Жан далбастаган аскерлер, жаалданган митингчилер. Алматыдагы ызы-чуудан 15 сүрөт
Жан далбастаган аскерлер, жаалданган митингчилер. Алматыдагы ызы-чуудан 15 сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Жыл жаңырары менен Казакстанда митингдер башталып, 5-январда күч алып кетти. Sputnik Кыргызстан башаламандык болгон жерден тартылган сүрөт түрмөгүн даярдады. 06.01.2022, Sputnik Кыргызстан
Казакстандын бүт аймактарына өзгөчө абал режими киргизилди. Күч түзүмдөрүнүн 13 кызматкери каза болуп, 353ү жаракат алды. Митингчилер арасындагы жоготуулар тууралуу расмий маалымат бериле элек. Болгону башаламандыкта миңден ашуун адам жабыркаганы кабарланды.Президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады.
Жыл жаңырары менен Казакстанда митингдер башталып, 5-январда күч алып кетти. Sputnik Кыргызстан башаламандык болгон жерден тартылган сүрөт түрмөгүн даярдады.
Казакстандын бүт аймактарына өзгөчө абал режими киргизилди. Күч түзүмдөрүнүн 13 кызматкери каза болуп, 353ү жаракат алды. Митингчилер арасындагы жоготуулар тууралуу расмий маалымат бериле элек. Болгону башаламандыкта миңден ашуун адам жабыркаганы кабарланды.
Президент Касым-Жомарт Токаев Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады.
ЖМКлар Алматы калаасында талап-тоноолор болгонун жазды. Автомат менен куралданган адамдар дүкөндөрдөн техникаларды чыгарып кеткен. Ал эми Nur Otan партиясынын Ауэзов районундагы филиалынын имаратын талкалап, өрт коюшкан.
Президент Токаев митингчилер аэропортко бастырып кирип беш самолетту басып алганын айтты. Кадрдан демонстранттар жүк ташуучу унаага жык-жыйма толуп алып баратканын көрүүгө болот.
Алматыдагы полициянын шаардык, райондук башкармалыктарына жана бөлүмдөрүнө чабуул жасалды. Полиция аларды экстремисттик топ деп, ондогон адам жок кылынганын кабарлады.
Казакстандын президенти Алматыда башаламандык уюштургандарды сырттан даярдалган террордук банда деп атап, кырдаалды турукташтыруу үчүн ЖККУдан жардам сурады.