Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Небензя: Россия Бучадагыдай чагымдардын дагы уюштурулушун четке какпайт

© AP Photo / John MinchilloРоссиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив
Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жазылуу
Ал арада РИА Новостиге россиялык күч түзүмдөрүндөгү маалымат булагы украиналык диверсанттар жай жашоочулардын өлүмү менен чагымчылдыктарды даярдап жаткандыгын билдирген.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Россиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Василий Небензя мындан ары да россиялык аскерлерге карата Бучадагы окуялар сындуу чагымчылдык иштер жасалышы мүмкүндүгүн четке каккан жок. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Украиналык картаны колуңарга кармап алып Россияга каршы долуланган пропаганданы улам күчөтүп жатканыңарды биз жакшы билип турабыз. Андыктан Бучада жасалган окуяга окшогон жийиркеничтүү чагымчылдык иштери дагы болорун, россиялык аскерлерди каралоо, аларды жүрөгү жок, зордукчул кылып көрсөтүү аракеттери болушун боолголоп жатабыз. Бул — болуп көрбөгөндөй жүзү каралык", — деген Небензя.
Ал арада РИА Новостиге Херсондогу россиялык күч түзүмдөрүнөн Николаев облусундагы украиналык аскерлердин арасындагы ишенимдүү адамдардын айтканына таянып маанилүү маалыматты билдиришкен. Украиналык диверсиялык топ Херсон облусундагы Александровка посёлогунда жүргөндүгүн жана алар жай жашоочулардын өлүмү менен коштолчу чагымчылдыктарды даярдап жаткандыгын кабарлаган.
"Пионер жана Дед (чыныгы аты-жөнү Клименко Евгений жана Баранник Ярослав) каймана аты бар согушкерлер кирген диверсиялык топ мурда Донбасста иштеп, эми Николаев багытына жиберилген", — деп айтты Небензя.
Аталган диверсиялык-зулумдук топтун милдети эл жашаган үйлөргө, мектептерге артиллериялык атууларды, мина коюуну уюштуруп, жай жарандардын арасында өлүмдү көбөйтүү деди. Диверсанттар бута катары мектептерди алгандыгы айтылды.
"Согушкерлер россиялык аскерлерди мындан ары да жаманатты кылыш үчүн аймагында кагылыш жүрүп жаткан жерлердеги эл жашаган аянттарга артиллерияны багыттоо иштерин жасап жатышат. Алар Донецк Эл Республикасында мындай аракеттин бир нечесин жасап жетишкен", — деген агенттикке маалымат берген киши.
Эске салсак, украин бийлиги менен ЖМКлары Киев облусундагы Буча шаарында "орустардын кылмышы" тууралуу тартылган видеону таратты. Аталган тасмада жолдо адамдардын сөөгү жатканы тартылган. Көргөндөр "сөөктөрдүн" колу кыймылдап, аскер техникасынын алдында калбоого аракет кылып жатканын байкашкан. Ал эми бир транспорттун күзгүсүнөн машина өтөрү менен туруп бараткан "маркумду" көрүүгө болот. Россиянын Коргоо министрлиги Украина бийлигинин Буча шаарындагы россиялык жоокерлердин "кылмышын" тастыктады делген материалы — кезектеги чагымчылык экендигин билдирген.
Аталган министрлик россиялыктар көзөмөлдөгөн аймакта бир дагы жергиликтүү тургун зордук-зомбулуктан жабыркабаганын белгилеп, аскер бөлүктөрдүн баары шаардан 30-мартта, Москва менен Киев өкүлдөрүнүн Стамбулдагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин эле чыгып кеткенин эске салды. Шаардын түштүк жагы, анын ичинде эл жашаган кварталдар күнү-түнү украиналык аскерлер тарабынан аткылоого алынганда түндүк тарапты көздөй чыккан тарап тосулган эмес.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия Бучадагы адам өлүмүнө катыштыгы бар деген бардык күнөөлөөлөрдү четке кагарын айткан. Ал БУУнун Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрүн "эч бир нерсеге негизделбеген нерсени эмоция менен кабыл алуудан алысыраак болуп, жакшылап ой жүгүртүп, фактыларды салыштырууга" чакырган. Анын айтымына караганда, кеп "окшоштуруп жасалган шумдуктуу иш" туурасында жүрүп жатат, ал россиялык армияны жаманатты кылуу, каралоо максатын көздөгөн.
Кечээ Пентагон өкүлү америкалык тараптын бул окуялар туурасында көз карандысыз тастыктоосу жоктугун айткан.
БУУдагы Россиянын туруктуу өкүлү Василий Небензя. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Небензя Бучадагы чагымчылык туурасында далилдерди айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0