Уйга артылган курал, аскерлерди ашууга чыгарган карыялар. Баткен согушунан баян

© Sputnik / Алмаз БатиловОтставкадагы полковник Петр Мандрыка. Каракол шаары, 2020-жыл
Отставкадагы полковник Петр Мандрыка. Каракол шаары, 2020-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Жазылуу
1999-2000-жылдары жаңыдан эгемендүүлүгүн түптөп жаткан Кыргызстанга "Өзбек ислам кыймылы" (ӨИК) террордук уюмунун согушкерлери кол салган.
Террордук уюмдун Баткенге кол салыш өлкө үчүн чоң сыноо болду. Бүгүнкү күндө да бул кооганын белгисиз барагы көп. Баткен согушунун 62 жаштагы ардагери, отставкадагы полковник Петр Мандрыка менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен. 1999-жылы Петр Михайлович биринчи Баткен согушунда көрсөткөн каармандыгы үчүн "Эрдик" медалы менен сыйланган.
— Ата-тегиңиз тууралуу айтып берсеңиз.
— Чоң атамдын атасы Емельян 1910-жылы Чыгыш Украинанын Полтава аймагынан Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Соколовка айылына (азыркы Ак-Чий) көчүп келген экен. Атам Михаил Сочи шаарында аскердик кызматын өтөп жүргөн учурда апам Мария экөө баш кошкон. Энем Смоленскинин кызы. Соколовка кыштагында өсүп, 1977-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылдым. 1,5 жыл Германияда аскердик кызматымды өтөдүм. Андан кийин Свердловск шаарындагы (азыркы Екатеринбург) жогорку аскердик-саясий танкалык-артиллериялык училищесине өтүп, аны 1982-жылы аяктаган соң Казакстандын Отар шаарчасы менен Балыкчы калаасындагы аскердик бөлүктөрүндө кызматымды баштадым. Андан кийин командачылык Каракол шаарындагы танкалык бөлүктүн өздүк курамы боюнча командирдин орун басарлыгына которду.
© Фото / из личного архива Рустама РаджаповаКР коргоо министирлигинин атайын багыттагы "Скорпион" отрядынын снайпери машыгып жаткан учур. Токмок шаары. 1999-жыл
Спецназ Скорпион Минобороны КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
КР коргоо министирлигинин атайын багыттагы "Скорпион" отрядынын снайпери машыгып жаткан учур. Токмок шаары. 1999-жыл
— Эгемен Кыргызстандын армиясы түптөлүп жаткан учурда бир топ кыйынчылыктар болсо керек.
— 1991-жылы декабрда Советтер Союзу урады, жаңы түптөлгөн өлкө коргоо маселесин чечиш керек эле. Ошол учурда армияны камсыздоо толугу менен токтоп калды. Бир сөз менен айтканда, башаламандык башталды. Мен аскердик кызмат өтөгөн Кыргызстандын карамагына өтүп, мамлекеттин Коргоо министрлигинин туңгуч министри генерал Мырзакан Субанов кыргыз армиясында биринчилерден болуп мени аскердик бөлүктүн командирлигине дайындаган. Бир аз убакыттан кийин башка бөлүктөргө командирлер дайындалды. Менин бөлүгүмдөгү офицерлер менен прапорщиктердин басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине кетип отуруп, кол астымда болгону сегиз офицер бар эле. Эки сутка бою кароолдо турган учурлар болду. Өзүм да буларга кошулуп кароолдо турдум. Постсоветтик аймактагы башка кыргызстандык офицерлердин келиши менен абал жакшырды. Запастагы офицерлерди чакыра баштадык. Андан кийин өзүбүздөн бүткөн аскердик адистер кошулду. Маянабыз абдан аз эле, материалдык жактан абдан кыйналдык. Мисалы, 1999-жылга чейин менин айлыгым 1 500 сом болчу. Кыргызстандын биринчи ажосу Аскар Акаев "мамлекетке армиянын кереги жок, Кыргызстан Швейцария өңдүү бейтарап өлкө болот" дегенден кийин Коргоо министирлигине бийлик тарабынан жакшы көңүл бурулбай калды. Маяныбыз үч ай берилбей калган учурлар болду. Буга карабастан Кыргызстандын коргоо күчтөрүнүн пайдубалы түптөлдү.
