Моджахеддер башын үч автоунаага баалаган чалгынчы Кубатов. Кызыктуу маек

© Фото / из личного архива Ой-Талбека Осмонова01- Капитан Жумалы Кубатов Афганистандан эмгек өргүүгө келген учурда жубайы Марипа Иманбекова менен түшкөн сүрөтү. Фрунзе. 1981-жыл. 10-февраль
01-	Капитан Жумалы Кубатов Афганистандан эмгек өргүүгө келген учурда жубайы Марипа Иманбекова менен түшкөн сүрөтү. Фрунзе. 1981-жыл. 10-февраль - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Жазылуу
Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кесиптик майрамын белгилеп жатат. Бул атайын кызматтын ачылбаган сыры көп.
Колумнист Алмаз Батилов УКМК менен Коргоо министрлигинин ардагерлери, отставкадагы полковниктер Ой-Талбек Осмонов жана Александр Болотин менен маектешкен. Алар тар чөйрөдөгү белгилүү аскердик чалгынчы, маркум полковник Жумалы Кубатов жөнүндө айрым белгисиз фактыларды айтып беришти. Кубатов Осмоновдун бир тууган агасы. Үй-бүлө офицерлердин династиясы болуп эсептелет, булардын аскердик жолу 1919-жылы башталган.
© Фото / из личного архива Ой-Талбека ОсмоноваКапитан Жумалы Кубатов Афганистандан эмгек өргүүгө келген учурда иниси Ой-Талбек Осмонов менен түшкөн сүрөтү. Фрунзе, 1981-жыл, 10-февраль.
Полковник в отставке Жумалы Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Капитан Жумалы Кубатов Афганистандан эмгек өргүүгө келген учурда иниси Ой-Талбек Осмонов менен түшкөн сүрөтү. Фрунзе, 1981-жыл, 10-февраль.
— Сиздердин үй-бүлөнүн тарыхы абдан кызыктуу экен. Кыргызстанда армия жана атайын кызматы менен байланышкан жүз жылдан ашык тарыхы бар үй-бүлө сейрек.
Ой-Талбек Осмонов: — Кичи мекенибиз Түп районундагы Ой-Булак айылы. 1918-жылы чоң атам Осмон атактуу чех коммунисти Рудольф Маречек, котормочу Амандык Канаев менен биргелешип Батыш Кытайга качкан кыргыздарды кайтаруу боюнча зор эмгек жасашкан. Ошондой эле ал Ысык-Көлдө Кеңеш өкмөтүнүн бийлигин орнотууга чоң салым кошкон. Дагы бир чоң атабыз Акматалы кыргыздын ичинен чыккан тунгуч офицерлердин бири. 1919-жылы он сегиз жашында Ташкент шаарындагы командирлер курсуна өтүп, ийгиликтүү аяктаган. Аскердик кызматын кызыл атчандар полкунда баштап, 1920-жылы Бухара эмирин тактыдан кулатууга катышкан эле. Тилекке каршы, 1928-жылы каза болгон. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда эки улуу агабыз Эсенбай менен Эсенгелди баатырларча курман болушкан. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков биздин жакын тууган, агабыз Кашымбек Өмүралиев да Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Ал СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинде кызмат өтөп, подполковник наамын алган. Таякебиз Итибай Кыштобаев да атайын кызматтын кызматкери болуп, полковник наамына чейин жеткен. Алар биз үчүн үлгү болуп, коопсуздук жаатында иштегенге түрткү болду.
— Жумалы Осмоновичтин жолу кандай башталды эле?
