Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

ЖМК: SWIFT Европа өлкөлөрүнүн санкция боюнча чечимин аткарууга даяр

© REUTERS / CHRIS HELGRENДүйнөдөгү банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коому (SWIFT)
Дүйнөдөгү банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коому (SWIFT)  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Жазылуу
Буга чейин Германия батыш лидерлеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен санкцияга кабылган россиялык банктар SWIFT системасынан чыгарыларын билдирген эле.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Дүйнөдөгү банктар аралык финансылык телекоммуникациялар коому (SWIFT) европалык өлкөлөрдүн тиешелүү "укуктук көрсөтмөсүнөн" кийин Россиянын бир катар банктарына салынган санкция боюнча чечимдерди аткарууга даяр. Бул тууралуу Reuters агенттигине таянып РИА Новости кабарлады.
Буга чейин Германиянын министрлер кабинети батыш лидерлеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы менен санкцияга кабылган россиялык банктар SWIFT системасынан чыгарыларын билдирген эле.
"Жаңы чаралар колдонула турган уюмдар боюнча бардык маселелерди тактап алыш үчүн биз европалык бийлик менен өз ара иштешебиз жана алардын укуктук көрсөтмөсү боюнча иштерди аткарууга даярбыз", — деп айтылган SWIFT тараткан билдирүүдө.
Санкцияларды катуулатуу боюнча чараларды АКШ, Франция, Канада, Италия, Британия, Германия жана Еврокомиссия кабыл алды. Батыш өлкөлөрү SWIFT системасынан банктарды чыгарып салуудан тышкары Россиянын Борбордук банкынын эл аралык финансылык операцияларда рублдин курсун колдоп турган мүмкүнчүлүгүн чектөөнү чечкен. Андан сырткары оокаттуу, колунда бар россиялыктардын инвестиция салып, анын ордуна европа жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү да жоюулары айтылды.
Россия президенти Владимир Путин 21-февралда Луганск жана Донецк элдик республикаларын таануу боюнча жарлыкка кол койгон. Алар 2014-жылы өздөрүн Киевден көз карандысызбыз деп жарыялаган. 24-февралдын таңынан тарта Россия Украинаны куралсыздандыруу боюнча операцияны баштады. Бул туурасында Путин элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылган. Ал Москва Украинаны басып алууну эмес, бул өлкөнү куралсыздандырууну көздөгөндүгүн айткан. Мамлекет башчы операциянын максаты сегиз жылдан бери геноцидге кабылып келген, Луганск жана Донецк элдик республикаларынын элин коргоо экенин билдирген.
Австралия өкмөт башчысы Скотт Моррисон  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Австралия премьери Украинага куралды НАТО аркылуу беришерин билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0