© Фото / из личного архива Рустама РаджаповаКР коргоо министирлигинин атайын багыттагы "Скорпион" отрядынын жоокерлери офицери ( сол жактан экинчи) Руслан Раджапов. Токмок шаары
Спецназ Скорпион Минобороны КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
КР коргоо министирлигинин атайын багыттагы "Скорпион" отрядынын жоокерлери офицери ( сол жактан экинчи) Руслан Раджапов. Токмок шаары
— 1999-жылы жайында Кыргызстанга "Өзбекстан ислам кыймылы" террордук уюмунун согушкерлери кол салды. Сиз Баткенге "К" батальонун жетектеп барган турбайсызбы?
— Ооба, 9-сентябрда мага командачылык өзүнчө атайын багыттагы "К" деген жашыруун аталыштагы батальондун курамын түзүү тууралуу буйрук берди. Бул аталыш "Каракол батальону" деп чечмеленет. Өзөгү запастан чакырылган жоокерлерден турган батальонду эки күндө түздүм. Мындан сырткары, башка аскердик бөлүктөрдөн прапорщиктер жана офицерлер кошулду. Запастагы жоокерлерди жыйым-терим иштери башталганда согушка алып кеткенибиз жүрөгүмдү оорутту.
Орун басарым майор Андрей Лысенко болчу. Батальонго афган согушуна катышкан айрым аскерлерди алдык, бизге такшалган адистер керек эле. Өзгөчө саперлер жана снайперлерге көңүл бурдук. Прапорщиктер, контрактылык негиздеги жоокер жана офицерлердин дээрлик бардыгынын согуштук тажрыйбасы жок эле. Батальондогу офицерлердин 80 пайызы жогорку аскердик окуу жайларын бүткөн адистер болчу. Курамы 280 адамдан турган батальон 11-сентябрда Караколдон Бишкекке чейин жети автобус менен чыктык. Курал-жарак, ок-дарылар менен чыктык. "Манас" аэропортунан Ошко Ил-76 аскердик–транспорттук учагы менен учтук. Андан ары Баткен районуна чейин автобус менен кечинде жеттик. Бир жума бою запастан чакырылган жоокерлерди даярдыктан өткөрдүк.
— Жергиликтүүлөр деле четте карап турбаса керек?
— Баткендиктер колунан келген жардамын аяган жок. Кыргызстан жалпы жапа тырмак армия менен атайын кызматтарга көмөк көрсөттү. Бирок мени жергиликтүү тургундардын көбү жакыр жашаганы аябай таң калтырды, үйлөрү эптеп эле топурактан салынган экен. Ошол учурда Көл кылаасы менен Чүй өрөөнүнүн эли Баткенге салыштырмалуу абдан тың турушчу.
— Батальонго алгач кандай тапшырма берилди?
— 17-сентябрда тез арада Кадамжайдагы Сырт айылынын чыгыш тарабына жайгашуу буйругу келди. Буга чейин моджахеддер Баткен районундагы Кожо-Ачкан менен Зардалы кыштагын ээлешиптир. Алар аскалардан жөө өтүп, айыл аркылуу Өзбекстанга өтүүгө аракет кылганда Майлуу-Суу батальону блокпосттон токтоткон. Бул батальондун жоокерлери салгылашуу учурунда 20 согушкерди, анын ичинде белгилүү террорчу Абдували Юлдашевди жок кылышкан. Өкүнүчтүүсү, жети жоокер көз жумган.
