Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Калп айтат". Батыш Геббельстин ыкмаларын кайталап жатат

© REUTERS / STRINGERУкраинадагы Буча шаарынын тургуну
Украинадагы Буча шаарынын тургуну - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Жазылуу
Акыркы убакта Батыш орус элине түз кайрылууну адатка айлантып алды. Ага Арнольд Шварценеггер жол ачып, британиялык ЖМКлар менен премьери Борис Жонсон улантып кетти.
Daily Mirror гезити биринчи бетине "Вам нужно знать" деген оруча аталыш менен макала жарыялады. Мунун баары Украина президенти Владимир Зеленскийдин орустарга күн сайын жасаган кайрылуусунан башка мисалдар дейт россиялык серепчи Владимир Корнилов. Макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Төгүлүп-чачылып кайрылуу жасагандардын баары россиялыктар "Украинадагы чыныгы окуялардан туура маалымат алуу" мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калганын айтышууда. Салыштырып көрөлү:
Арнольд Шварценеггер: "Мен сиздерге айтылбай жашырылып жаткан окуялар болуп жатканын айтуу үчүн кайрылып жатам".
Daily Mirror: "Урматтуу орус досум. Биз сага Украинадагы жүрүп жаткан согуш тууралуу чындыкты билсин деп жазып жатабыз. Россияда эркин ЖМК жок экенин, согуш тууралуу жалган маалыматтар айтылып жатканын билебиз".
Борис Жонсон: "Россиялыктар чындыкты билүүгө татыктуу. Сиздер фактыларды билүүгө татыктуусуздар".
Булардын баары Россия эли дүйнөлүк жаңылыктардан оолак калып, илгерки замандагыдай чет элдик кабарларды радиоприемник аркылуу угат деп ойлойт экен. Орус эли жана Россиядагы кырдаал тууралуу дээрлик эч нерсе билишпейт турбайбы! Орустарга илим-билимдин учкунун чачыратып, VPN деген сырдуу аббревиатура тууралуу айтып берген Жонсон буга далил. Жонсонго чейин бечара орус эли аны кайдан билмек эле? Россиялыктар керек болсо британиялыктарга көп нерсе үйрөтө алат.
Кокусунан "орус элин сүйө баштаган" батыштагыларга маалымат айдыңын россиялык ЖМКлардын жана Россияга боор тарткан соцтармак пайдалануучуларынын "керексиз" маалыматынан дал өздөрү тазалай баштаганын эскерте кетели. Алар дароо "Кремль пропагандасы" аталып кетти. Ал эми Россия болгону жооп гана кайтарды.
Шварценеггер & Ко россиядагылар Мариуполдогу же башка шаарлардагы кадрларды көргөн эмес деген ойдо. "Орустарга сүйүүсүн арнап жаткан" Шварценеггер бала чагында даңазалуу оор атлет Юрий Власов менен жолукканын эстептир. Азыр Арнольддон Власовдун туулган жери Макеевка шаарында эмне болуп жатканын сурайлычы, жооп бере алар бекен? Украина күчтөрү 2014-15-жылдары бул шаарды кандай азапка салганын көрсөтүп, Власовду эмнеге ошол кезде эстебегенин сурайлычы. Ал убакта Макеевкадагы бала бакча, мектеп, ооруканалардын баары октон кыйраган. Бирок Батышта Украина Куралдуу күчтөрүнө кайрылган жан болгон эмес. Кызыгы жок эле.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Захарова: Бучадагы провокация — санкция жарыялоого шылтоо
Борис Жонсон россиялыктар Бучадагы окуя тууралуу кабардар эмес деп эсептейт окшойт. VPN, Британиянын маалымат каражаттарын окуган адамдын дароо көзү ачыла калат имиш. Россиялык ЖМКлар Киевдин алдындагы шаарчада болгон окуяны жеринен ийне-жибине чейин тартып, биринчи кезекте украиналык маалымат булактарга шилтеме берип келеринен кабары да болбосо керек. Батыштын бир дагы басылмасы окуяны кылдат, так хронология менен берген жок. Ушундан улам дагы Жонсон Бучадагы "кан ичкич орустар" тууралуу мифтин төгүндөлүп жатканынан кабардар эместир.
Мисалы, Бучанын мэри 31-мартта шаар "россиялык баскынчылардан бошотулганын" салтанаттуу жарыялаганы бизде гана көрсөтүлдү. Мэрдин 1-апрелде борбор калаада жүргөн кадрларын да бизде эле көрсөтүп жатышат. Шаар макамын кечээ жакында алган аймактын көчөлөрүндөгү адамдардын сөөгү кайда деген суроону да биз эле берип жатабыз. Биздин ЖМКлар Украина улуттук полициясынын 2-апрелде Бучаны тазалап жүргөн видеосун улам-улам кайталап көрсөтүп жатат. Биринде украиналык согушкердин "көк тасмасы жок" адамдарды ата берүүгө уруксат сурап жатканы да бар. Эмнегедир бул видеону интернеттен алып салууга аракеттер көрүлүүдө, аларды россиялык ЖМКлар жайылтып жатат. Шварценеггер менен Жонсон эмне үчүн бул фактынын Батыш аудиториясынан жашырылып жатканына кызыгып көрүштү болду бекен?
