Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Европа шакаба чеккен геноцид. Сотко чейинки узак жол

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүДонецктин Киев районундагы талкаланган үй. Архив
Донецктин Киев районундагы талкаланган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Жазылуу
Ушу тапта Европанын адам укугу боюнча соту менен Эл аралык сотко геноциддин конкреттүү эпизоддору боюнча арыздар даярдалууда. Россиялык журналист Наталия Осипованын макаласы назарыңыздарда.
"Тирүүлөй өрттөп жатышты, көргөн жокмун, башыма кап кийгизип коюшкан. Оң колумду сезбей калдым. Кабыргаларым дагы деле ооруп жатат. Тепкилеп, колумду артка таңып, сөөмөйүмө гранатанын шакекчесин байлап коюшту, эр болсоң кыймылдап көр".
"Медиктердин дары-дармегин, таңуучу материалдарын, тамак-ашын, төшөнчүсүн алып коюшту. Медайымдарды зордуктап, атып салышты, ал эми жарадарларды кайтарууга алып, төрт күн бою эч кимди жолотушкан жок. Теңи өлүп, калганын дарыяга ыргытып жиберишти".
"Үч-төртөөлөп ур-тепкиге алышты, тизелетип, кулактын түбүнөн ок чыгарып жатышты. Анан командири чыгып, баарыбызды чынжыр тартылган чуңкурга отургузуп койду. Отура да, тура да албай, кабыргаларым, манжаларым сынгандыктан ошол чынжырга асылып тура бердим".
"Сталино шаарында немецтик баскынчылар жашоочуларды сарайга кууп киргизип, оозун бүтөп салышты. Анан май чачып от коюшту. Кудайдын барманы менен аман калган эки кичинекей кыздан башкасынын баары тирүүлөй өрттөнүп кетишти".
"Аккумулятордун өткөргүчүн колума байлап, суу чачып, ток менен уруп жатышты. Улам эс-учумду жоготом, улам суу чачып, кайра суракка алышат".
"Кант диабети менен жабыркаган аялга кап кийгизип, муунта башташты. Суу сураса, "азыр заара ичесиң" дешти. Жан чыдагыс азаптар, эстегенден коркосуң".
Кайсы цитата кайсы тарыхый булактан экенин тааный аласызбы? Варианттар:
Украинанын аскер прокурору Анатолий Матиостун "Шустер LIVE" эфириндеги сөзү;
Европа биримдигинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Анти-Россия идеясы талкаланууда. Эми Батыштан эмнени күтүүгө болот?
"1941-жылдын 21-ноябрына карата СССРдин оккупацияланган жерлериндеги немецтик-фашисттик мыкаачылык тууралуу" документ;
IGCP (инсанга каршы кылмыш боюнча маалымат таратуунун эл аралык коомдук тобу) уюмунун Украинадагы жарандык согуш маалында туткундалгандардын кыйноого алынышы тууралуу доклад;
"Сталино шаарындагы адамдардын өрттөлүшү жана оккупацияланган Вязьма, Гжатск, Смоленск, Калинин облустарындагы немецтик баскынчылардын мыкаачылыгы" тууралуу Нюрнберг процессинде СССРден катышып жаткан башкы айыптоочунун жардамчысы Л.Н.Смирновдун сөзүнөн үзүндү.
Бирөөлөр пропаганда деши мүмкүн. Аралаштырбагыла! Бирок үч күндөн бери Донбасстагы геноцид бардыгына чекит койду. Ооба, бул — геноцид! Эртеби-кечпи дүйнөлүк коомчулук муну геноцид деп табат.
Аймакта геноцид жүрүп жатканына далилдер сегиз жыл бою эркин, цивилизациялуу дүйнөнүн болгон-бүткөн укук коргоочу институттарына берилип келген. Бирок бири да каралган эмес. Орустардын Украинада геноцидге кабылышы тууралуу чындык эч кимге кереги жок. Ага жоопкер болгон Украина бийлигине дагы, Европага дагы, Америкага дагы. Керек болсо азыр уялып жаткан айрым орустарга да эч кереги жок.
Бул чындык буржуазиянын ыңгайлуулугу жана жеке бренд үчүн өтө коркунучтуу. Анткени ал Украинанын майдандан кийинки режиминин реалдуу кылмышын жаап-жашырып койгон картонду алып ыргытууда. Бул чындык жакшы менен жаман тууралуу тараптардын оюн өзгөртүшү ыктымал. Ал эми буга жол берүүгө болбойт. Азыр жамандын тарабында Россия турат, азыр да эмес, керек болсо 2014-жылга чейин ошондой болуп калган.
