Спецоперация России по защите Донбасса - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Россия — Украина чырынын башы кайда жатат

© REUTERS / DADO RUVICРоссиянын жана Украинанын желектери. Архив
Россиянын жана Украинанын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Жазылуу
Россиялык тарыхчы Олег Кузнецов аймак үчүн эмес, адамдын аң-сезими үчүн күрөш жүргөн Украина чыры тууралуу айтып берди.
Украинанын улуттук мамлекеттүүлүгүнүн идеологиясы бөлөк-бөтөн жерде эмес, Россия империясында түзүлүп, 1863-жылкы көтөрүлүштө күчү өзгөчө көрүнгөн польшалык улутчулдукка интеллектуалдык каршылык көрсөтүү зарылдыгы менен шартталган дейт Sputnik Азербайжан агенттигинин колумнисти.
Беларусь жана украин улутчулдугу Польша улутчулдугуна каршы кандайча пайдаланылган
Беларусь жана украин улутчулдугун административдик-бюрократиялык башкаруунун ресурстарын максаттуу пайдалануу эң башкы курал болуп таанылган. Бул үчүн 1863-жылы Виленский жана Киевдин генерал-губернаторлорунун маалында өз алдынчалуу Археографиялык комиссиялар түзүлгөн. Алар пайда болгон эки идеология үчүн интеллектуалдык фундамент иштеп чыкмак.
Виленскийдин Археографиялык комиссиясы саясий жактан көп деле ийгиликке жетишкен эмес, анткени бүгүнкү күндө Беларусь менен Литва жайгашкан Россия империясынын губернияларынын дворянствосу өзүн Речь Посполитаянын негизги бөлүгү катары Улуу Литовский княздыгынын тукуму деп санап келген. Анын польшалык шляхта менен туугандык жана юридикалык жактан байланышы бар эле.
Ал эми Киев Археографиялык комиссиясынын иши кыйла жемиштүү болгон: ал Россия империясынын түштүк-батыш губернияларынын дворянствосуна Польша мамлекеттүүлүгү менен улутчулдугуна кылымдан бери каршы туруп келген малороссиялык казак элинин (украиндердин) идеясын бир топ сиңирүүгө жетишет.
Украинанын тарыхый илимине негиз салгандар (Владимир Антонович, Дмитрий Яворницкий, Михаил Грушевский ж.б.) украина мамлекеттүүлүгүнө ыктаган эмес. Аларга украинанын улуттук салт-санаасынын талап-шарттан, феодалдык постулаттардан эркин болушу ыңгайлуу эле. Россия империясынын Россиянын, андан кийин Москва падышачылыгынын пайда болушун түшүндүргөн мамлекеттик идеологиясынан айырмаланып, монархтарынын, аларга чейинки жана кийинки муунунун бийлигинин мыйзамдуулугун далилдеп убара болушкан эмес. Башынан баштап эле украина мамлекеттүүлүгүнүн демократиялык жаралуу идеясын өзөк катары карманып келишкен. Ал эми мамлекеттүүлүккө Алтын Ордо хандарынын биринин буйругу менен XIII кылымдын соңунда Түндүк Кавказдан ооп Днепрдин боюна отурукташкан эл негиз түзгөн.
Булар жайылткан концепцияга ылайык, малороссиялык казактар же украиндер этникалык жана саясий планда биринчи поляктарга, андан соң орустарга каршы коюлган. Алгач бул концепцияга Россия империясынын расмий бийлиги түз эле көз карашта болгон, анткени коюлган максатка, тагыраагы, польшалык улутчулдукка каршы туруу милдетин толук аткарып келген. Буга православие менен католиктердин антогонизми да шыкакчы болгон.
Бирок ХХ кылымдын биринчи жарымында дин тутуу фактору Европа мамлекеттеринин коомдук-саясий турмушунда экинчи планга жылып, улуттук маселе актуалдуу боло баштагандан тарта украинанын өзүнчөлүүлүк идеясы польшалык улутчулдук менен бирге россиялык империялык же советтик интернационалдыкка каршылыгы улам тереңдей берди.
Натыйжада дал ушул нерсе интеллектуалдык мейкиндикте — биринчи кезекте Украина үчүн — Россия менен Украина аң-сезиминин конфликтисин шарттады. Бүгүнкү күндө биз ушуга күбө болуудабыз. Чырдын башында турган этнографиялык негизи азыр саясий мүнөзгө алмашып кетти.
Донецкидеги Периштелер аллеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Мертинген бөбөктөр... Периштелер аллеясы эч бир шаарда болбосун!

