Шайлоого кайсы облустан канча талапкер аттанды? БШКнын тизмеси

© AFP / ANDREAS SOLAROАтакаминерлер. Архив
Атакаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
Жазылуу
Боршайком дубандардан жана борбор калаадан канча киши шайлоого талапкерлигин койгонун жарыялады.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоого бир мандаттуу округдан талапкер болгон 321 кишини каттады. Бул тууралуу комиссиянын маалымат кызматы кабарлады.
Тизме төмөнкүдөй:
  • Чүй облусу — 63 талапкер;
  • Ош облусу — 59 талапкер;
  • Жалал-Абад облусу — 50 талапкер;
  • Ысык-Көл облусу — 41 талапкер;
  • Баткен облусу — 37 талапкер;
  • Нарын облусу — 29 талапкер;
  • Бишкек шаары — 27 талапкер;
  • Талас облусу — 15 талапкер.
Шайлоого аттангандардын толук тизмеси менен БШКнын сайтынан таанышууга болот.
Парламенттик шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген. Жогорку Кеңеш партия тизмеси менен шайланган 54 жана бир мандаттуу округдан келген 36 депутаттан турмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0