— Ал 1950-жылы 27-апрелде Түп районун Ой-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 1968-жылы Жумалы абам айылдагы орто мектепти бүткөн соң курулушта иштеди. 1969-жылы Новосибирск шаарындагы жогорку жалпы аскердик-саясий училищесине өтүп, аны 1973-жылы ийгиликтүү аяктаган. Панфилов дивизиясында ротанын командиринин орун басарлыгынан дивизиянын комсомол комитетинин катчылыгына чейин жетет. Андан соң Кыргызстандын комсомолунун съездине делегат болуп шайланат. Ошондо жетекчилик анын адискөйлүгүн жана уюштуруучулук сапаттарын байкап, 1975-жылы Панфилов дивизиясынын аскердик чалгын кызматынын партиялык жана комсомол комитети Новосибирск калаасындагы СССРдин МККнын аскердик контрчалгындоонун бир жылдык курстарына окууга жиберет. 1976-жылы ийгиликтүү аяктап кайрадан Панфилов дивизиясынын аскердик контрчалгындоо бөлүмүнө бөлүштүрүлгөн. Ошол эле убакта Кыргызстандагы аскердик бөлүктөрдү көзөмөлдөчү. Жумалы агам Советтер Союзу менен алакасы бар айрым мамлекеттердеги куралдуу кагылышууларга барган командировкалары бүгүнкү күндө да мамлекеттик купуя сыр. 1977-1978-жылдары Нарын шаарына которулуп, ал жердеги аскердик бөлүктөгү чет элдик чалгын кызматына иштеген тыңчыны кармайт. Бул ийгилиги үчүн аны 1980-жылы Советтер Союзунун МККнын төрагасы Юрий Андропов Ардак грамотасы менен сыйлаган эле. Мындай сылыкка кыргызстандык чекисттер сейрек татыган. 1979-жылдын 19-ноябрында ал Афганистанга Казакстандын Отар станциясынын жанындагы Гвардейск атындагы аскердик шаарчасынан Афганистанга учуп кеткен. Ошол учурда Жумалы агам капитан эле.
© Фото / из личного архива Александра БолотинаКыргызстандын аскердик чалгын кызматынын негиздөөчүсү полковник Жумалы Кубатов (оң жактан экинчи) куралдаштары Таалайбек Садыров, Александр Рубанов, Александр Болотин менен. Бишкек шаары, Ата-Түрк паркы. 2001-жыл, 15-февраль
Полковник в отставке Жумалы Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Кыргызстандын аскердик чалгын кызматынын негиздөөчүсү полковник Жумалы Кубатов (оң жактан экинчи) куралдаштары Таалайбек Садыров, Александр Рубанов, Александр Болотин менен. Бишкек шаары, Ата-Түрк паркы. 2001-жыл, 15-февраль
— Александр Иванович, Жумалы Осмонович менен достугуңуз Түндүк Афганистанда башталган турбайбы?
Александр Болотин: — Ооба. 1980-1981-жылдары Кубатов экөөбүз Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагында 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунда кызмат өтөдүк. Ошол учурда ал биздин полктун контрчалгындоо бөлүмүн жетектечү. Ыраматылык Жумалы менен бир тууган болуп калдык. 1980-жылы 28-январда биздин бөлүк Бадахшан чөлкөмүнүн борбору Файзабад калаасына кирген. Ошондо бир аскерибиз Файзабаддын жанындагы Кури атындагы кыштакка тамак ичип келем деп дайыны жок, жоголуп кетет. Үч күн ал жоокерден эч кабар болбойт. Кубатов эки сутка бою айылды аралап жүрүп анын сөөгүн тапкан. Көрсө ал аскерди жергиликтүү тургун өлтүрүп, жерге көмүп салыптыр. Афганистанда Кубатовдун аскердик контрчалгынчы катары таланты ачылды. Ал Бадахшан чөлкөмүндө афгандык козголоңчуларга каршы нечендеген үзүрлүү операцияларды жүргүзгөн. Бир ирет согушкерлер менен советтик аскерлердин ортосунда иштеген тыңчы биздин көзүбүзчө Кубатовго моджахеддер анын башын беш миң АКШ долларына баалаганын айткан. Андан кийин согушкерлер 15 миң долларга көтөрүштү. Ошол учурда мындай каражатка үч жаңы "Жигули" сатып алса болот эле. Айласы кеткен козголоңчулар аны менен тил табышууга умтулушкан. Кызыккан афгандыктарга Жумалынын улуту кыргыз экенин айтчубуз. Моджахеддер анын эр жүрөктүүлүгү, адамгерчилиги жана айлакерлиги үчүн сыйлашчу. Ал куралдаштарын өлүмдөн далай сактап калган. Өмүрүн тобокелге салып козголоңчулар менен жолугушууларга барчу. Ошон үчүн полктоштордун арасында абдан кадыр-барктуу эле.
