим берүү тармагында кысымга алуусун анализдөө Прибалтиканын орус жана орус тилдүү калктын укугун чектөө аракети үлгү болуп бергенин көрсөттү. Жөн гана мисал эмес, дал ошол методика жана булактар колдонулган", — деди саясат таануучу Владимир Симиндей.
Ал Прибалтика республикаларынын эксперттери кайсы административдик-саясий кадамдардын жардамы менен орус тилдүү калкка кантип басым жасап, кантип мыйзамдуу укугунан ажыратуу керектигин көрсөтүп беришкенин белгиледи.
"90-жылдардын соңу, 2000-жылдардын башында Латвия менен Эстонияда иштелип чыгып пайдаланылган ыкмалар Украинанын билим берүү системасында, эмгек рыногун жөнгө салууда, тил маселесинде ишке ашканына күбө болдук", — деди саясат таануучу.
Эксперт Жогорку радада жана башка аянтчаларда Латвия менен Эстониядагы тажрыйбаны пайдалануу менен Донбасс тургундары үчүн жарансыздык институтун киргизүү идеясы бир нече ирет талкууланып келгенин эске салды.
"Мында ал тургундарды саясий субъектүүлүктөн ажыратуу менен Луганск менен Донецк жашоочуларынын саясий эркин таптакыр жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу максаты көздөлөт. Саясий инструментти ультра улутчулдук көз караштагы партиялардын эркин таңуулап, Донбасс элинин катышуусуз аймактагы саясий процесстерди ишке ашырууга ниеттенип келишет", — деди Симиндей.
Украинадагы тил кайгуулдарынын иштөө принцибин саясат таануучу Прибалтикадагы текшерүүлөр менен салыштырды.
"Ошол эле малда соодагерлер да, кардарлар да орус тилинде сүйлөп, орус тили менен украин тили аралашкан суржикти пайдаланып келишет. Бул табигый тил чөйрөсү болуп саналат, ал эми таңууланып жатканы — бул улутчулдукка ыктаган филологдор ойлоп табылган тил. Мына ушул тилди азыр жергиликтүү элге сиңирип жатышат", — деди Симиндей.

Абал акылга сыйбай бара жатат

"Украинада сегиз жыл мурун болгон мамлекеттик төңкөрүшкө, өлкө менен коомчулуктун кайра форматташуусуна орус тилин дискриминациялоо негизги себептердин бири болгону азыр ачыкталып калды. Натыйжада азыркы окуя дискриминациядан, орус тилин жана ал тилде сүйлөгөндөрдү бардык укуктан, макамдан, келечегинен ажыратуудан улам келип чыкты", — деди Россиянын Журналисттер союзунун эл аралык бөлүмүнүн жетекчиси Тимур Шафир.
Ал орус тилин кысмакка алуу азыр эле башталып кетпегенин, Балтика өлкөлөрүндө ондогон жылдардан бери коомдук, саясий турмуштан жана медиа айдыңынан сүрүлүп жатканын белгиледи. Эксперт мисалга эч күнөөсү жок кылмыш ишин козгоо опузасы менен куугунтукка алынган Sputnik Эстониядагы кесиптештерин, Sputnik Латвия жана Baltnews менен иштешкени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган латвиялык кабарчыларды келтирген. Мындан тышкары, Прибалтика өлкөлөрүнүн медиа айдыңынан RT каналынын кысмакка алынышына да токтолду.
"Украинада орус тилине байланыштуу абал акылга сыйбай бара жатат, анткени азыр орус тилинде сүйлөгөн элинин басымдуу бөлүгү тээ илгертен эле орус тилинде сүйлөп келген. Бул тил көпчүлүк үчүн жөн эле эне тил эмес орус тилдүү дүйнө менен байланышуунун каражаты, маданияттын тили эле. Анан бир эле түндө бул учукту үзүп коюшту", — деди Тимур Шафир.
Ал орус тили Европа менен дүйнөдө болуп жаткан процесстерге бейтарап караган адамдардын башын бириктирген инструмент экени көп ирет айтылганын белгиледи.
"Орус тили — менталитети, көз карашы окшош адамдарды бириктирген якорь. Ушул себептен ага басым күчөй баштады. Кечээ же сегиз жыл мурун башталып калган жок. Бул процесске ири каражат салынып, атайын институттар, регуляторлор түзүлгөн", — деди ал.
Орус жана орус тилдүү ЖМКлар ушул себептүү сүрүлүп, сүрүп чыгарууга болбогон жерде альтернативдүү жалпыга маалымдоо каражаттары түзүлүп келген.
"Бул ырааттуу процесс, узакка созулчу иликтөөнү талап кылат. Ал эми Украина — бул процесстердин ылдамдатылып ишке ашырылышы", — деп сөзүн жыйынтыктады Шафир.

Орус тилине толугу менен тыюу салынышы мүмкүн

Украиналык белгилүү саясий ишмер, Жогорку раданын бир нече жолку депутаты Олег Царев Украинада орус тили президент Виктор Ющенконун заманында (2005-2010) олуттуу кысымга алына баштаганын белгиледи.
"Януковичтин убагында вице-премьер, билим берүү жана илим министри Дмитрий Табачниктин аракеттеринен улам баарын бир калыпка салууга кадамдар жасалган, бирок толугу менен ыраатка келтирүүгө дарамет жетпей калган да учурлар болду. Мисалы, кинофильмдерди которуу лоббисине каршы тура албадык, кинотеатрларда тасмалар милдеттүү түрдө украин тилине которула баштады. Ал эми Порошенко менен Зеленскийдин убагында орус тили биротоло сүрүлүп чыкты", — дейт саясатчы.
Ал орус тилине мыйзамдын негизинде пикир алышууда, бизнесте тыюу салынган, бала бакчалар менен мектептерде да бул тилде сүйлөөгө болбой турганын кошумчалады.
"Россия менен кандайдыр бир мунасага келип, азыркылар бийликте кала турган болсо, орус тили Украинада биротоло жок болот. Орус тилдүүлөр менен орустар мындан да катаал куугунтукка алынат", — деп сөзүн аяктады Царев.
Россиянын жана Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия — Украина чырынын башы кайда жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0