Кореядагы экономикалык форумга Жапаров кайрылуу жолдоп, чакырык таштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.11.2021
Жазылуу
Кайрылууда Кыргызстандын жагымдуу инвестициялык климаты белгиленип, текстиль өнөр жайы, энергетика, санариптештирүү, туризм сыяктуу бир катар тармактарга инвестиция салууга чакырык ташталган.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Түштүк Кореянын борбору Сеулда өткөн "Түндүк экономикалык кызматташтык үчүнчү эл аралык форуму" иш-чарасында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун кайрылуусу окулду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Эл аралык форум Кореянын Түндүк экономикалык кызматташтык боюнча комитети тарабынан уюштурулуп, кечээ, 18-ноябрда, Сеул шаарында өттү. Ага Түштүк Кореянын мамлекеттик органдарынын, ири уюмдарынын, банктарынын жана компанияларынын жетекчилери, АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон, Россия, Монголия, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстандын жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү, анын ичинде "Жаңы Түндүк саясатынын" өнөктөш өлкөлөрүнүн элчилери катышты.
Ачылыш аземинде Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова өлкө башчынын кайрылуусун окуду.
Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Жашыл климаттык фонддун аткаруучу директору Янник Глемарик - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жашыл климаттык фонд Кыргызстанга 1 млн. доллар бериши мүмкүн
Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын жагымдуу инвестициялык климатына токтолуп, кореялык компанияларды жана банктарды текстиль өнөр жайы, жашыл экономика жана энергетика, санариптештирүү, биргелешкен инвестициялык фонддорду түзүү, айыл чарба жана кайра иштетүү, акылдуу шаарларды жана акылдуу чарбаларды түзүү, ошондой эле туризм сыяктуу тармактарга инвестиция салууга чакырды. Кайрылууда Кыргызстандын гидроэнергетикасынын жана кен байлыктарынын зор потенциалы белгиленген.
"Президенттин кайрылуусунда 2026-жылга чейин кабыл алынган Улуттук өнүктүрүү программасына ылайык экономикалык саясаттын негизги багыты катары экономиканын артыкчылыктуу тармактары белгиленет. Алар Кореянын "Жаңы Түндүк саясатынын 9 көпүрөсү" багыттары менен дал келет. Тактап айтканда, жашыл энергетиканы, транспорттук-логистикалык инфраструктураны, айыл чарбаны, өнөр жайды, инвестициялык кызматташтыкты, саламаттык сактоону, маалыматтык технологияларды жана туризмди өнүктүрүү", — деп айтылат билдирүүдө.
Жапаров ошондой эле аймактын өлкөлөрүн сооданы либералдаштырууга жана жеңилдетүүгө, инвестицияны жана транспорттук логистиканы өнүктүрүүгө дем берүүгө, өнөр жайга жана жашыл экономикага инновациялык технологияларды биргелешип киргизүүгө чакырган.
Форумдун алкагында элчи Кемелова панелдик бизнес-сессияга катышып, Кыргызстандын инвестициялык потенциалы жана өлкөдөгү жагымдуу бизнес мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0