© Фото / из личного архива Ой-Талбека ОсмоноваКапитан Жумалы Кубатов куралдаштары менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү. 1980-жыл
Полковник в отставке Жумалы Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Капитан Жумалы Кубатов куралдаштары менен. Түндүк Афганистан, Бадахшан чөлкөмү. 1980-жыл
— Жумалы Осмонович Афганистандагы эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатырлыгына сунушталган турбайбы?
О.О: — Бул кан майданда оор жарадар да болгон, контузия да алган. Командачылык моджахеддерге каршы кезектеги бир операцияны ийгиликтүү жүргүзгөнү үчүн аны Советтер Союзунун Баатырлыгына сунуштаган. Тилекке каршы, наам берилбей, "Кызыл жылдыз" ордени менен гана сыйланган. Жумалы абам Афганистанда кызматын өтөп жүргөн маалда жергиликтүү элге колунан келген жардамын аячу эмес. Анын ичинде афгандык кандаштарга да материалдык көмөк көрсөткөн. Мындан улам аны жергиликтүү калк абдан сыйлаган. Кийин ал Кыргызстандагы афган диаспорасына да жардам берип жүрдү. Ысык-Атанын Киргшелк айылындагы балдар үйүндө тарбияланган жетим афган балдарына көз салып турчу.
— Афганистандан кийин Чыгыш Германияда (ГДР) кызматын уланткан турбайбы?
О.О: — ГДРде жайгашкан советтик дивизияда майор наамында контрчалгын бөлүмүн жетектеген. Ал жакта да чет элдик тыңчыны кармаган үчүн мамлекеттик сыйлык алган. Бул маалымат дагы купуя сыр.
Экинчи мусулман батальонунун жоокерлери Фарьяб аймагында. Түндүк Афганистан, 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
"14-кылымдан, аркы дүйнөдөн кайттык..." Панжшерде кан кечкен экинчи мусулман батальону
— Кубатов эгемен Кыргызстандын аскердик чалгын кызматын негиздеген экен.
— 1992-жылы Кыргызстанда жайгашкан аскердик бөлүктөр толугу менен көз карандысыз мамлекеттин карамагына өтүп, аскердик ведомство түзүлөт. Адегенде ал Коргоо боюнча мамлекеттик комитет деп аталып, генерал-майор Жаныбек Үметалиев жетекчи болуп дайындалган. Ошол эле учурда аскердик чалгын кызматын түптөө тууралуу суроо жаралат. Жетекчилик Жумалы агамдын Афганистандагы бай тажрыйбасы менен байланышын эске алып, бул кызматты негиздөөнү сунуштайт. Ал макул болуп, аскердик чалгын кызматы негизделген. Ошол маалда агам подполковник болчу. Алгач бул структура маалымат-аналитикалык борбор деп аталып, анын катарында үч гана офицер бар эле. 1992-жылдан баштап анын башкы милдети башка чет өлкөлөрдө Кыргызстанга маанилүү маалыматты чогултуу болду.
