Кыргызстанда доллардын курсу мындан ары кандай болору божомолдонду

© REUTERS / DADO RUVICБир доллар купюра. Иллюстративдик сүрөт
Бир доллар купюра. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Жазылуу
Бейшемби күнү доллар 10 сомго кымбаттап кетип, бирок эртеси эле акырындык менен арзандай баштады. Мунун себебин Sputnik Кыргызстан редакциясына адистер түшүндүрдү.
24-февраль күнү Кыргызстанда АКШ акчасынын наркы 10 сомго көтөрүлүп, сатып алуу 94 сомго, сатуу 95 сомго жетти. Sputnik Кыргызстан редакциясы анын себебин эске салып, серепчилерден мындан аркы курс боюнча божомолун сурады.

Көтөрүлүү себеби

Бейшемби күнү эртең менен Россиянын президенти Владимир Путиндин Донбасстагы аскердик атайын операция тууралуу билдирүүсү чыккан соң рублдин курсу түшүп кетти. Андан соң Москва биржасы сатыкты токтотуп койду. Ушул эле күнү доллар баасы Москвада тарыхый рекорд коюп, 89,6 рублге чыкты. Евро 99,99 рублге өсүп, 2014-жылдан бери эң жогорку көрсөткүчкө жетти (анда 1 евро 100,74 рублге сатылган болчу). Андан соң теңге менен сомдун наркы түшө баштады.
Анын себебин Кыргызстандын Улуттук банкынан айтып беришти:
рублдин туруксуздугуна Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү экени таасир этти;
сомдун баасына чет элдик валюталарга болгон суроо-талап дагы таасир этет. Ал эми кечээ Кыргызстанда доллар алууну каалгандар арбын болду;
соода өнөктөштөрдүн финансылык рынокторунда түзүлгөн кечээки кырдаал көбүнесе психологиялык факторлордон улам келип чыкты.

Улуттук банктын кадамдары

24-февраль күнү Улуттук банктын жетекчилиги банк секторунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар мамлекеттин валюта рыногундагы кырдаалды талкуулап, геосаясий кырдаалга байланыштуу өлкөнүн банктык жана төлөм системасындагы туруктуулугун сактоо жолдорун айтышты.
Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Улуттук банк 13 миллион доллардан көбүрөөк суммага интервенция жасады.

Сом бүгүн бир катар позициядан утуп чыкты

Доллар курсу түшө баштады:
сатып алуу 89-90 сомдун ортосунда;
сатуу 89,5тен 91 сомго чейин.
Москва биржасындагы маалыматтар боюнча, рубль кайрадан өз позициясын бекемдеп, доллар 84 рублге түштү. Евро 94 рублден сатылууда.

Адистердин пикири

Финансы маселелери боюнча адис Илимбек Абдиев валюталар курсунун олку-солку болушунун себептерин атады:
© Sputnik / Табылды КадырбековФинансы маселелери боюнча адис Илимбек Абдиев
Завотделом развития инвестиционного потенциала АПЗИ КР Илимбек Абдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
Финансы маселелери боюнча адис Илимбек Абдиев
ата мекендик валюта рыногу соода өнөктөштөр менен тыгыз байланышта. Украинадагы атайын операция экономикалык жагдайга таасир этип, Москва биржасындагы абалдын кескин өзгөрүшү;
мындан аркы абал санкциялардан жана аскердик аракеттердин (же аларга адаптация болчу мөөнөттөн) узактыгынан көз каранды;
энергоресурстарга болгон азыркыдай баа жана ички даярдыктан улам Россиянын валюта рыногунда чукул өзгөрүүлөр болбойт. Бул нерсе биздин экономикага дагы таасирин тийгизет;
мындан улам экономика өзгөрүүлөргө ылайыкташып күн көрөт.
"Альянс" акча алмаштыруу бюролор ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов бүгүн доллардын курсу төмөндөй башташына эмне себеп болгонун айтып берди.
© Фото / из личного архива Думана Рыскулова"Альянс" акча алмаштыруу бюролор ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов
Заместитель председателя Ассоциации обменных бюро Альянс Думан Рыскулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2022
"Альянс" акча алмаштыруу бюролор ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов
"Кечээ ажиотаж болуп, дүйнөлүк рынокто бардыгы НАТО менен БУУ эмне дээр экен деп күтүп жаткан. Бирок алар жөн гана санкциялар менен чектелишти. Анын аркасы менен рубль, андан соң сом кайрадан күчтөнө баштады. Азыр доллар туптуура 90 сомдун чегинде кармалып турат. Мындан ары доллардын курсун рынок жөнгө салышы мүмкүн. Анткени бардыгы суроо-талап жана сунуштан көз каранды", — деди Рыскулов.
Ошондой эле ал доллар курсу боюнча азыр так кесе айта албасын, бардыгы ички рынок, тышкы саясий факторлордон жана Улуттук банктын саясатынан көз каранды экенин кошумчалады.

Улуттук банк буга чейин эмне деген?

Улуттук банктын эл аралык резервдеринин көлөмү жетиштүү жана ал өлкөнүн товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр рыногунун келечектеги көлөмүнүн алты айын жабат. 2022-жылдын 22-февралына карата абал боюнча Улуттук банктын эл аралык резерви 2 792,4 миллион долларды түзөт.
Эл аралык резерв запасынын жетиштүү болушу жана валюталык интервенцияларды жүргүзүү аркылуу Улуттук банктын ыкчам кийлигишүү мүмкүнчүлүгү валюта рыногунда жагдайдын туруктуу абалда кармалып турушун камсыз кыларын кошумчалаган.
Кыргызстандын Улуттук банк имараты. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2022
Улуттук банк доллардын кымбатташы боюнча түшүндүрмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0