Аялымды көрсөм эле кыжырым келе берет. Ажырашууну каалаган жигиттин каты

© Фото / Pexels / MART PRODUCTIONУрушкан түгөйлөр. Иллюстративдик сүрө
Урушкан түгөйлөр. Иллюстративдик сүрө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.01.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет. "Психолог менен баарлашуу" рубрикасына аялын жактырбай, аны көрсө эле "кыжыры келе берген" эркектин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы! Мен жыйырма жети жаштамын. Азыр Москвада мигрант катары жашап, иштеп жүрөм. Тапкан акчама Бишкектен ипотекага квартира алгам, азыр акысын ай сайын төлөп жатам. Эми дагы бир жылы калды. Ипотека бүтсө батирди ремонттоп, анан бир чоңураак машина алып мекенге биротоло кайтсам деген оюм бар. Ошондо Россияда дагы үч-төрт жыл кенен жүрөт окшойм. Азыр ишим жакшы эле. Бирок жеке жашоом оюмдагыдай эмес. Мындан эки жыл мурда Москвадан кыргызстандык 22 жаштагы кызга үйлөнүп алгам. Үйдөгүлөрүм менен деле акылдашкан эмесмин. Бирок андан кийин үйлөнгөнүмдү айткам. Эч кандай той кылган жокпуз. Жөн гана нике кыйдырып жашап алганбыз. Ошол жылы негедир жалгыздыктан тажап, үйлөнгүм келип жүргөм. Жаңы таанышканда келинчегим Москвага төрт ай мурда эле келип, жаңыдан көнүп келе жаткан кези экен. Жумуштан таанышып калып эле жумшактыгын жактырып баш кошком. Кийин толук жакшы көрүп кете алган жокмун. Такыр көңүлүмө төп келбейт. Анын үстүнө апамдар да жактырган жок. Апам өзү тарсылдаган аял. Келинчегим, тескерисинче, акырын, жай кыймылдайт.
Апам жамандаган сайын аялымдын кыймылдаганынан кынтык издей берем. Кичине туура эмес бир нерсе жасап койсо эле кыжырым келип кетет. Кээде чаап жиберген күндөрүм болот. Айрым учурда жумуштан маанайым жок келсем же күнүмдүк материалдык көйгөйлөргө туталанып турсам келинчегимден чыгарам. Ар кайсыны айтып наалырымды өзүм да байкап калдым. "Тимеле кишини жеп саласың" деп айтат. Башында ыйлап-ыйлап тим болсо, азыр ал да кошо айтышып, кыйкырышып урушат. Ансайын жаман көрүп кетем. Ортобузда бир муздак дубал бар. Кээде достордун аялдарын карап суктанам. Аялым такыр жасанбайт, жупуну жүрө берет. Эми боюнда болуп калыптыр "баланы алдырып сал" деп жатам. Ажырашып кетсек да балага убал. Ажырашам десем апам "макул" деп айтары шексиз, бирок аялымда күнөө жок эле ажырашып кетип ырыс кесер боломбу деп корком. Азыр келинчегим соолуп кетти. Аны карап ичимден "бирөөнүн тагдырына балта чаптым го" деп калам. Ага андай мамиле жасабайын дейм, болбой эле ороңдоп, кагып-силкип, жекирип салам. Мүмкүн өзүм ошондой майдачыл адамдырмын. Билбейм, чынын айтсам ойлонбой үйлөнүп алганыма өкүнөм. Ал да иштеп акчага тыгын болуп, батыраак бутка турайын деп эле алып алсам керек. Анын акчасын көбүнчө күнүмдүк жашоого керектеп, меникин ипотекага төлөйбүз. Эки ортодо кыйналып кеттим. Жакпаган аял менен жашоо эркек үчүн кыйын экен.