Же Батышта россиялык публикага Бучадан тартылды деп The New York Times бөлүшкөн, адамдардын сөөгү 19-марттан бери ошол боюнча көчөдө жаткан "укмуштуу" спутниктик кадрлар көрсөтүлбөй жатат деп ойлогондор барбы? Басылмага чыккан маалыматты тактабай, анализ жүргүзбөй туруп Батыш ЖМКлары кайталабадыбы. Россиялык журналисттер кадрларды дыкат иликтеп, Батыштын бир басылмасы жооп бере албай турган суроолорду койду.
Батыштагы аналитик, серепчи дегендердин бири да сөөктөр эки жумадан бери кантип сасып-чирип кетпегени тууралуу маселе көтөргөн жок. 19-марттан тарта Киевдеги күндүн температурасын карап, кээ бир күндөрү термометрдин көрсөткүчү +20 градуска чейин көтөрүлгөнүн россиялык журналисттер иликтеп чыгышты. Ал эми акыркы убакта Бучага толуп алган Батыш журналисттери эс кандай респиторсуз эле сөөктөрдү тартып жүрүшөт. Өлүктүн жыты адатта чыдатпайт эле го. Эки жумадан бери "өлтүрүлгөндөрдүн" биринин да жакыны, коңшусу, досу, тууганы жоктобой, эч ким көрбөгөнү кызык. Буча тургундарынын трагедиясы тууралуу чындыкты батыштагылар эмес биздин билгибиз келет.
Эми Жонсондон сурап көрөлүчү: россиялык адамга VPN эмне үчүн зарыл? Россиялык ТВ айтпаган эмнени айтышы мүмкүн? Ал эми британиялык көрүүчү россиялык материалдарды көрүп, окуса көптү билер эле. Лондон да, Вашингтон да муну жакшы түшүнөт, ошон үчүн Россия жасаган материалдарды жолотушпайт.
Бучадагы Украина аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ Коргоо министрлиги: Украинанын атайын кызматы фейк видеолорду тарта баштады
Бирок бул дайым эле ишке аша бербейт. Мисалы, өлкө парламентинен Зеленскийдин виртуалдык кайрылуусуна бойкот жарыялаган "Форум за демократию" партиясына кейип-кепчиген нидерланддык пресса Бучадагы окуядан кийин деле Украинадагы тирешүүгө Батышты айыптоосун улантып жатат. Ал эми Financial Times Азия менен Африкадагы олуттуу көйгөйдү көзгө сайып көрсөтүп, Twitter тармагынын @IStandWithPutin ("Я вместе с Путиным") хештеги үчүн аккаунттарды банга киргизип салбаганына таң калып, баарына Батышты күнөөлөөдө. Эмне үчүн адамдар россиялык ЖМКларга ыктап турат? Балким чындык ким тарапта экенин жакшы түшүнүп жатышкандыр.
Daily Mirror басылмасынын мисалы абдан кызык, анткени геббельстик пропаганданын үлгүсүндө түзүлгөн. 80 жыл мурун Кызыл армиянын окопторуна "Политрук жалган айтып жатат. Герман туткунуда силерди эч ким кыйнабайт, өлтүрбөйт, жакшы мамиле жасайт" деген баракчалар жаачу экен. Анысы кандай, Mirror да эч уялбастан эле "президентиңер "Украина улутчулдарга толуп Россия үчүн кооптуулук жаратууда" деп калп айтып жатат" деп жазууда.
Ушул гезит зордукталып өлтүрүлгөн аял тууралуу фейк маалыматты чыгарды. Макалада аялдын сөөгү Мариуполдун "Азов" согушкерлери базага айландырып алган №18 мектебинин жер төлөсүнөн табылганы жазылган. Сүрөт эбак тарап, Россиянын Тергөө комитети кылмыш ишин козгогондон кийин бир жума өткөн соң Mirror "сүрөт кайдан тартылганын" тактоого мүмкүн болгон жок деп жазды. Бирок аялды россиялык жоокерлер зордуктап туруп өлтүрүп салганын билет имиш. Эми Mirror басылмасынын Геббельстин ыкмаларынан эч айырмаланбай турганын көрүп турабыз.
Эми Жонсон зордукталган аялдын сүрөтү кайдан тартылганын билген россиялыктарга VPN дагы кандай жаңы нерсе айта аларын өзүнөн сурап көрсүн. Бул сүрөт россиялык эмес британиялык аудиториядан жаап-жашырылып келди. Эгер Лондондун жашоочусу россиялык ЖМКларды окуй ала турган болсо, Украина менен Донбасстагы кырдаал боюнча фейк эмес туура маалыматтарды алар эле.
Украинанын желегин көтөрүп турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2022
Тил согушу. Украинада орус тилинин абалы кандай
Жаңылыктар түрмөгү
0