Буча: Украинанын Россияга каршы чагымчылыгы

© AP Photo / Serhii NuzhnenkoБучадагы украиналык аскерлери
Бучадагы украиналык аскерлери  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Киев облусунда жай жашоочулардын украиналык территориялык коргоо же улуттук гвардия тарабынан өлтүрүлүшү – югославиялык Сребреница стилиндеги кандуу оюндун башталышы.
Украинада Россияга каршы чагымчылыктар Батыштын курал-жарактарын тезирээк алуу жана РФти дүйнөгө мыкаачы кылып көрсөтүү үчүн чектен чыккан аракеттер менен уюштурулган деген ойдо аскерий баяндамачы Александр Хроленко. Анын кезектеги макаласы ушул окуянын тегерегинде.
Киевдик режимдин бул спектакли Кошмо Штаттарга пайдалуу, ызы-чуунун арты менен Европада экономикалык жана аскердик үстөмдүккө ээ болуп, НАТОну андан ары Чыгышка кеңейтүүнү көксөйт.
Бириккен Улуттар Уюмундагы РФ өкүлү Василий Небендзя кечээ, 3-апрелде, Бучадагы окуя "башка желектин алдындагы" операция экенин билдирип, журналисттерге анын киевдик режим жана батыштык демөөрчүлөрдүн атайын жасалган чагымчылыгы экенине ынандырарлык далил келтирди.
Россиялык президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 5-апрелде украиналык Бучадага кырдаал боюнча Россиянын дарегине тагылган айыптардын баары "жакшы сахналаштырылган трагедиялык шоу" экенин белгиледи.
Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасынын жыйынтыгы жарыяланган соң, 30-мартта россиялык аскер бөлүктөрү Бучадан чыгышкан. Эртеси күнү, 31-мартта, Бучанын мэри Анатолий Федорук шаардын "куткарылышы" жөнүндөгү кубанычтуу видеосюжетин жарыялаган. Көчөлөрдө эч кандай сөөк көрүнгөн эмес. Кыязы, ал убакта чагымдын сценарийи бышып жете элек окшойт.
Украина Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы "Сафари" полку "Россияга кол кабыш кылгандардан" Бучаны 2-апрелде тазалаган. Өлкөнүн ички иштер министринин кеңешчиси Антон Геращенко ошол эле күнү мекеменин сайтына тазалоонун тасмасын жарыялаган. Бул туурасында украиналык маалымат каражаттары да жазып, кийин маалыматтарды өчүрүп салышты. Анткен менен желеде сайттын экрандан тартылган сүрөттөрү калды. 3-апрелге чейин Буча шаарында эч кандай "мыкаачылык" же "өлтүрүүлөр" болгон эмес, көчөлөрдө сөөктөр жаткан эмес.
2-апрелде Бучаны тазалоого киевдик территориялык коргоо аскерлери да катышып, аны чагылдырган Боцман менен Беленюктун видеотасмасы интернетке чыккан. Кимдир бирөө көк таңгычы бар жайкындарды атууга буйрук берет. Эгер болушунча чоңойтуп тыңдасаңыз, роликтин аягында "Өтүнөм, өлтүрбөгүлө. Өлгүм келбейт!" деп жалбарган үндү жана эки жолу ок атылышын угууга болот.
Буча шаарында аскерлердин жана ЖМКнын курчоосунда турган Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын Бучадагы чагымчылдыгы: орустарга каршы акыркы аргумент
Бучанын жергиликтүү тургундарын 2-апрелде, россиялык аскер кызматкерлеринин Киев облусунан чыккандан үч күндөн кийин өлтүрүшкөн өңдүү. "Оккупанттардын тыңчылары" деп болжошкондорду атышкан. Бучада россиялык аскерлер ак чүпүрөк байлангандыктан, жергиликтүү тургундар да көчөдө коопсуз жүрүү үчүн аларды туурашкан.
Кийин фото жана видеоматериалдарда өлгөндөр жана өлүмүш болуп роль аткаргандардын баарында ак чүпүрөк байланганы байкалат. Мисалы, Антон Геращенконун 4-апрелдеги дагы бир видеосюжетинин 37-секундасында даана көрүнөт. Жай тургундар колундагы ак таңгычты алмаштырууга үлгүрбөй калгандай. Балким "өздөрүнүкү" шаарга киргендерин билишпеген чыгар.
"Бучада Сребреницаны" чагымчыл, кылмыштуу жана эпсиз сахналаштыруу Украина Куралдуу күчтөрү, Улуттук гвардиясы жана территориялык коргоо аскерлери март айында Киев жана башка калктуу пунктуларда, россиялык күчтөр менен согуштук аракеттер зонасынан тыш эле жерлерде бири-бирин аткылаган учурлары көп кездешкенин эске салалы. Дүрбөлөңгө алдырып, уюшкандыктын жоктугунан улам Васильковдо эле андай набыт болгондордун саны 14кө жеткени белгилүү.
Куралды (автомат, пулемет, гранатомет, көчмө зениттик-ракеталык комплекс) каалагандардын баарына туш келди тарата берүүнүн кесепетинен территориялык коргоо өкүлдөрү чочуп кетип бир нече украиналык атайын багыттагы топту, Украина Куралдуу күчтөрүнүн 72-бригадасынан "көп кишини талкалашты".
