Экинчи чүчү кулак. Чемпиондор лигасынын 1/8 финалындагы атаандаштар аныкталды

© AFP / GABRIEL BOUYS"Пари Сен-Жермен" — "Реал" футбол беттеши учурунда. Архив
Пари Сен-Жермен — Реал футбол беттеши учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.12.2021
Жазылуу
Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык биринчи беттештери февралда, ал эми аларга жооп бергендери мартта болмокчу.
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Европалык футбол ассоциациясынын союзу (UEFA) чемпиондор лигасынын 1/8 финалынын чүчү кулагын кайтадан карматты.
Эми көк майсандагы жаңы атаандаштар төмөнкүчө аныкталды:
  • "Пари Сен-Жермен" (Франция) — "Реал" (Испания);
  • "Зальцбург" (Австрия) — "Бавария" (Германия);
  • "Спортинг" (Португалия) — "Манчестер Сити" (Англия);
  • "Бенфика" (Португалия) — "Аякс" (Нидерланддар);
  • "Челси" (Англия) — "Лилль" (Франция);
  • "Атлетико" (Испания) — "Манчестер Юнайтед" (Англия);
  • "Вильярреал" (Испания) — "Ювентус" (Италия);
  • "Интер" (Италия) — "Ливерпуль" (Англия).
1/8 финалдын биринчи беттештери февралда, ал эми аларга жооп бергендери мартта болмокчу.
Буга чейин да чүчү кулак кармашып, бирок аны программалык камсыздоодон кеткен катадан улам жыйынтыгын жокко чыгарышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0