https://sputnik.kg/20211120/bishkek-maj-gaz-zavod-teksheruu-1054670678.html
Бишкекте газ жыттанышынын бир себеби айтылды
Бишкекте газ жыттанышынын бир себеби айтылды
Sputnik Кыргызстан
Ачык маалымат булактарында жазылгандай, Greentech oil — колдонулган майларды кайра иштеткен завод. 20.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-20T17:55+0600
2021-11-20T17:55+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
бишкек
май
газ
завод
текшерүү
https://sputnik.kg/img/103623/04/1036230491_0:173:3072:1911_1920x0_80_0_0_2a01510f26a915da5c4bff66ef8a338b.jpg
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Социалдык тармакта мунайды кайра иштеп чыгарат деген чакан Greentech заводунун короосунда тартылган видео тарап жатат.Белгилей кетсек, жакында эле Бишкектин бир катар райондорунда жана борборунда газ жыттанган.Видеонун автору эшигинде "Greentech oil. Вторая жизнь. Чистая экология" деген жазуу илинип турган заводдун короосун тарткан. Короодо күйүүчү май бар. Видеого түшкөн адамдар заводдун аймагындагы жыт Бишкекке тараган жыт менен бирдей экенин айтышкан.Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары редакцияга заводдон чыккан калдыктардан улам Бишкекте газ жыттанып жатышы мүмкүн экенин айтышты. Алардын божомолу боюнча, заводдо иштегендер аны канализацияга куюп салышкан.Аталган завод жайгашкан жердин муниципалдык аймактык башкармалыгы Sputnik агенттигине жеринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, "Бишкек суу каналы" ишканасы, УКМК, РИИБ, Санитардык-экологиялык инспекция жана "Газпром" ишканасынын кызматкерлери иштеп жатканын айтты.Мэрия да дал ушундай билдирүү таратты. Ачык маалымат булактарында жазылгандай, Greentech oil — колдонулган майларды кайра иштеткен завод. Ал 2018-жылдын 29-октябрында ачылган.
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103623/04/1036230491_0:77:3072:2007_1920x0_80_0_0_4b182a7719d69214b821bf96de01a245.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, май, газ, завод, текшерүү
жаңылыктар, коом, кыргызстан, бишкек, май, газ, завод, текшерүү
Бишкекте газ жыттанышынын бир себеби айтылды
17:55 20.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Ачык маалымат булактарында жазылгандай, Greentech oil — колдонулган майларды кайра иштеткен завод.
БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Социалдык тармакта мунайды кайра иштеп чыгарат деген чакан Greentech заводунун короосунда тартылган видео тарап жатат.
Белгилей кетсек, жакында эле Бишкектин бир катар райондорунда жана борборунда
газ жыттанган.
Видеонун автору эшигинде "Greentech oil. Вторая жизнь. Чистая экология" деген жазуу илинип турган заводдун короосун тарткан. Короодо күйүүчү май бар. Видеого түшкөн адамдар заводдун аймагындагы жыт Бишкекке тараган жыт менен бирдей экенин айтышкан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары редакцияга заводдон чыккан калдыктардан улам Бишкекте газ жыттанып жатышы мүмкүн экенин айтышты. Алардын божомолу боюнча, заводдо иштегендер аны канализацияга куюп салышкан.
Аталган завод жайгашкан жердин муниципалдык аймактык башкармалыгы Sputnik агенттигине жеринде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, "Бишкек суу каналы" ишканасы, УКМК, РИИБ, Санитардык-экологиялык инспекция жана "Газпром" ишканасынын кызматкерлери иштеп жатканын айтты.
"Колдонулган майды кайра иштеткен Greentech oil заводунун иши комиссиянын чечими чыкканча токтотулду", — деди башкармалык.
Мэрия да дал ушундай билдирүү таратты. Ачык маалымат булактарында жазылгандай, Greentech oil — колдонулган майларды кайра иштеткен завод. Ал 2018-жылдын 29-октябрында ачылган.