00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкек ТЭЦтин буу казандарын казакстандык жеке компания иштетеби?

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек ТЭЦи. Архив
Бишкек ТЭЦи. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Жарыяланган маалыматка караганда, баш калаанын Жылуулук электр борборунун 10 буу казанынын агрегаттары жеке компаниянын колуна тапшырылган.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети "Электр станциялары" ишканасын Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келүү, буу казандарын жана башка жабдууларын карап иштетүү үчүн Hampton Resources Limited жеке компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендирди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко Facebook тармагындагы баракчасына жазды.
"Мага ушундай маалымат мессенжерге келди. Министрлер кабинетинин буйругу менен күзгү-кышкы жылуулукту камсыздоо үчүн "Электр станцияларын" кайдагы бир Hampton Resources Limited компаниясы менен келишим түзүүгө милдеттендиришиптир. Ал Бишкек ЖЭБине көмүр ташып келип жана буу казандардын агрегаттарын тейлейт экен. Демек, шек жараткан репутациясы бар кайдагы бир компания биздин стратегиялык маанидеги ишкананы тейлейби?" — деп жазган Никитенко.
Sputnik кабарчысы бул боюнча министрлер кабинетине кайрылып, комментарий сурады. Өкмөттүн маалымат кызматынан маалыматты тактагандан кийин кабарлашарын айтышты.
Никитенко койгон документте буйрук мындан эки күн мурда, 18-октябрда, чыкканы айтылган.
Буйруктун тексти:
1. КРдин Энергетика министрлиги "Электр станциялары" ААКсына Hampton Resources Limited компаниясы менен төмөнкү келишимди түзүүнү тапшырсын:
  • долбоордук отунду Караганда кенинен КО үлгүсүндөгү байытылган көмүрдү жеткирүү жөнүндө;
  • иштеген абалдагы 10 Е-220 казан агрегатын, 5 БКЗ-160 казан агрегатын, комплектөөчүлөрдү жана Бишкек ЖЭБинин башка жабдууларын тейлөөгө өткөрүп берүү жөнүндө;
2. КРдин Энергетика министрлиги "Электр станциялары" аталган келишимдерде ААКка Hampton Resources Limited компаниясы үчүн төмөнкү милдеттенмелерди милдеттүү түрдө кароону тапшырсын:
  • 2021-2022-жылдагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилде айлар боюнча продукцияны иштеп чыгуу кепилдиги менен станцияны өткөрүп берилүүчү агреттарына электрдик жана жылуулук жүктөмдү белгилөө;
  • электр энергиясынын өздүк наркы КНСти эсепке албаганда кВт-саат үчүн 1, 75 сомдон, жылуулуктун өздүк баасы КНСти эсепке албаганда Гкал-саат үчүн 900 сомдон ашпоого тийиш;
  • станциянын өткөрүп берүүчү бөлүгүн өзүн-өзү актоого жана өзүн-өзү каржылоого которуу;
  • сатылуучу электр энергиясына жана жылуулукка карата баа саясатын компания колдонуудагы тарифтер боюнча жүргүзөт деп белгилөө;
3. КРдин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги:
Көмүрдүн сапатына мамлекеттик көзөмөлдү уюштуруу боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн.
Жылуулук электр борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Бишкек мэриясы ТЭЦти өз балансына ала алабы? Калаа башчысынын жообу
Эске салсак, 30-январда Hampton Resources Limited компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Ал учурда вице-премьердин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Өкмөт үйдө аларды кабыл алган. Анда аталган компания энергетикалык сектордо, тагыраагы, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндө ЖЭБдер жана буу казандар үчүн көмүрдү терең, кайра иштеп чыгууда масштабдуу реформаны сунуштаган.
Өкмөттөн Hampton Resources Limited жетекчиси Карина Авдеева экендигин билдирип, фирма Казакстандагы (Караганда) ТОО Exim Artis көмүр компаниясынын туунду компаниясы экендиги айтылган.
"Сунуштун бет ачарын Exim Artis жана Hampton Resources Limited директорлор кеңешинин мүчөсү Т.Адамкулов өткөрдү", - деп билдирген анда өкмөттүн маалымат кызматы.
Exim Artis сайтында алардын ишмердүүлүгү көмүрдү сатып алуу, кайра иштетип, кара алтындын баалуу сортторун (кокс жана жылуулукту жакшы бөлүп чыккан түрү) кайра сатуу экени айтылган. Алар продукциясын негизинен чет өлкөлөргө жана Казакстандын ички рыногуна соодалаары жазылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0