https://sputnik.kg/20220228/swift-boyuncha-kyrgyzstandyn-banktary-kiychalysh-abalga-keptelbeybi-1062443763.html
SWIFT: Кыргызстандын банктары кыйчалыш абалга кептелбейби? УБнын жообу
SWIFT: Кыргызстандын банктары кыйчалыш абалга кептелбейби? УБнын жообу
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөндүктөн төлөмдөр үзгүлтүккө учурабайт... 28.02.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-02-28T10:53+0600
2022-02-28T10:53+0600
2022-02-28T20:36+0600
кыргызстан
экономика
улуттук банк
swift
россия
украина
төлөм
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0e/1052120649_0:173:3027:1876_1920x0_80_0_0_53e2998b9c8c30a86557c1d223b5b8f0.jpg
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылгандыктан Россиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги жергиликтүү банк кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт. Бул туурасында Улуттук банктын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.Мындан тышкары, Улуттук банктын талабына ылайык, коммерциялык банктар финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн альтернативдүү байланыш каналдарына ээ экендигин билдиришкен.Чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөндүктөн төлөмдөр үзгүлтүккө учурабайт дешти."Кыргызстандын банк системасы өзүнүн туруктуулугун сактап турат. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатат жана Улуттук банк сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча да кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу менен кардарларга банк кызматтарын толук көрсөтүшүүдө. Кыргызстандын банктарынын алыскы чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдери бар. Алар өлкөнүн чегинен тышкары товар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылган маалыматта.Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү жетиштүү жана товарлар, кызмат көрсөтүүлөр боюнча алдыдагы алты айлык көлөмдүн ордун жабат. 2022-жылдын 26-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү 2 768 млн. долларды түзгөн.Эске салсак, Россия менен Украинанын азыркы чыңалган мамилесинен улам Евробиримдикке кирген мамлекеттер Россияны SWIFT эл аралык банктык төлөм системасынан чыгаруу боюнча маселе көтөрүлгөн. Кечээ, 27-февралда, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлерине россиялык банктарды SWIFT системасынан өчүрүүнү сунуштаарын айтканын ЖМКлар жазып чыкты. Ал эми Дүйнөдөгү банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коому (SWIFT) европалык өлкөлөрдүн тиешелүү "укуктук көрсөтмөсүнөн" кийин Россиянын бир катар банктарына салынган санкция боюнча чечимдерди аткарууга даяр экенин билдирди.SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдар жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалымат алышып-беришип турчу система.
https://sputnik.kg/20220227/uluttuk-bank-dollar-kymbattayby-zhoop-1062413750.html
https://sputnik.kg/20220225/kyrgyzstan-dollar-som-prognoz-1062368484.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/04/0e/1052120649_148:0:2879:2048_1920x0_80_0_0_cf8ba6d3989d86dc1fdc7b547a766351.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, улуттук банк, swift, россия, украина, төлөм
кыргызстан, экономика, улуттук банк, swift, россия, украина, төлөм
SWIFT: Кыргызстандын банктары кыйчалыш абалга кептелбейби? УБнын жообу
10:53 28.02.2022 (Жаңыртылды: 20:36 28.02.2022) Улуттук банк чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөндүктөн төлөмдөр үзгүлтүккө учурабайт деп ишендирүүдө.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы коммерциялык банктарынын көпчүлүгү Улуттук банк аркылуу же түздөн-түз SWIFT системасына туташтырылгандыктан Россиянын айрым банктарын SWIFT системасынан өчүрүү тобокелдиги жергиликтүү банк кардарларынын төлөмдөрүн токтотууга алып келбейт. Бул туурасында Улуттук банктын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Мындан тышкары, Улуттук банктын талабына ылайык, коммерциялык банктар финансылык билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн альтернативдүү байланыш каналдарына ээ экендигин билдиришкен.
"Кыргызстандын улуттук төлөм системасы жана акча которуу системалары штаттык режимде иштеп жатат. Башка өлкөдө болуп жаткан жагдайдын улуттук төлөм системасынын жана акча которуу системаларынын иштешине тийгизген таасиринин деңгээли минималдуу болуп саналат", — деп билдирди Улуттук банктан.
Чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдер түзүлгөндүктөн төлөмдөр үзгүлтүккө учурабайт дешти.
"Кыргызстандын банк системасы өзүнүн туруктуулугун сактап турат. Коммерциялык банктар штаттык режимде иштеп жатат жана Улуттук банк сыяктуу эле эл аралык төлөм системалары боюнча да кызмат көрсөтүүлөрдү кошуу менен кардарларга банк кызматтарын толук көрсөтүшүүдө. Кыргызстандын банктарынын алыскы чет өлкөлөрдүн, ЕАЭБ жана КМШ өлкөлөрүнүн банктары менен корреспонденттик мамилелер боюнча келишимдери бар. Алар өлкөнүн чегинен тышкары товар менен кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет", — деп айтылган маалыматта.
Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү жетиштүү жана товарлар, кызмат көрсөтүүлөр боюнча алдыдагы алты айлык көлөмдүн ордун жабат. 2022-жылдын 26-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерв көлөмү 2 768 млн. долларды түзгөн.
"Улуттук банк тышкы финансы рынокторундагы, соода боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн экономикасындагы кырдаалга туруктуу негизде байкоо жүргүзүп, көзөмөлдөөдө. Зарыл болгон учурда өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун андан ары камсыз кылуу үчүн тиешелүү чараларды көрөт", — деп кошумчалаган аталган банктан.
Эске салсак, Россия менен Украинанын азыркы чыңалган мамилесинен улам Евробиримдикке кирген мамлекеттер Россияны SWIFT эл аралык банктык төлөм системасынан
чыгаруу боюнча маселе көтөрүлгөн. Кечээ, 27-февралда, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлерине россиялык банктарды SWIFT системасынан өчүрүүнү сунуштаарын айтканын ЖМКлар жазып чыкты. Ал эми Дүйнөдөгү банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коому (SWIFT) европалык өлкөлөрдүн тиешелүү "укуктук көрсөтмөсүнөн" кийин Россиянын бир катар банктарына салынган санкция боюнча чечимдерди
аткарууга даяр экенин билдирди.
SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдар жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалымат алышып-беришип турчу система.
27 Бирдин айы 2022, 12:22
25 Бирдин айы 2022, 18:06