Өчөшүп калабы дейм. Күйөөсү менен жетекчисинин ортосунда кыйналган келиндин каты

© Фото / Pexels / cottonbroКыз бий учурунда. Архив
Кыз бий учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.01.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына корпоративдин айынан жолдошунун кызматтан кол жууп калуу алдында турган келин кат жазган.
Саламатсыздарбы! Мен да жолдошумдун жумушундагы көйгөйүнө байланыштуу психологго кат жазууну туура көрүп отурам. Күйөөм экөөбүз бир жерде иштейбиз. Мындан жыйырма күн мурда жумуштагылардын корпоративи болуп, баары кафеге чогулушкан. Мен ооруп калып барган эмесмин. Ошондон кийин эле көйгөй башталды. Мен 28, жолдошум 32 жашта. Жетекчибиз негизи экинчи турмушу менен жашайт. Өзү элүүгө чыгып калган. Аялы биз менен тең, отуз жаштардагы келин. Корпоративге баары жубайларын ээрчитип барышыптыр. Анан кече кызып калганда шефтин аялы мас болуп калып, ар ким менен бийлептир. Ошол убакта күйөөм да кызуу экен. Экөө шыңкылдап бийлеп жатса, сыртта жүргөн жетекчибиз кирип калып аны көрөт. Тиги келин мас болуп калгандыктан күйөөмө аябай жабышып, адаттан тыш бийлептир. Ошондон кийин эле жетекчибиз ызырынып калган көрүнөт. Сурамжылоомо караганда, шеф андан кийин тамак ичип, тост сүйлөп унчукпай бир сааттай чыдап отуруптур да, анан аялын алып үйүнө кеткен экен. Кийин үйүнөн келинчегин тилдесе, ал күйөөмдү "тийишип, мени кармалады" деп даттанган имиш. Өзү абдан өңдүү-түстүү, чалчактаган эрке аял. Ортосунда бир баласы бар. Андан кийин шеф күйөөмдү кабинетине чакырып, "жумуштан сыйың менен арыз жазып кетип кал, баары бир кетирем" дептир. Күйөөм "кетпейм, жумуштан чыгарса аялынын өпкөсүн үзөм" деп көгөрүп жатат. Башым катып калды. Биз мамлекеттик жумушта иштейбиз. Жолдошумдун кызматы деле жакшы. Биз да үйдөн уруштук. Мен да чыр салып, бир сыйра тилдеп тим болдум. Эми эмне болот? Акырындан көтөрүлүп келе жаткан. Өзү кесипкөй кызматкер, бирок ичсе эле ошентип алып-учуп өзүн көзөмөлдөй албай калат. Жетекчиге кирип өзүм сүйлөшүп көрсөмбү же мага да өчөшүп калабы, билбейм.

Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:

— Мамлекеттик болобу же жеке менчикпи бардык жамаат жетекчилери майрамда кесиптештерин корпоративге алып баргысы келери белгилүү. Анткени бул да бирге иштегендердин арасында өз ара түшүнүшүүнү жакшыртып, бир чети иштен эс алышат. Бирок жогорудагыдай кырдаалдар болуп калышы мүмкүн. Анткени алар өздөрүн жумуштагыдай эмес, кечеде күнүмдүк жашоодо кандай болсо, ошондой алып жүрүшөт. Үй-бүлөлүк маселелерин сүйлөшүшү мүмкүн. Деликаттуу кырдаал жаралып калат. Адам иште башкача, ал эми бош убактысында бөлөк. Эгер ичкилик бар болсо ортодогу чек, аралык жоголуп, кол кармашып же жакындашып бийлеши мүмкүн. Айрымдардын чыныгы жүзү да ачылат. Бул жерде жетекчилер да кимдин кандай экенин байкап, өз ара анализ кылат.
Мындай жерге барарда ар бир кызматкер өзүн даярдап, аралыкты сактоого аракет кылуу керек. Туугандар же аяштардын арасында баары кечиримдүү. Бирок кесиптештер арасында атаандаштык болгондуктан конфликттүү кырдаалдар пайда болуп кетиши ыктымал. Кээ бир адамдар өтө шайыр болушат. Төгүлүп-чачылып, баары менен кучакташып бийлегенди жактырат. Мүмкүн шефиңердин аялы да ошондой аялзатыдыр. Негизи жетекчи дайыма чыңалган абалда жүргөндүктөн андай кечелерде өзүн бош алып жүргүсү келет, бирок ал кол астындагылардын чектен чыгышын каалабайт. Ошондой эле ал өзүнө башкаларга карагандай көп нерсеге укуктуу деп эсептейт.
Жигит менен кыз өбүшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Келинимдин күйөөсүнүн көзүнө чөп салганы ойлондурат. Тынчсызданган аялдын каты
Бул жерде адам баарын байкап турбаса, чектен ашып кетсе үй-бүлөгө да бүлүк түшүп калышы ыктымал. Бир кызматкер үчүн эч ким үй-бүлөсүн бузгусу келбейт. Ошондуктан тиги аял деле жолдошуна актанып калп айтып коюшу мүмкүн. Ал жагын так айта албайбыз.
Ал эми кат жазган келиндин үй-бүлөсүндө кырдаал чатакка айланып кетти. Бул жерде баары терең ойлонушу керек. Ошол эле жетекчи кызматкерин күнөөлөрдөн мурда барын анализдеп алганы оң. Мурда кийин бул жигит жетекчисинин аялына тийишпесе, ойлонгону жакшы. Анын аялы да өз күнөөсүн сезип, бирөөнү бөөдө соккуга калтырбашы зарыл.
Сиз да жолдошуңузду жемелей бербеңиз. Ал да өзүн коргоого өтүп, сиз менен каршылашып чыгышы мүмкүн. Бул жерден баары бир жетекчинин таасири чоң, ошондуктан "күйөөм менен сүйлөштүм экинчи кайталанбайт" деп түшүндүрүүгө аракет кылганыңыз туура. Жолдошуңуздун башчы менен тирешкени болбойт. Андан көрө кийинки корпоративде өзүнүн жүрүм-туруму менен андай адам эмес экенин далилдөөгө аракет жасашы керек. Тирешсе жетекчинин намысына шек келтирип коюшу мүмкүн. Андан кийин ал биротоло артынан түшүп, кетирүүгө шылтоо издеп баштайт. Мунун кимге кереги бар...
Сиздер азыр кечиришүү абалында турасыздар. Убакытты созбой тил табышканга аракет кылыңыздар. Сиз бул жагынан күйөөңүзгө жардам бериңиз. Убакыт өтүп кетсе кеч болуп калат. Жолдошуңуз бир аз чегинип койгону оң. Жумуштагы конфликт кийин үй-бүлөгө да терс таасирин тийгизет. Менчик фирмада жетекчи, балким, иштен айдап жиберет, бирок мамлекеттик кызматта дароо кетире албайт. Ошондуктан убакыт бар. Жетекчилер да бул жерде терең анализдегенди билиши керек.
Түгөйлөр. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Үйдүн түйшүгүн тартып жүрсөм, күйөөм жаш кыз менен кетип калды. Аялдын даты
Урушкан түгөйлөр. Иллюстративдик сүрө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Аялымды көрсөм эле кыжырым келе берет. Ажырашууну каалаган жигиттин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0