Степан Бандеранын князь Дмитрий Вишневецкийди алмаштыруусу

Жогоруда айтылган тенденцияга Украинанын саясий жана академиялык элитасынын өлкөнүн тарыхый ишмери князь Дмитрий Вишневецкийге мамилесинин өзгөргөнү таасын мисал боло алат.
Украина 1991-жылы көз карандысыз мамлекет болгондон кийин өлкөнүн тарыхый илиминин негиз салуучулары Антонович, Яворницкий жана Грушевскийдин осуятына ылайык Дмитрий Вишневецкий Украинанын улуттук баатыры деп жарыяланат. Эстелик, мемориалдык белгилер орнотулуп, аты көчөлөргө, аянттарга, Украинанын аскер-деңиз күчтөрүнүн аскердик кемелерине ыйгарылат.
Вишневецкийдин ишмердүүлүгү Украинанын тышкы жана ички саясатынын принциптерине негиз болуп бере алган. Расмий Киевдин православ-славян биримдигинен чыкпай, Россия, Беларусь, Молдова жана Польша менен ынак коңшулук алакада болуп, Түркия менен нейтралдуу мамилесин сактап, өлкө ичинде бардык этникалык жана конфессиялык топтордун коомдук консенсусуна жетишкен. Бул Кремлге да ыңгайлуу эле.
Мындай кырдаал 20 жылга чукул убакыт өкүм сүрдү. Анан эле князь Вишневецкийдин ордуна Украинанын улуттук баатырлары пантеонунун башына Степан Бандера коюлуп калды. Түпкү фольклордук-этнографиялык идеясы орустарга жана орус менен байланышкан нерсенин баарына каршы коюлган агрессивдүү-экстремисттик мүнөзгө өттү.

Россиянын тарапташтары менен каршылаштары

2010-жылдын соңунда Украина коомчулугунда идеологиянын өзгөрүшү түшүнбөстүктү жаратып, андан соң Украинанын ички жана тышкы саясатынын Кремлди оолактатуу аракети башталды. 2014 жана 2022-жылдардагы жаңжал мына ушунун кесепети.
Россия Украинанын мамлекеттик идеологиясы алмашып жатканын сезген жок деп айтууга болбойт. Баарын көргөн, кесепети да кандай болорун билген, андыктан эл аралык дипломатиянын алкагында орус-украин мамилесинин ачык эле начарлашын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көргөн.
2012-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Россиянын сунушу менен расизмге, расалык дискриминацияга жол берген аракеттерге бөгөт койгон, улутчулдукту баатырдыкка теңөөгө каршы декларация кабыл алган. 2014-жылы документ катаалдаштырылып, биринчи кезекте Украинанын неонацизм сазына батуусун алдын алууга багытталган.
Бул убакыт аралыгында аталган резолюцияга эки мамлекет — АКШ менен Украина гана каршы добуш берип келди. Декларациянын маани-маңызын эки өлкөнүн өкүлдөрү тең мыкты түшүнгөн. Добуш берүүдөн НАТО менен ЕБ, Британиялык шериктештик мамлекеттери менен Япония да карманып келди. Башкача айтканда, тизмеде ушу күндө Россиянын аракеттерин сындап, каршы санкция киргизип келгендердин баары бар.
Демек, заманбап дүйнөнүн Украинанын оруска байланышкан нерсенин баарына каршы аракет көргөн саясатынын тарапташтары менен каршылаштары 2022-жылы эле пайда боло калган жок. Россия — Украина чыры он жыл бою түптөлүп, болжолдонуп, күтүлүп, айрымдар үчүн керек болсо пайдалуу болуп келген.
Андыктан азыркы жаңжалды аймак талашуудан чыкты деп айтууга болбойт.
Улуттук тууну кармап турган румын жоокери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Румыния да Европанын от күйгөн жерлеринин бирине айланып калабы?

Украинанын Чыгыш жана Батышка бөлүнүшү

Украина түпкүлүгүндө көп катмарлуу, көп улуттуу жана поликонфессионалдык мамлекет. Мунун өзү баарына орток, баарына бирдей жаккан бир эле башкаруучулук курал болушу мүмкүн эместигин көрсөтүп турат. Баса, дал ушул себептен казактык коомдук идея XVI-XVIII кылымдарда Украинанын баарын бириктире алган эмес. Бир нече цивилизация менен маданияттын кесилишиндеги Украина кайсы бир эрежеге баш ийип жашаган эмес, жашай да алмак эмес. Бул тенденция ХХ кылымга чейин уланып келди.
Азыр Украинанын аймагында дубалынын ары жагынан өзүнүн "МЕНИН" коргоого аракет кылган тарыхый сепилдер, монастрлар абдан көп. Мындай шартта территорияны ичинен эмес, сырттан бирөө бириктириши керек эле. Алгач Польша, анан Россия болду.
Өлкө калкынын этникалык курамы жана анын аймактык жайгашуусу Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин, башкача айтканда, өнөр жай, энергетика, транспорттук инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн СССРдин булуң-бурчунан Украинага агылган эл келип отурукташкан соң куралып, соңуна чыкты.
Мына ошол убакта Украина орус тилдүү Чыгышка жана украин тилдүү Батышка бөлүнүп кетти. Бул каршылашууга өз ыктыяры менен Россия аралашууга аргасыз болду. Украина чырынын өзөгү ушунда, күрөш аймак үчүн эмес элдин аң-сезими үчүн жүрүүдө.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Украинадагы атайын операция дээрлик соңуна чыгып калды
Жаңылыктар түрмөгү
0