Түгөйлөр. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Үйдүн түйшүгүн тартып жүрсөм, күйөөм жаш кыз менен кетип калды. Аялдын даты
Муратбек Султанбеков, "Психоанализ КГ" психотерапия борборунун жетекчиси, психолог:
— Бул жерде ойлонбостуктан, жаштыктан улам үй-бүлө пайда болгон. Үй-бүлө кайсы бир материалдык кызыкчылык менен куралбайт. Эки адамдын түтүн булатуусунда башкы ролду сүйүү ойнойт. Башында кыйналып жүргөндө убактылуу кызыкчылыкты караган менен азыр материалдык жактан туруктуулук пайда болгону көзүңүз ачылып "ии, мындан башкасын деле алсам болмок экен. Туура эмес кылыптырмын" деп жубайыңызды чанып жатасыз. Жакшы жагы, сиз өзүңүздү бир аз сын көз менен карап, анализдей алат экенсиз. Бул сапат сизге жардам берет. Сиздердин үй-бүлөңүздөр психолог менен тыгыз иштешиши керек. Себеби очокту сактап калууга мүмкүнчүлүк бар. Үй-бүлөдө эки адамдын жан дүйнөсү, ортодогу байланыш баардыгынан жогору турат. Жашоодо аял-күйөөсү бара-бара жакын бир туугандардай болуп калары шексиз. Бири-бирин чындап сүйгөн, күнү-түнү издешкен жубайлардын мамилеси ата-эне, баладан да жакын. Экөөнүн ортосундагы мамилеге эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок. Баласы үйлөнгөн соң эне мурункудай эле "жылуу кийиндиңби, курсагың токпу" деген өңдүү камкордугун уланта берет. Бирок өтө ашынган камкордук экинчи жагынан үй-бүлөнү билинбей бузуп коюшу мүмкүн. Ата-эне бала үчүн кымбат нерсе. Ушул жерден балада энесинби, же аялынбы, кимди көбүрөөк сыйлаш керек деген эки тараптуу пикир жаралып калат. Бул жерде экөөнү тең таарынтпай, бирдей жакшы мамиле жасоо үчүн эркекке акылмандуулук керек. Бул катка бир жактуу эле жооп берүүгө болбойт. Көп маселе бар.
Ошол эле учурда түгөйлөрдүн бир үйдө бирин-бири кажап, урушуп, тилдеп жашоо өткөрүүсү жаман көрүнүш. Минтип көңүл ооруткандан көрө ажырашып кеткени туура. Балалуу болгондо анын баары баланын психологиясына, тагдырына терс таасирин тийгизет. Чын-чынына келгенде бул жерде көп күнөө жигиттен кетери көрүнүп турат. Ал үйлөнөрдө өзүнө ыңгайлуусун тандап алып алган. Анан эми апама жакпай калды деп отурат. Ата-эненин да ар кандайы болот. Ал кыз сизге турмушка чыгып жаткандан кийин сиз аны коргошуңуз керек. Аялды ата-эненин алдына алып барып "мына, каалашыңарча сынагыла, жумшагыла" деп эмес, өзүңүзгө өмүрлүк жолдош кылуу максатында алдыңыз. Бул жерде баарына ыңгайлуу, орток мамиле түзүлүшү керек. Үй-бүлөнү сактап калууну кааласа, психологиялык жактан баарын орду-ордуна коюп чыгуу керек. Бирок өзү да кыйналып, бирөөнү кордоп жашай бергенге болбойт. Мен деле ажырашууну колдобойм. Ошентсе да бир адамды кордоп, жекелигин талкалоого жол берүүдөн көрө эки башка жолго түшкөнү эле оң деген кеңеш бермекмин. Сизге адамдык баалуулуктан да материалдык байлык биринчи турары байкалууда. Үй-бүлөнү кичине эртерээк түзүп алгансыз. Баарын анализдеп туруп үйлөнүшүңүз керек болчу. Сиз алгач психологго барышыңыз керек. Бул жерде психологиялык чоң маселе пайда болгон.
Аял депрессия учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2021
Мурунку жолдошумдун аялына суктандым... Келиндин каты
Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Балам балалуу келиндин үстүнө кирип жашайм деп кууратты. Эненин каты
Жаңылыктар түрмөгү
0