Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кубакаева: креативдүү экономиканын ИДӨдөгү үлүшүн тактоо зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековКреативдүү индустриялар ассоциациясынын жетекичиси Назгүл Кубакаева
Креативдүү индустриялар ассоциациясынын жетекичиси Назгүл Кубакаева  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.11.2021
Жазылуу
Креативдүү индустриялар ассоциациясынын жетекичиси Назгүл Кубакаева министрлер кабинетинин креативдүү экономикага көңүл бөлүп жатканы кубандыра турган жагдай экенин белгиледи.
Креативдүү экономиканын ички дүң өндүрүмдөгү үлүшү бир пайызды түзөт. Бирок бул тармактагы эсептөө ыкмасын иретке келтирүү зарылдыгы бар. Бул тууралуу Назгүл Кубакаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кубакаева: креативдүү экономиканын ИДӨдөгү үлүшүн тактоо зарыл
Анын айтымында, бул багыттагы ишкерлердин башын бириктирүүнүн негизги максаты дагы ушуга багытталган.
"2026-жылга чейинки улуттук өнүктүрүү программасы бекитилди. Анда калкты иш менен камсыздоо бөлүгүндө креативдүү индустриялар паркын түзүү концепциясы каралган. Мына ушул максаттарды ишке ашырууда ишкерлер менен министрлер кабинетинин ортосунда көпүрө болуу үчүн ассоциацияга биригүүдөбүз. Бул индустрияда канча ишкер бар экенин аныктоо зарыл. Учурда креативдүү экономиканын үлүшү бир пайыз экени айтылып келет. Бирок бул тармактагы эсептөө ыкмасын иретке келтирүү зарылдыгы бар. Экономика жана коммерция министрлигинде креативдүү индустриялар паркы боюнча мыйзам долбоору каралууда. Анда салыктык жеңилдиктер каралат деп ишенебиз. Бул багытта өкмөттүн тажрыйбасы бар. Анткени "Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" мыйзам долбоору үч жыл талкууланып 2011-жылы иштеп баштаган. Ошондон тарта IT тармагы жакшы өнүгүп калды. Андан тышкары, аталган тармактагы ишкерлер көмүскөдөн чыгып, кирешесинен беш пайыз салык төлөшөт", — деди Кубакаева.
Ошондой эле ал пандемияда IT сектору 20 пайыз өсүш жасаганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0