Келинимдин күйөөсүнүн көзүнө чөп салганы ойлондурат. Тынчсызданган аялдын каты

© Фото / Pexels / Ron LachЖигит менен кыз өбүшүп жатат. Архив
Жигит менен кыз өбүшүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бөлөсүнүн жубайынын туура эмес жүрүм-турумуна кайдыгер карай албаган келиндин каты жарыяланды.
Саламатсыздарбы! Мен психологдон кеңеш алгым келет. Өзүм жакшы мекемеде эмгектенем. Мени менен чогуу башка бөлүмдө бөлөмдүн келинчеги иштейт. Маянабыз жакшы, ишибиз ойдогудай. Менин сүйүктүү жолдошум, кызым бар.
Жакында эле бөлөмдүн аялы жумуштагы бир бойдок бала менен жүрөрүн билдим. Тиги жигит күндө келинибиздин столуна кофе алып келип, эртең мененки тамакка ар кандай "сюрприз" даярдап коёт. Түшкү тамакка чогуу барышат. Кээде жаныбыздагы көп кабаттуу үйлөргө колтукташып кирип кетишет. Муну баарыбыз эле көрүп, байкап турабыз. Күн алыс столунда букет гүл туруп калат. Аны, албетте, тиги жигит алып келет.
Аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2021
Балам балалуу келиндин үстүнө кирип жашайм деп кууратты. Эненин каты
Мен келиниме эч нерсе деген жокмун. Айткан күндө деле уга турган түрү жок. Анткени жанындагылардын бир-экөө "балдарың бар, токтот. Ал жигит сени алмак беле. Үй-бүлөңдү бузуп эмне кыласың" десе, "ишиңер болбосун, бул менин жашоом" деп коюптур. Азыр көздөрү тумандап, сүйүүгө балкып жүрөт. Тиги жигит аябай романтик. Улуту башка.
Бир чети келинимди деле түшүнөм. Жолдошу аны эс алууга алып барганын уккан эмесмин. Акыркы кезде ушул үй-бүлөнү эле ойлочу болдум. Байкабай айтып алуудан коркуп, өзүмдү кармайм. Балдарын көрүп, күнөөм бардай кызыктай боло берчү болдум. Аялы да сыр бербейт. Кийин билинип калса, эмне болот деп чочуйм. Анткени эки чырактай баласы бар. Ойлонуп отуруп ойношу менен жеке сүйлөшөйүн деп жатам. Абалды түшүндүргүм келет. Туура болобу?

Психолог Гүлнара Жасоолова:

— Кесиптешиңиз, бир чети бөлөңүздүн келинчегинин кылыгына, алардын үй-бүлөсү, балдары үчүн тынчсызданып жатыптырсыз. Окуянын чындыгында ошондой экендигине көзүңүз жетеби? Болбосо бүтүндөй бир үй-бүлөнүн бузулуп калышына кесиптештери себепчи болуп калышы толук мүмкүн. Эгер өзү мойнуна алып же ачык далил бар болсо, ал башка маселе. Анда келиндин эмне себептен андай жолго барып жатканын карап көрүү керек.
Обращение к психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.11.2021
Күйөөгө энеси бардай узагым келет, бирок акчамды байкем сурап жатат. Кыздын каты
Сиз "бөлөмө айтып алуудан коркуп жатам" деп өзүңүзгө да ишенбей жатасыз. Алгач окуянын чын-бышыгын билүү үчүн келиниңизди акырын сөзгө тартып, сүйлөшүп көрүңүз. Мүмкүн улуулук кеп-кеңешиңизди айтарсыз. Муну да ойлонуп көрүңүз. Анткени бул темада эркек менен сүйлөшкөнгө караганда аял киши менен сүйлөшүү сизге бир аз жеңил болот деген ойдомун. Ал бойдок жигиттин кандай ою бар экени белгисиз. Экөөнүн ортосунда эмне сөз болгонун билбейбиз. Ошондой эле бөлөңүздүн үйүндөгү мамиле, чыныгы абал табышмак. Бул жерде баарына так көзүңүз жеткенде гана келин менен сүйлөшүп көрүүгө болот. Анткени көп тактоочу жерлер бар. Эң негизгиси элдин сөзүнө ишенип же жок жерден күдүктөнүп, туура эмес шектенүүдөн абайлаңыз. Тактабай туруп бөлөңүзгө айтып алсаңыз, бир үй-бүлөнүн убалына каласыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0