Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинанын Бучадагы чагымчылдыгы: орустарга каршы акыркы аргумент

© REUTERS / MARKO DJURICAБуча шаарында аскерлердин жана ЖМКнын курчоосунда турган Украинанын президенти Владимир Зеленский
Буча шаарында аскерлердин жана ЖМКнын курчоосунда турган Украинанын президенти Владимир Зеленский - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
Жазылуу
Украинадагы атайын операциянын кыркынчы күнүндө "басып алынган аймактагы орустардын жырткычтыгы" тууралуу кадрлар пайда боло баштады.
Россия аскерлери чыгып кеткен Буча шаарынан тартылды деп жарыяланган видеодо жай тургундардын көчөдө өлүп жатканы, сөөктөр ташталган аңдар көрсөтүлгөн. Армия шаардан бир нече күч мурун чыгып кеткен, андан кийин элге кайрылган калаа мэри да өлтүрүлгөндөр тууралуу ооз ачкан эмес. Бирок ушу тапта буга тынчсызданган жан жок, россиялык армия чыгып кеткенден кийин шаарга Украинанын аскер бөлүктөрү киргенин айткан да киши болбоду. Ким кимди качан өлтүрдү? Азыр Украинада муну эч ким териштирбей турганын жазган Петр Акоповдун макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Анткени Владимир Зеленский дароо эле Россияны геноцидге айыптап чыкты. "Жерибизге баш кесерлер, киши өлтүргүчтөр, зордукчулар, мародёрлор келишти. Алар өздөрүн армия деп атоодо... Адамдарды билип туруп ырахаттануу менен өлтүрүштү... Анткени россиялык аскерлердин табияты ушундай, алардын колунан башка эч нерсе келбейт", — деди Украинанын жетекчиси.
Үрөй учурган кадрларды батыш ЖМКларынын баары жарыялап, саясатчылар катуу сындап чыгышты. Берлин жаңы санкциялар керек десе, Борис Жонсон орус армиясын ачкачылыкка кептейм деп коркутууда. Еврокомиссия иликтөө иштерин баштоону демилгелеп жатса, Жо Байден Владимир Путинди "кылмышкер" деген сөзүнө бекер жерден кине укканын айтты:
"Ал — кылмышкер. Бирок биз маалымат чогултуп, Украинаны согушуу үчүн курал-жарак менен камсыздап турушубуз керек, аскерий кылмыш олуттуу соттук иш деп табылышы үчүн деталдарды чогулта берүү кажет. Бул жигит — жырткыч. Бучада болгон окуя акылга сыйбайт, баары көрүштү. Менин баамымда бул аскердик кылмыш. Жаңы санкцияларды киргизе берүүнү улантам".
Баарынан да поляктар катуу кетти. Өлкөнүн премьери Моравецкий Россияны тоталитардык-фашисттик өлкө атап, Бучадагы окуяга геноцид деп баа берди:
"Бул фашисттик өлкөдөн чыгып кетүүнү каалагандарга берилүүчү гуманитардык визадан башка виза берүүнү токтотуп, Россия коомчулугуна олуттуу санкциялар киргизилиши керек. Биз Путиндин "Единая Россия" партиясынын ар бир мүчөсүнө санкция киргизүүнү сунуштадык, болуп жаткан окуяга Путин эле эмес, аны колдогондор да жооп бериши керек. Россиялык нефть менен газдан баш тартуу үчүн радикалдуу план сунуштадык. Европалык лидерлердин баарын ушуга чакырам, эч нерседен коркпоңуздар!"
Биологиялык коркунуч белгиси бар муздаткычы менен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2022
АКШнын Украинадагы биолабораториялары: максаты, каржылоосу жана Байдендердин изи
Демек, көрсө, европалык лидерлер Россияга каршы жаңы санкциялардан кооптонбогудай болушу керек экен да! Польшанын премьери аларды чечкинсиздиги үчүн ачык эле айыптап жатат:
"Европада абал түшүнүктүү. Саммиттерден көрүнүп жатат. Германия — чечкиндүү санкциялардын башкы тормозу... Макрон мырза, Путин менен канча жолу сүйлөштүңүз? Эмнеге жетиштиңиз? Кайсы бир окуяларды алдын алдыңызбы? Кылмышкерлер менен мунасага келбейт, кылмышкерлер менен күрөшүү керек".
Башкача айтканда, немецтер менен француздар аяк-башын жыйып, өз өмүрүнө кол салышы керек экен. Россиялык энергоресурстардан баш тартуу андан башка эмнеге кептемек эле? Башка олуттуу деле санкция калган жок. Берлин менен Париж өз экономикасына балта чапкысы келбейт, ошол эле Макрон Европанын биротоло англосактардын куурчагына айланып калышын каалабайт, демек, бул каршылыкты сындыруу керек. Кантип? Орустар менен соода алакасынан баш тартып, далысын салууну талап кылган коомдук пикир аркылуу басым жасап.