20-сентябрда Сырт айылынын чыгыш тарабына жайгаштык. Элүү жоокер Баткенде калды. Үч күн бою жүк ташуучу транспортту даярдадык. Аскердик комиссариат мага 80 эшек бөлүп берди. Жалгыз менин батальонума ушунча эшек берилген. Бул жаныбарлар аскер комиссариатында жүк ташуучу улоо катары катталган. Жоокерлерди аскердик даярдыктан кайра өткөрдүк. Андан кийин Кум-Бел, Туз-Бел жана Өрүк-Бел ашууларын көзөмөлгө алуу буйругу келди. Бул ашуулардан автоунаа жүрө албайт экен. Ок-дары, курал-жарак жана тамак-ашты эшектерге жүктөдүк. Гранатомёт (РПГ) менен миномёттор абдан оор болот. Аскердик комиссариаттын айтуусу менен 82 жана 78 жаштагы эки карыя жол көрсөтүп бермей болду. Аксакалдарды көрүп карыяларды ашуудан жонума көтөрүп өтөмбү деп комиссариат менен уруша кеттим.
© Фото / ЦГА КФФД КР / АндреевКыргызстандагы уйгур диаспорасы Баткен аймагынын тургундары үчүн кайрымдуулук марафонун уюштуруп жаткан учур. Анын жыйынтыгында 180 миң сом чогулган. Бишкек, 1999-жыл
Баткенские события в 1999-2000 годах - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандагы уйгур диаспорасы Баткен аймагынын тургундары үчүн кайрымдуулук марафонун уюштуруп жаткан учур. Анын жыйынтыгында 180 миң сом чогулган. Бишкек, 1999-жыл
— Жолдон согушкерлер кол салган жокпу?
— Жок. Ошол күнү жаан жаап, туман болуп эч нерсе көрүнбөй калды. Ашууга чыгып бара жаткан маалда батальонду роталарга бөлбөй чогуу чыгалы деп чечтим. Анткени биз тайпаларга бөлүнгөндө согушкерлер оңой эле талкаламак. Эртең менен саат 9да үч рота жолго чыктык. Анын ичинде 230 аскер, прапорщик жана офицер бар эле. Бизди батальондун чалгынчылары коштоп, сак бараттык. Ашуунун жолу тик, кум жана шагыл таш экен. Алдыда адашпай бизге жол көрсөтүп бараткан аксакалдардын шайдооттугун көрүп оозубуз ачылып калды. Экөө тең орусча аябай жакшы сүйлөшөт экен. Баамымда алар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери болсо керек.
Жолдон чоң сууга такалдык. Аркы жээкте бош кашарды көрүп, өтө албай туруп калдык. Моджахеддер буктурма уюштурган жокпу деп кооптондук. Аксакалдын улуусу "адегенде мен кашарга кирейин, эгерде ал жерде согушкерлер болсо, карыя деп мага тийбейт" деди. "Сиз суудан кантип өтөсүз, агызып кетсечи? Моджахеддер өлтүрүп койсочу" деп каршы болдум. Коркпошумду айтып, таштан-ташка секирип, аркы жээкке өттү. 200 метр аралыкта биз жашынып акмалап турдук. Бир аз убакыттан кийин атайын белги берди. "Кашарда бирөөлөр тамак ичишиптир, мүлжүнгөн сөөктөрдү көрдүм" деди. Ал жерге барганда көзөмөлдөөчү постту, анын жанына таш үйүлгөнүн, анча терең казылбаган окопту, тамак-аштын калдыгын жана шприцтерди көрдүк. Согушкерлердин посту болгон окшойт.