Украинанын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.03.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"1941-жылдын 22-июну" кайталанбайт! Украинаны куралга толтурган НАТОго жооп
Акыйкаттык үчүн айта кетеличи, кеп "батыштык өнөктөштөрүбүздө" эле эмес, айрым учурда бул чындык өзүбүз үчүн да оор болуп кетер эле. Аскердик кабарчылар менен тергөөчүлөрдөн башка үңүлүп ким иликтеди дейсиз?
Горловкалык келиндин өлтүрүлүшүн көпчүлүк билет го, жаш келиндин сегиз айлык баласын көтөрүп снаряддан өлүп жаткан сүрөтү Рунетти айланып чыкты. Одесса тууралуу көпчүлүк билген: күйүп кеткен киши, өлүп жаткан кош бойлуу аялдар, зордукталып өлтүрүлгөндөр, адам сөөгүнүн күлү...
Бирок мунун баарын ким ийне-жибине чейин иликтеди эле? XXI кылымда да адам баласы ушундай мыкаачылыкка барабы? Донбасста сегиз жыл бою украинизацияга баш ийгиси келбегендер күн сайын өлүм жазасына тартылып турду, бирок мунун баары жалпы орус коомчулугунун да, украина коомчулугунун да негизги өзөгү эмес эле.
"Жаренные колорады", "жечь ватку" — бул улутчулдукка ык койгон Украина коомчулугу. Ал эми Россияга Донбасстагы орустар курмандык экенин айтсаң дароо пропаганда, фейк дешет. Же далилдерден улам буйтай албай калганда "өздөрү күнөөлүү" деген бетпактыкка өтүшөт. Донбасстын орус балдары үчүн Батыш бир тыйын берген эмес, демек, сөз да кылууга арзыбайт дегендей ой жүгүртүү.
Айласы калбай калганда украина бийлиги азыр геноцид темасын көтөрүп жатат. Бирок күнөөлүү тарап Россия болууда. Эми кеп "прогрессивдүү коомчулуктун" бул теманы канчалык ыкчам жайылта башташында.
Маселе бул коомчулукта деле эмес, суроону өзүбүзгө береличи: эмнеге биз күн сайын бул тууралуу айтып какшанган эмеспиз? Биз — бул Россия жарандарынын басымдуу бөлүгү. Өзүм үчүн жоопту мен билем: анткени ал убакта колубуздан эч нерсе келбейт эле, андан да ошол мыкаачылыкты күн сайын эстеп, күн сайын жүрөктү эзип жашоо мүмкүн эмес эле. Ал мыкаачылыкты бул жерден көрүүгө көрүүгө болот.
Бул жерден да.
Бул жерден да.
Бул жерден да.
Бул жерден да.
IGCP тобунун өкүлү Максим Вилков тарыхчы кесиптештери менен мындай далилдерди 2014-жылдан бери чогултуп келе жатканын айтат. Дал ошол маалда Майдан башталып, бийликке улутчул жана неонацисттик көз караштагы адамдар келе баштаганы белгилүү болгон. Сегиз жылдан бери IGCP тобу колундагы документтер менен эл аралык аянтчаларга чыгууда, биринчи кезекте бул БУУ менен ЕККУ эле.
Донбасс жөнүндө кеп болуп жатса россиялык тарыхчылардын эмне тиешеси бар дешиңиз мүмкүн. Анткени ЛЭР жана ДЭРдин өкүлдөрүнө Европага кирүүгө тыюу салынгандыктан бул документтерди алар өздөрү жеткире албайт эле. Бирок Европа айрым учурда таанылбаган республикалардын жарандарын оңой эле киргизип коёт. Мисалы, Түркия Кипринин жарандары өзүнүн паспорту менен бирге Түштүк Кипрдин жарандары катары ЕБдин да паспортуна ээ. Чөлкөмдү эч ким тааныган эмес. Мына ушундай парадокс. Бирок кипрлик түрктөрдүн укугу сакталат, ал эми ЛЭР менен ДЭРден барган орустар менен украиндер кысымга тушугууда.