Белгилүү улутчул Сергей Бондарь территориялык коргоо тарабынан украиналык тик учак жана учкучсуздар менен атылгандар тууралуу маалымдаган. Киевдин жака-белиндеги куралсыз жүздөгөн мекендештерин атып салуу андай "адистерге" кыйын болгон эмес. Андан кийин Россияга каршы пропагандалык машина ишин баштаган. Батыш маалымат каражаттары экспертизанын кандайдыр бир жыйынтыгын күтпөстөн буйрук менен антироссиялык тыянак чыгарып, ал эми алардын аудиториясы буга ишенип калышты.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 4-апрелде "аскердик кылмыштар" жөнүндө жана Россияга каршы жаңы санкциялар тууралуу билдирди. Кошмо Штаттар "дүйнөлүк протестти" жаратууга билек түрө киришти. Вашингтон россиялык энергоресурстардан баш тартуу жана Батыш өлкөлөрүнөн россиялык дипломаттарды жапырт чыгарууну кубаттоодо.
НАТОнун бүгүн-эртеңкиге белгиленген саммитинде Россияга каршы резонанстык чечимдер кабыл алынары айкын болуп калды. Ак үй россиялык армияны дүйнөгө мыкаачы көрсөтүүгө тырышууда.
Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя: Россия Бучадагыдай чагымдардын дагы уюштурулушун четке какпайт
Британия да Бучадагы кырдаал боюнча РФтин демилгеси менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрбөш үчүн эки ирет ойдон чыгарылган шылтоону пайдаланды. Мындан улам россиялык ТИМ башчысы Сергей Лавров: "Батыш чындыкты ушул шаардагы окуялар жана украиналык каатчылыктын табияты жөнүндөгү демагогияда жок кылып салгысы бар. Бирок Россия украиналык аскерлердин кылмыштарын жазасыз калбашын талап кылат". РФтин батыштык "өнөктөштөрү" расмий деңгээлде так бир нерсени көрсөтө алышпайт. Көз алдыбызда киевдик режим тарабынан даярдалган жалгандын бети ачылууда.
Түркиялык Aydınlık басылмасы "Бучадагы издер Киевге алпарат" деген макала жарыялады. Анда "орус кыргыны" пропагандасы россиялык күчтөр чыгып кеткенден төрт күндөн кийин башталганын, ал эми маркумдардын сөөгүндө кан жаңы экенин белгилейт. Анткен менен америкалыктардын көзөмөлүндөгү маалымат каражаттары орустарды "мыкаачылыкка" айыптаганды улантып, уруп-сабоо, атып салуулар менен коштолгон украиналык реалдуулукту капарына алгысы жок.
Украиналык фашизмдин тарыхы уланууда. Киевдин чок ортосундагы Банкова көчөсүндө дагы бир жаңы жаңжал тутанды. 30-мартта россиялык күчтөр чыгып бараткан маалда Киев облусунда буктурмага тушуккан россиялык десантчылардын тобун мыкаачылык менен жазалоо интернетке чыгып кетти.
Туткунга түшкөндөрдүн колдорун байлап, кекиртектерин сындырып, автомат менен өлтүрүп, булардын баарын телефонго тартып алышкан. Украиналык телеграмм-каналдар туткундалган россиялык жоокерлерди улам жазага тартылгандарын кабарлаганы алардын Украина Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын көзөмөлү жоктугун айгинелейт. Андагы сюжеттер маалыматтык жактан Бучаны да басып кетет.
Кесепеттерин өздөрү да болжошкон жок. Аскердик кылмыштар кылмышкерлердин өздөрү тарабынан "документтештирилдүүдө". Алардын аты-жөнү да белгилүү – "Грузиялык легиондон" Теймураз Хизанишвили, киевдик Алексей Антонюк жана Алексей Куцирин деген бирөө. Телефон жана даректерине караганда алар эч кандай чет элдиктер эмес, баары Украина аймагында турат. Экөө үй-бүлөлүү.
РФ Коргоо министрлиги 4-апрелде Мощун калктуу конушунда (Киевден түндүк-батышка карай 23 чакырым нары) Украина Куралдуу күчтөрүнүн психологиялык операциялары 72-башкы борборунун аскерлери Батыш маалымат каражаттарына таратуу максатында жай тургандарды россиялык жоокерлер кыйнап өлтүргөндөй көрсөтүү үчүн кезектеги жасалма тасмасын тартышкан. Ойго да келбес ушундай долбоорлор Сума, Конотоп жана башка украиналык шаарларда да жүзөгө ашырылууда.
Украиналык аскерлердин Донбасстын жай жашоочуларына каршы ууландыруучу заттарды пайдалануу аракети да Батыш тарабынан жаратылган нацисттик мамлекеттин колунан келчү иш. Кол куурчагына айланган киевдик режим АКШнын кызыкчылыктарын берилип коргоо менен Украинанын карапайым калкын жана келечегин курмандыкка чалууда.
Мындай сюжеттерден соң БУУнун жыйынында Зеленскийдин антироссиялык демагогиясы көп кишинин сезимин козгой албаса керек. Ал тургай "түндүк атлантикалык" Түркия да муну түшүнүп турат: "Россиянын Украинадагы атайын операциясы НАТОнун курчоосун бузууга багытталган". Россия жарым жолдо токтоп калбасы талашсыз.
Аскерий баяндамачы Александр Хроленконун Telegram каналына жазылыңыздар.
Бучадагы Украинанын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кытай Бучадагы окуялар боюнча негизсиз айыптоодон карманууга чакырды
Жаңылыктар түрмөгү
0