Быйыл өткөрүлчү мамлекеттик деңгээлдеги маараке менен иш-чаралар. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желеги. Архив
Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2022
Жазылуу
Иш-чараларды өткөрүү үчүн каражат республикалык бюджет, тиешелүү министрликтер, ведомстволордон тышкары гранттар жана демөөрчүлөрдөн алынат.
БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. 2022-жылга республикалык маанидеги юбилейлик иш-чаралардын тизмеси бекитилип, документке министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Токтом быйылкы юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү максатында чыгарылган.
Буларды өткөрүү республикалык бюджеттин, тиешелүү министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын бюджетинен каржыланат. Ошондой эле грант жана демөөрчүлүк каражаттар пайдаланылат.
Улуттук маанидеги юбийлейлик иш-чаралар:
Тоолуу Кыргыз облусун түзүү демилгесинин 100 жылдыгы;
Кыргыздын туңгуч окумуштуусу, агартуучусу Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгы;
20-кылымдагы Кыргызстандын көрүнүктүү жазуучусу, коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдык мааракеси;
Кыргыздын туңгуч художниги, кыргыз улуттук профессионалдык искусствосунун негиз салуучуларынын бири, СССРдин эл артисти Гапар Айтиевдин 110 жылдыгы;
Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин 100 жылдыгы;
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Арстанбек Дүйшеевдин 90 жылдыгы;
Аксы окуясынын 20 жылдыгы.
Корпоративдик маанидеги юбилейлик иш-чаралар:
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын түзүлүшүна 50 жыл;
Чоң-Алай районунун түзүлүшүнө 30 жыл;
Шаамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын түзүлүшүнө 30 жыл;
Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын түзүлгөнүнө 30 жыл.
Юбилейлик иш-чаралар:
Тарыхый инсан Ормон хандын 230 жылдыгы;
Тарыхый инсан Байтик Канай уулунун (Байтик баатыр) 200 жылдыгы;
Манасчы, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эл артисти Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгы;
Залкар комузчу Коргол Досу уулунун 140 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эл жазуучусу Касымалы Баялиновдун 120 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эл артисти Владимир Ференин 120 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эл артисти Владимир Власовдун 120 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эл артисти Муса Баетовдун 120 жылдыгы;
Акын жана жазуучу Мукай Элебаевдин 120 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Шекербек Шеркуловдун 120 жылдыгы;
20-кылымдын залкар акыны Казыбек Мамбетимин уулунун (Казыбек казалчы) 120 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги Асылбек Алтымышбаевдин 110 жылдыгы;
Социалисттик эмгектин баатыры, коомдук жана саясий ишмер Акматбек Нуржановдун 100 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эл жазуучусу Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын академиги Жумагул Алышбаевдин 100 жылдыгы;
Мамлекеттик жана саясий ишмер Матен Сыдыковдун 100 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эл акыны Жалил Садыковдун 90 жылдыгы;
КР эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери Жалил Абдыкадыровдун 90 жылдыгы;
КР эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин 90 жылдыгы;
КР эл артисти Советбек Жумадыловдун 90 жылдыгы;
КР эл артисти Орозбек Кутманалиевдин 90 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Мейилкан Козубекованын 90 жылдыгы;
Белгилүү обончу, ырчы Ормонбек Асановдун 90 жылдыгы;
КР эл артисти Геннадий Базаровдун 80 жылдыгы;
КР эл артисти Манасбек Мусаевдин 80 жылдыгы;
КР эмгек сиңирген артисти Сапар Исмаиловдун 80 жылдыгы;
КР эл артисти Төлөгөн Томотоевдун 80 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Чоро Кожомжаровдун 80 жылдыгы;
Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги Бектур Исаковдун 80 жылдыгы;
КР эл артисти Нуржамал Табалдиеванын 70 жылдыгы;
КТРКнын биринчи жетекчиси Сатыбалды Жээнбековдун 70 жылдыгы;
Белгилүү обончу, ырчы Жолдошбек Мамажановдун 70 жылдыгы;
КР эл артисти Келдибек Ниязовдун 70 жылдыгы;
КР эл артисти Чоро Дубанаевдин 70 жылдыгы;
КР эл артисти Замирбек Үсөнбаев, 70 жылдыгы;
Белгилүү обончу, ырчы, аткаруучу Арзыбек Бедияровдун 70 жылдыгы.
Майрамдын параддагы аскерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2022
Кыргызстандыктар 1-майдан 10-майга чейин эс алышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0