Садыр Жапаров: коркунучтарга жооп кайтарууга аскердик техникалардын болушу маанилүү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров УКМКнын чек ара кызматына техникаларды тапшыруу аземинде
Президент Садыр Жапаров УКМКнын чек ара кызматына техникаларды тапшыруу аземинде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Жазылуу
Мамлекет башчы быйыл чек ара коопсуздугун күчтөндүрүү үчүн азырынча 3 миллиард сом бөлүнүп жатканын айтты.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгү аскердик саясатынан, Куралдуу күчтөрдүн даярдыгынан, техникалык жактан камсыздалышынан жана экономиканын туруктуулугунан көз каранды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров УКМКнын чек ара кызматына техникаларды тапшыруу аземинде билдирди.
Мамлекет башчы өткөн жылы аскердик техника алууга бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөндүрүү үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каралып жатканын белгиледи.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Мамлекет башчы өткөн жылы аскердик техника алууга бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөндүрүү үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каралып жатканын белгиледи

Мамлекет башчы өткөн жылы аскердик техника алууга бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөндүрүү үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каралып жатканын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
1/2

Мамлекет башчы өткөн жылы аскердик техника алууга бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөндүрүү үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каралып жатканын белгиледи

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Ошондой эле ал зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, бүгүн келген "Тигр" үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон автоунаалар жана башка курал-жарактар сатып алынып жатканын кошумчалады

Ошондой эле ал зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, бүгүн келген "Тигр" үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон автоунаалар жана башка курал-жарактар сатып алынып жатканын кошумчалады - Sputnik Кыргызстан
2/2

Ошондой эле ал зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, бүгүн келген "Тигр" үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон автоунаалар жана башка курал-жарактар сатып алынып жатканын кошумчалады

1/2

Мамлекет башчы өткөн жылы аскердик техника алууга бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөндүрүү үчүн азырынча 3 миллиард сомго жакын каралып жатканын белгиледи

2/2

Ошондой эле ал зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, бүгүн келген "Тигр" үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон автоунаалар жана башка курал-жарактар сатып алынып жатканын кошумчалады

"Биз эч качан биринчилерден болуп башка бирөөлөргө катылбайбыз. Бирок катылгандын катыгын берип келген Манас атабыздын урпактары катары духу күчтүү чек арачыларыбыз берген антына бекем туруп, кынтыксыз кызмат өтөп жаткандыгында эч кимдин шеги жок. Ошентсе дагы бүгүнкү замандын чакырыктары менен коркунучтарына тийиштүү жооп кайтарууга заманбап техникалардын болушу дагы өтө маанилүү фактор болуп саналат. Мына ошондуктан чек арачыларыбызды заманбап техника жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууну улантып жатабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал зарыл болгон жаңы чек ара тозоттору, турак үйлөр, учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техникалар, автоунаалар, бүгүн келген "Тигр" үлгүсүндөгү тоо-таштардан, жолсуз жерлерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору болгон автоунаалар жана башка курал-жарактар сатып алынып жатканын кошумчалады.
Мунун баары мамлекеттик бюджеттин эсебинен алынып жатканын эске салды.
"Буга чейин жалаң гана гранттардын эсебинен жардам катары эски аскердик техникалар келип турган. Мындан ары заманбап, жаңы техникаларды өз акчабызга сатып алып турабыз", — деди президент.
Мындан сырткары, аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушун жакшыртуу жаатындагы иштер да уланарын убадалады.
Учкучсуз учуучу Байрактар аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2022
Ташиев: жакында "Байрактарды" колдонуп машыгуу өткөрөбүз
Жаңылыктар түрмөгү
0