© Фото / ЦГА КФФД КР / АндреевКыргызстандагы корей ассоциациясынын өкүлдөрү Баткен чөлкөмүндөгү аскерлерге гуманитардык жардамды жөнөтүп жаткан учур. Бишкек, 1999-жыл
Баткенские события в 1999-2000 годах - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кыргызстандагы корей ассоциациясынын өкүлдөрү Баткен чөлкөмүндөгү аскерлерге гуманитардык жардамды жөнөтүп жаткан учур. Бишкек, 1999-жыл
— Ашуудан ошончо курал-жарак менен өтүү кыйын эле болсо керек?
— Кум-Белге чыгып бара жатканда топтошкон жылкы менен уйларды көрдүк. Жергиликтүүлөр согушкерлерден качып, мал-жандыгын таштап кеткен да. "Талаадагы малды союп жегиле, болбосо моджахеддер олжолойт же карышкыр жейт" дешкен. Өздөрү жакындап келген жылкыларды кармадык. Эки карыя эшектердеги оор жүктү уйларга артыш керек дешти. "Мындайды өмүрүмдө биринчи жолу угуп, кайдагы нерсени айтасыңар" деп күлдүм. Талаада ээн жүргөн жети уйду кармап курал-жарак менен ок-дарыны арттык. Кум-Бел ашуусуна чыгып бараткан учурда жылкы менен эшек баса албай калды. Өзүбүздүн да эсибиз ооду. Уй чарчабастан жүрө берди. Айрым баса албай калган жоокерлер уйлардын куйругун кармап ашуудан өтүштү. Түнкү саат экиде батальонум Кум-Бел ашуусуна аман-эсен чыгып, жайгаштык. От жагып кийимдерди кургаттык, тамак ичтик. Уйларды агытып жибердик. Ошондо эки аксакалдын даанышмандыгына баа бердим. Казак элинин "өсө турган элдин карыясы казына болот" деген макалын эстедим.
Калган эки ашууга жетүүгө чамабыз жетмек. Эки аксакалга мурдагы сөздөрүм үчүн кечирим сурап, ыраазычылыгымды билдирдим. Экөө биз менен коштошуп ылдый кетишти. Андан кийин бул эки карыяны көргөн жокмун. Бул жалган дүйнөдөн өтүп кетишсе керек. Баткен облусунун бийлиги менен аскер комиссариаты алардын аты-жөнүн тактап, мамлекеттик сыйлыкка сунуштаса абдан жакшы болот эле.
— Кандайча жайгаштыңыздар?
— Биринчи ротанын командири ага-лейтенант Улар Шаршеев Туз-Бел ашуусун көзөмөлгө алды. Бүгүнкү күндө ал УКМК төрагасынын Чек ара кызматы боюнча орун басары. Экинчи рота Өрүк-Бел ашуусун ээледи,  командиринин аты эсимде жок. Үчүнчү рота жана штаб менен Кум-Белде жайгаштым. Үчүнчү ротанын командири капитан Костюк болчу. Анын да аты эсимде калбаптыр. Бир аз убакыттан кийин батальонго Коргоо министрлигинин өкүлү, полковник Сергей Черкавец келди. Биздин максат Өзбекстанга согушкерлерди өткөрбөө эле.
— Алгачкылардан болуп Майлы-Суу батальонунун каза болгон жети аскерине сиздер эстелик орноткон турбайсыздарбы?
— Ооба. Полковник Черкавец экөөбүз баатырларча курман болгон жети жоокерге эстелик тургузуу тууралуу демилге көтөргөнбүз. Батальонумдун күчү менен эстелик орнотулду. Ачылышында ал жерге "Жети баатыр" деген аталыш берели деп сунуштагам. Кийин бул мүдөөбүз да аткарылды.
1999-жылдагы Баткен коогалыңында батальонуман бир да жоокер каза болгон жок. Бул менин өмүрүмдөгү эң чоң сыймыгым.
Тилекке каршы, 2000-жылы Баткенге ӨИК согушкерлери дагы бир ирет кол салып, өлкө чоң жоготууга учурады. Бул согуштан мамлекет жыйынтык чыгарышы зарыл.
Жаңылыктар түрмөгү
0