Самын жасап өзүбүздү иш менен камсыз кылдык. Майыптыгы бар жаштардын видеосу

Жазылуу
Майыптыгы бар кыздар-балдар белекке ылайыктуу самын жасап сатууда. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын чакан ишкерлиги менен таанышып келди.

Төрөлгөндөн гемофилия дарты менен жабыркаган Аскат Букарбаев аттуу каарманыбыз эсиңиздеби? Буга чейин анын эки буту тең басчу эмес. Операциясына 6 000 доллар издеп жүргөн убакта Sputnik Кыргызстан агенттиги да анын тагдырын чагылдырып, кийин Аскат бутуна операция жасатып, басып кеткен.

© Sputnik / Эмиль СадыровАскат Букарбаев страдающий гемофилией и его коллега, во время производства подарочного мыла
Төрөлгөндөн гемофилия дарты менен жабыркаган Аскат Букарбаев аттуу каарманыбыз эсиңиздеби? Буга чейин анын эки буту тең басчу эмес. Операциясына 6 000 доллар издеп жүргөн убакта Sputnik Кыргызстан агенттиги да анын тагдырын чагылдырып, кийин Аскат бутуна операция жасатып, басып кеткен. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Төрөлгөндөн гемофилия дарты менен жабыркаган Аскат Букарбаев аттуу каарманыбыз эсиңиздеби? Буга чейин анын эки буту тең басчу эмес. Операциясына 6 000 доллар издеп жүргөн убакта Sputnik Кыргызстан агенттиги да анын тагдырын чагылдырып, кийин Аскат бутуна операция жасатып, басып кеткен.
© Sputnik / Эмиль СадыровПодарочное мыло, производимое Аскатом Букарбаевым, который страдаеь гемофилией
Дал ошол каарманыбыз эми чакан иш ачып, өзүнө окшогон майыптыгы бар кыздар-балдарды жумуш менен камсыз кылыптыр. Алар оюнчук сымал самындарды жасап сатышат. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Дал ошол каарманыбыз эми чакан иш ачып, өзүнө окшогон майыптыгы бар кыздар-балдарды жумуш менен камсыз кылыптыр. Алар оюнчук сымал самындарды жасап сатышат.
© Sputnik / Эмиль СадыровКоллега Аската Букарбаева, во время производства подарочного мыла
Букарбаев жумуш жаңы башталгандыктан кардар азырынча аз болуп жатат дейт - Sputnik Кыргызстан
3/4
Букарбаев жумуш жаңы башталгандыктан кардар азырынча аз болуп жатат дейт
© Sputnik / Эмиль СадыровПодарочное мыло, производимое Аскатом Букарбаевым, который страдаеь гемофилией
Оюнчук сымал самындын баасы 150 сом. Курамына глицерин кошулуп жасалат. Мындай белектер өзгөчө кичинекей балдарга кол жууганды үйрөтүп, маанайын көтөрөрү айтылды. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Оюнчук сымал самындын баасы 150 сом. Курамына глицерин кошулуп жасалат. Мындай белектер өзгөчө кичинекей балдарга кол жууганды үйрөтүп, маанайын көтөрөрү айтылды.
1/4
Төрөлгөндөн гемофилия дарты менен жабыркаган Аскат Букарбаев аттуу каарманыбыз эсиңиздеби? Буга чейин анын эки буту тең басчу эмес. Операциясына 6 000 доллар издеп жүргөн убакта Sputnik Кыргызстан агенттиги да анын тагдырын чагылдырып, кийин Аскат бутуна операция жасатып, басып кеткен.
2/4
Дал ошол каарманыбыз эми чакан иш ачып, өзүнө окшогон майыптыгы бар кыздар-балдарды жумуш менен камсыз кылыптыр. Алар оюнчук сымал самындарды жасап сатышат.
3/4
Букарбаев жумуш жаңы башталгандыктан кардар азырынча аз болуп жатат дейт
4/4
Оюнчук сымал самындын баасы 150 сом. Курамына глицерин кошулуп жасалат. Мындай белектер өзгөчө кичинекей балдарга кол жууганды үйрөтүп, маанайын көтөрөрү айтылды.

Дал ошол каарманыбыз эми чакан иш ачып, өзүнө окшогон майыптыгы бар кыздар-балдарды жумуш менен камсыз кылыптыр. Алар оюнчук сымал самындарды жасап сатышат. Букарбаев жумуш жаңы башталгандыктан кардар азырынча аз болуп жатат дейт.

"Бутума протез койдуруп ооруканага жатканда тилектеш кыздар-балдар менен таанышкам. Алар менен сүйлөшүп отуруп ушул ишти ачтык. Бул идея менде көптөн бери бар болчу, эми гана ишке ашырып жатабыз. Иштей турчу жай издеп бир топ кыйналдык. Анан канайым Айгүл Жапаровага кайрылсак ушул чакан кеңсени берди. Ал үчүн ыраазыбыз. Азырынча бул жакта 4-5 адам иштейбиз. Бирок алар майыптыгы бар адамдар болгондуктан кээде ооруп калышат", — деди Букарбаев.

Оюнчук сымал самындын баасы 150 сом. Курамына глицерин кошулуп жасалат. Мындай белектер өзгөчө кичинекей балдарга кол жууганды үйрөтүп, маанайын көтөрөрү айтылды.

Азиянын чемпионатынын армрестлинг боюнча коло медалынын ээси Канат Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.03.2021
Тубаса шал оорусу менен жабыркаган жигит грант утуп, машыгуу залын оңдоп берди
"Кээ бири кымбат деп ойлошот. Ооба, самын үчүн кымбат болушу ыктымал. Бирок биз бул самынды алып эле жуунгула деп сатпайбыз. Аны бирөөгө белек катары берсе болот. Формасы, жыты менен адамга жылуулук тартуулайт. Ошол себептен биз аны белек катары чыгарабыз", — деди Букарбаев.

Буту ооругандар бул ишти өз чөнтөгүнөн акча чыгарып башташкан. Азыркы тапта самындарына кардар издеп жаткан кези. Анын баарын сатып бүткөн соң, дагы чоң иштерди баштап, көбүрөөк адамдарды жумуш менен камсыз кыларын белгилешти.

"Азыр майыптыгы барларга эмес, буту-колу соолорго жумуш табуу кыйын. Бул жакта иштегендер көп деле кыйналбайт. Тескерисинче, үйдө отургандан көрө алаксып, ырдашып, сырдашат. Убакыт кантип өткөнү билинбейт. Анан аз да болсо тыйын таап алышат", — деди Аскат.

Майыптыгы бар адамдардын өзгөчө белектерин Instagram соцтармагынын belek.bi баракчасынан тапсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0