Салык кызматынын башчысынын 26 жаштагы орун басары Кыдыргычовдун таржымалы

© Фото / PexelsАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.03.2022
Жазылуу
Исламбек Кыдыргычовдун өмүр жолу жана ишмердүүлүгү тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган "Таржымал" рубрикасынан билүүгө болот.
Исламбек Кыдыргычов 1995-жылдын 7-июнунда туулган.
Жогорку билимдүү. 2014-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумунун "экономика, аудит жана бухгалтердик эсеп" адистигин аяктаган;
2018 — Кыргыз улуттук университетинин "экономика жана бухгалтердик эсеп" адистигин аяктаган;
2021 — Кыргыз улуттук университетинин "юриспруденция" адистигин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
2016-2017 — Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын ага инспектору;
2019-2019 — Мамлекеттик салык кызматынын Свердлов району боюнча башкармалыктын ага инспектору;
2019-2021 — өкмөттүн аппаратында каржы жана насыя саясаты бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти;
2020-жылдын январь айынан бери салык жана бажы администрациясын санариптештирүү маселелери боюнча координациялык кеңештин мүчөсү;
2021-2022 — президенттин администрациясында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдери боюнча экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
2022-жылдын 24-мартынан тарта Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары.
Жаңылыктар түрмөгү
0