Ошол эле жылы Тажикстанда жарандык согуш башталган. Кыргызстандын ичинде да саясий-экономикалык абал абдан курч болчу. Ош коогалаңы жаңыдан басылып жаткан учур эле. Өлкө жетекчилиги Бириккен тажик оппозициясы менен расмий Душанбени элдештирүүгө умтулат. Коңшу өлкөдөгү кандуу тирешүүнү токтотпогондо, залакасы Кыргызстанга тиймек. Ошон үчүн Тажикстандын Памирине кыргыз тынчтык орнотуучу батальону киргизилген. 1992-жылы Феликс Кулов Аскар Акаевдин тапшырмасы менен Душанбеге учат. Аны Жумалы агам жана Тоолуу Карабахта согушкан дагы бир офицер коштоп барышат. Эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөр абдан оор болгон. Эки тарапты элдештирүү боюнча стратегия иштеп чыга баштадык деп эскерген. Жумалы авамдын жубайы Марипа жеңемдин айтымында, алар Тажикстандын жетекчилеринин бирин Душанбеден Бишкекке жашыруун алып келишет. Анткени ал оппозиция тарапка өтүп кеткен экен, ошондуктан өмүрүнө коркунуч туулган. Аткаминер абамдын үйүндө бир жума жашаган экен. Кайра Тажикстанга кетип жатканда "Бир апта конок кылганыңар үчүн чоң рахмат. Менден "Жигули" жеңил автоунаасы белек болот" дегенин Марипа жеңем күлүп айтып калат.
1993-жылы 18-мартта вице-президент Феликс Куловдун буйругу менен аскердик чалгындоо башкармалыгы түзүлүп, анын жетекчилигине атактуу генерал-лейтенант Жумабек Асанкулов дайындалат. Командасынын өзөгүн Жумалы агам, Чоро Мураталиев, Качкын Саргазаков, Эрик Асаналиев, Адылбек Кадырбеков өңдүү Кыргыз ССРнин такшалган офицерлери түзгөн. Булар аскердик чалгын кызматынын дасыккан адистери эле. Авам менен подполковник Кадырбеков Тажикстандын Бадахшанындагы Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонуна каттап, маалымат чогултушкан.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументовКыргызстан Республикасынын президенти Аскар Акаев Тажикстандын Жогорку Советинин депутаттарын кабыл алып жаткан учуру. Бишкек, 1991-жыл
Президент Кыргызстана Аскар Акаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Кыргызстан Республикасынын президенти Аскар Акаев Тажикстандын Жогорку Советинин депутаттарын кабыл алып жаткан учуру. Бишкек, 1991-жыл
— 1993-жылы Тажикстандын Бадахшанында Кыргызстандын тынчтык орнотуучу батальонунун төрт жоокерин тажик согушкерлери туткундап, андан ары Түндүк Афганистанга өткөрүп жиберген экен. Аларды туткундан бошотууда Жумалы Осмоновичтин салымы чоң экени айтылып жүрөт.
О.О.: — Ооба. Туткундардын жарым жыл кайда экени билинген жок. Анкарада Аскар Акаевич Афганистандын башчысы Бурханиддин Раббанидден төрт аскер жөнүндө сураган. Ал алаканын жайып билбейм деген. Себеби бул өлкөдө жарандык согуш уланып жаткан учур эле. Аскердик чалгындоо кызматы Афганистан жана Тажикстандагы расмий менен бейрасмий булактардан маалымат топтойт. Натыйжада тажик согушкерлери кыргызстандык аскерлерди Түндүк Афганистандын Тахар аймагынын борбору Талукан калаасына өткөрүп жибергени билинет. Ал жерде Бириккен тажик оппозициясынын жетекчилиги менен штабы жайгашкан болчу. Туткундагы жоокерлерди бошотуу үчүн генерал Асанкулов Жумалы агамды, Адылбек Кадырбековду жана лейтенант Айбек Мамытовду жиберет. Үчөө бул маселе боюнча Тажикстандын Бадахшан аймагынын бийлиги жана куралдуу оппозициясы менен жолугуп, алар колунан келген көмөгүн