Бул мезгил аралыгында аталган топ БУУнун, Адам укугу боюнча кеңешинин, Кыйноого каршы комитет, Расалык дискриминацияга каршы комитет, Экономикалык жана социалдык укук боюнча комитет, ЕККУнун демократия жана адам укугу боюнча бюронун бардык иш-чараларына катышып келди. Докладдарды жөнөтүп, документтерди ташыды. Европалык уюмдар кылмыштар тууралуу маалыматты комитеттердин докладына кошуп, Украинадан адам укугун коргоо жаатында милдеттемелерди аткаруусун талап кыла алмак. Бирок Украинага таасир этүү үчүн эч кандай аракет көрүлбөгөнү баарыбызга маалым. Тескерисинче.
Бул документтер Европа бардык кылмыштардан кабары болгонун көрсөтүп турат. Европанын адам укугу боюнча соту "улуттук адилеттүүлүктү орнотуунун мүмкүнчүлүгү" түгөнө элек деген үмүт менен ЛЭР жана ДЭР жарандарынан эч кандай арыз кабыл алган эмес. Иш жүзүндө бул кыйноо, адам өлтүрүү тууралуу ошонун баарын жасап жаткан тараптарга айтып даттаныш керек сыяктуу болуп калды. "Тиги тарапта" ЛЭР менен ДЭР жарандары сепаратист аталууда. Өмүрүнө коркунуч жаралган адамдардан арыздарды түз кабыл алуу Европанын адам укугу боюнча сотунун практикасында бар, учурлар кездешкен. Бирок мунун ЛЭР менен ДЭР жарандарына тиешеси жок. Бөлөк сорттогу адамдар экен. Туура 77 жыл мурун Европада укуктук талаадан чыгарылып калган улуттар болгон. Аларга карата оюңа келгендей жорук-жосундарды жасоого болот эле. Американын жээгине келген еврей качкындарды кайрадан Европага, өлүмгө айдап салышканын эч ким унута элек.
Россия жана Евробиримдиктин желектери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын Россияга каршы санкциялары. КМШ өлкөлөрүнө таасири кандай болот
Ушу тапта Европанын адам укугу боюнча соту менен Эл аралык сотко геноциддин конкреттүү эпизоддору боюнча арыздар даярдалууда. Донбасстагы геноцид тууралуу доклад ЕККУнун Венада 14-15-сентябрь күндөрү өтө турган иш-чарасында сунушталат. Укук коргоочулар Россия, ЛЭР жана ДЭРдин укук коргоо органдары менен биргеликте иштеп жатышат.
Украинага убадаланган денацификация көптөгөн далилдерди көрсөтүү менен ар кыл өлкөнүн журналисттери тартылган ачык процессти шарттайт. Нюрнбергди эстейличи. Биз дүйнө жүзүнө болгон чындыкты бардык катаалдыгы менен көрсөтүшүбүз керек. 1946-жылдагыдай. Азыр башка жол жок.
Бирок сотко чейинки жол узак. Германиялык нацизмге каршы союздаш болуп турганда деле батыш лидерлери дал ушул соттон качып келишкен. Иликтөөсү жок эле улутчулдарды тезирээк жок кылып, пайдалуусун өз тарабына тартып алуу аракети күч эле. Мына эми минтип керекке жарап отурат. Канадага чыгарылган украиналык улутчулдар ушул идеология менен жаңы муундарды тарбиялап, зулумдуктун үрөнү постсоветтик Украинага себилген.
Азыр кырдаал андагыдан кыйла катаал: геноцид темасы медиалык калпка чулганып турат. Бирок кылмышкерлер баягы эле ыкмасы менен аракет көрүп келүүдө.
Ал эми Зеленский Россияга каршы Гаага сотуна кайрылып, учурда болуп жаткан окуяны геноцид деп атоодо. Чындык үчүн согуш эми башталды. Картага көп нерсе коюлган, арасында европа-америкалык эл аралык бюрократиянын аброю да бар. Ал Украинада буга чейин болуп келген геноцид кылмышын жаап-жашырып келген. Россияга тилектеш табылабы? Башка континенттегилер жан тартышы ыктымал.
Донбасстагы геноцид үчүн жазалоо, Одессада жана башка жерлерде да Украинанын орустары жана орус тилдүү жарандарынын тили, көз карашы, дүйнө таанымы үчүн куугунтукталышы үчүн жазалоо — азыр биринчи кезектеги маселе. Ансыз башка көйгөй чечилбейт. Мамилелердеги өзөктүү маселе. Россияда адамдар узак жашашы керек. Украинада дагы.
Украинанын, Евробиримдиктин жана АКШнын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Россияга каршы эми экономикалык согуш ачты
Жаңылыктар түрмөгү
0