Зеленский эмне тууралуу айтып жатат? "Россия мамлекети эми ушундайча кабыл алынып калат. Бул сиздердин образ. Маданият, адамгерчилигиңер силер басып кирген украиналыктар менен кошо жок болду". Башкача айтканда, орустарды киши катарынан чыгаруу аракети жүрүп жатат. Зеленскийдин айтымында, орустар эми Украинадан башка аймакка да кооптуулук жаратып жаткан имиш:
"Украиналык адамдардын стандарты болот. Россиялык оккупанттардын да стандарты бар. Бул жакшылык менен жамандыктын кармашы. Бул Европа менен баарын жок кылууну каалаган кара саз".
Бир сөз менен айтканда, орустар киши сыягынан кетип калган, ал эми Россия — Украина менен Европаны жок кылмакка багыт алган кара саз. Бул Зеленскийдин сөзү, аны Моравецкий колдоодо, экөө биригип батыш европалыктарды ушундай нацисттик аныктама менен макул болууга мажбурлап жатышат. Бирок азыр буга ким башын оорутмак эле?
Европаны азыраак калган өз алдынчалуулугунан биротоло ажыратуу үчүн болушунча жүрөгүнүн үшүн алып койгулары бар. Бирок жалпы Батыш сыяктуу эле акыркы 40 күндүн курмандыктары үчүн Европанын деле жүрөгү оорубайт, ага баары бир.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украинанын Бучадагы чагымчылыгын РФке каршы колдонуу аракети жүрүүдө
Украинада каза болгондордун саны 20 миң кишиге жетти, Россиянын 1,5 миңдей аскери, ДЭР менен ЛЭРден да ушунча жоокер көз жумду, украин тараптан да каза болгондор жай тургундарды кошкондо 20 миңге чамалап барат. Бул жарандык согушта, ооба, эки мамлекет тирешип жатса да жарандык болуп саналат, орус каны көп төгүлдү. Бул орустар үчүн чындап чоң каргаша.
Батыш өлгөндөргө биздей күйүп, биздей аза күтүп жатат деп ойлойсуңарбы? Же Украинаны Россия менен күрөшүү үчүн пайдаланганына өкүнөт деп турасызбы? Жок, албетте, жок. Буга геосаясаттан башка да себеп бар. Англосактар үчүн орустар ирактыктар, йемендиктер, сомалиликтер же афгандар сыяктуу эле. Башкача айтканда, экинчи сорттогу адамдар, кимиси өлүп, кимиси жашап жатканы менен эч кимдин иши жок. Болгону бир гана айырма бар: орустар жакын жайгашкан жана өңү агыш. Украинанын версиясы боюнча алар жапырт Европага качып, мурунку качкындардын да, жергиликтүү тургундардын да нааразычылыгын жаратып жаткан имиш.
Батыш ушу тапта Россияны эле желмогуз кылып көрсөтпөстөн, элин да киши катарынан чыгарып салды: шайтандын, башкача айтканда, Путиндин кулу, дүйнөнү азапка салчу кооптуулук дешти. Европалыктар буга көнүп деле бүтүшкөн, анткени мындай ойду кылымдап мээсине сиңирип келген эмеспи. Ошон үчүн "Бучадагы орустардын курмандыктары" пайда болбой коё албайт эле. Батыш Россиянын дал ушундай образда көргүсү келет.
Россия согуштук аракеттерди баштады, аскердик объектилерге сокку уруп жатат, адамдар өлүүдө... Мындан артык жаманатты кыла албай болчу, ошентсе да Мариуполдогу төрөт үйүнө урулган сокку, жер төлөдө жашырынган элди аткылоо дегендерди ойлоп табышты.
Эми минтип Бучадагы чагымчылык чыкты. Көчөдө жаткандарды ким өлтүрдү? "Албетте, орустар". Болбосо алар шаарга кайтып келген украин отряддарынын мыкаачылыгы болушу толук мүмкүн. Бирок муну Батышка түшүндүрүп болбойт, ал "орус жырткычтары" деген ишенимге далил алышы керек жана кандай болгон күндө да алат.
Россия Украинада эмне гана кылбасын, Батыштын ою өзгөрбөйт. Орустар ушуну түшүнүшү керек. Бул россиялыктар үчүн жарандык согуш, ал эми Батыш үчүн "орус кан ичкичинин" көнүмүш образын кайтаруу аракети, мындай кадам өз элин орустар менен күрөшүүгө даярдануу үчүн керек. Тээ илгери, XIX-XX кылымдарда, тирешүү согуш талаасында жүрсө, азыр экономикалык айдыңда жүрүп жатат.
Мына ушуну түшүнгөндөн кийин Батыштын Россия тууралуу эмне деп жатканы баары бир болуп калат. Бул Россиянын ичиндеги тирешүү, ондогон жылдар бою антироссиялык аракеттерге дароо реакция кылбай жатып, Батыштын көзүн карай берип ушуга жетти.
Дагы далай кан төгүлөт, бирок өлкө анын эмне үчүн төгүлүп жатканын так билет. Биринчи кезекте бирөөнүн пикиринен, жалган сөзүнөн көз каранды болууну токтотуу максаты коюлган.
Украинадагы улутчулдардын жүрүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.04.2022
Өзү тутанткан отту өзгөнүн колу менен кармагандар. Геосаясат жөнүндө ой толгоо
Жаңылыктар түрмөгү
0