Бишкектин "Дордой" футбол клубу Кыргызстандын чемпиону болду

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол. Архив
Футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алдыга озуп, чемпиондукту камсыздады. Буга бүгүн "Нефтчи" менен беттештеги жеңиши жетиштүү.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкектин "Дордой" клубу футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасынын 2021-жылдагы чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзу билдирди.
"Дордойчулар" чемпионаттын бүтөрүнө дагы бир тур калганда алдыга озуп, чемпиондукту камсыздаган.
Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин шакирттери бүгүн, 24-октябрда, биринчи турдун кийинкиге калтырылган оюнунда Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" командасы менен кез келип, 3:1 эсебинде утуп алышты. "Дордой" спорттук комплексинин талаасында болгон беттештеги бул жеңиш бишкектик клубдун мөөнөтүнөн мурда чемпиондукка жетүүсүнө өбөлгө болду.
Муну менен "Дордой" төртүнчү ирет удаасы менен, ал эми тарыхында 13-жолу чемпион болуп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0