көрсөтүшөт. Агам Афганистандын Тахар чөлкөмүнө өтүп, аймактын акими, мурдагы талаа командири Абдул Басир жана расмий Кабулдун аскердик бөлүгүнүн командири Саид Наджимиддин менен жолугат. Экөө тең аны дароо таанып, коноктошот. Ал генерал Асанкулов туткундагы төрт аскерди бошотууга атайын жибергенин айтат. "Генерал Асанкулов жана сенин аброюң үчүн көмөк көрсөтөбүз" деп убада берип, сөзүнө турушат. Наджимиддин улуу колбашчы, Могол империясын түптөгөн Захиреддин Махмуд Бабурдун урпагы экен. Ал Бабурдун Сулайман-Тоодогу үйүнө зыярат кылууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Эң кызыгы, 11 жыл мурда советтик армияга каршы салгылашкан моджахеддер авама жардамын аяган эмес. Агама Бириккен тажик оппозициясынын көрүнүктүү лидеринин бири көмөк көрсөтөт. Төрт аскерди агам аман-эсен Тажикстанга алып чыгат. Аларды тажик-афган чек арасынан Кадырбеков менен Мамытов тосуп алат. Жолдон кетип бара жаткан учурда артынан Өзбекстандын атайын кызматынын өкүлдөрү кубалап, колго түшүрүүгө аракеттенишет. Бирок Жумалы абамдар жеткизбей Кыргызстанга өтүп кетишет. Өзбек чалгынчылары кандай максат менен кубалаганы түшүнүксүз. Бул маалыматты Мамытов агам каза болгондон айтып берген.
© Фото / из семейного архива МамытовыхКыргызстандын аскердик чалгындоо жана чек ара кызматынын офицери Айбек Мамытов. Бишкек, 2011-жыл
Офицер Айбек Мамытов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Кыргызстандын аскердик чалгындоо жана чек ара кызматынын офицери Айбек Мамытов. Бишкек, 2011-жыл
Афгандык офицер Наджимиддинди агам Ошко чакырып, Сулайман-Тоого Бабурдун үйүнө зыярат кылууга көмөктөшкөн. Атактуу советтик чалгынчы жана журналист Эркебек Абдуллаев агамдын эрдиги тууралуу "Позывной кобра" аттуу китебинде "Ал Советтер Союзунун Баатырлыгына тете каармандык көрсөттү" деп суктанып жазган. Төрт жоокер Баткен районунун Абдуллаев, Маматалиев, Кудайкулов жана Эгембердиев деген тургундары эле. Тилекке каршы, ысымдары эсимде жок.
Туткундарды бошоткону үчүн вице-президент Феликс Куловдун буйругу менен агама жана Кадырбековго мөөнөтүнөн мурда полковник наамы берилген. Жумалы агам генерал Асанкуловдун куралдаштары менен биргелешип Тажикстандагы согушту токтотууга зор салымын кошту. Бул тарыхый факт боюнча убагы келгенде көркөм тасма тартылат деген ойдомун. Мындан сырткары, ал Баткен коогалаңында ӨИКтин согушкерлеринин туткунуна түшкөн кыргызстандык жоокерлер менен япон геологдорун алып чыгууга катышкан. 2015-жылы агабыздан айрылып калдык.
Жүз жылдан бери биздин үй-бүлөнүн үч мууну армия, милиция жана коопсуздук системасында Ата Мекенге кызмат өтөп келет. Эми, буюрса, төртүнчү муунубуз биз сыяктуу Кыргызстанга кызматын улантат. Белгилүү альпинист, Эверест чокусун багындырган Эдуард Кубатов да биздин үй-бүлөдөн.
Отставкадагы полковник Петр Мандрыка. Каракол шаары, 2020-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Уйга артылган курал, аскерлерди ашууга чыгарган карыялар. Баткен согушунан баян
Кыргызстандын президенти Аскар Акаев Россия өлкө башчысы Борис Ельцинди “Манас” аэропортунан тосуп жаткан учуру. Бишкек, 1991-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Бишкек Карабах согушун 26 жылга токтоткон. Баку — Ереван тирешинин белгисиз тарабы
Жаңылыктар түрмөгү
0