БШК: шайлоо участкасынан тыш 12 137 жаран добуш берди

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүДобуш берип жаткан адам. Архив
Добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Арыз менен кайрылгандардын ичинен 1 344 адам добуш берүүгө катышкан жок. Жалпысынан алганда мында 90 пайыз шайлоочу добуш берген.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлоодо буга чейин шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 13 481 шайлоочунун 12 137си бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Жалпысынан алганда мында 90 пайыз шайлоочу добуш берген.
Арыз менен кайрылып, бирок добуш берүүгө 1 344 адам катышкан жок. Анын ичинен 642 адам аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү барган учурда үйүндө жок болгон.
  • Баткен облусу боюнча 856 шайлоочунун 803ү добуш берди;
  • Ош шаары жана Ош облусу боюнча 4 140 шайлоочунун 3 787си добуш берди;
  • Жалал-Абад облусу боюнча 2 704 шайлоочунун 2 446сы добуш берди;
  • Талас облусунда 480 шайлоочунун 368и добуш берди;
  • Чүй облусунда 1 571 шайлоочунун 1 348и добуш берди;
  • Бишкек шаары боюнча 1 987 шайлоочунун 1 760ы добуш берди;
  • Нарын облусунда 1 085 шайлоочунун 1 019у добуш берди;
  • Ысык-Көл облусу боюнча 658 шайлоочунун 606сы добуш берди.
Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мурда шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү үчүн арыз берген 13 009 шайлоочунун 11 616сы же шайлоочулардын 89,29 пайызы добуш берди.
1 393 адам арыз менен кайрылып, бирок добуш берген жок. Анын ичинен 659 адам аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү келген учурда үйүндө болгон эмес. Ал эми калгандары башка себептер менен жок болгон.
  • Баткен облусу боюнча 843 шайлоочунун 794ү добуш берди;
  • Ош шаары жана Ош облусу боюнча 4 060 шайлоочунун 3 730у добуш берди;
  • Жалал-Абад облусу боюнча 2 579 шайлоочунун 2 343ү добуш берди;
  • Таласта 480 шайлоочунун 291и добуш берди;
  • Чүй облусунда 1 571 шайлоочунун 1 310у добуш берди;
  • Бишкек шаарында 1 785 шайлоочунун 1 584ү добуш берди;
  • Нарын облусу боюнча 1 033 шайлоочунун 983ү добуш берди;
  • Ысык-Көл облусунда 658 шайлоочунун 581и добуш берди;
Мыйзамга ылайык, төмөнкү категориядагы шайлоочулар шайлоо участкасынан тышкары добуш бере алышат:
  • шайлоочулардын тизмесине киргизилген, бирок ден соолугунун абалы же майыптыгынан улам добуш берүү үчүн шайлоо участогуна келе албаган;
  • шайлоо күнү ооруканада жаткан шайлоочулар;
  • шектүүлөрдү жана айыпталуучуларды кармоочу камак жайларында отургандар;
  • алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарда, алыскы жайыт мал чарбачылык аймактарында убактылуу жашаган шайлоочулар.
Жаңылыктар түрмөгү
0