Азап-кайгы, бүдөмүк тагдыр. Афгандык качкындардын таасирдүү 14 сүрөтү
Азап-кайгы, бүдөмүк тагдыр. Афгандык качкындардын таасирдүү 14 сүрөтү
Sputnik Кыргызстан
Афганистандагы согуш менен режимдин алмашуусу дүйнөдө дагы бир маселени — качкындардын агымын пайда кылды. Бириккен Улуттар Уюмунун расмий маалыматына... 25.08.2021, Sputnik Кыргызстан
Афганистандагы согуш менен режимдин алмашуусу дүйнөдө дагы бир маселени — качкындардын агымын пайда кылды. Бириккен Улуттар Уюмунун расмий маалыматына караганда, акыркы эле айда өз өлкөсүнөн 550 миң афгандык качып чыккан. Бул калктын 1,5 пайызын түзөт.
"Талибан"* кыймылынын бийликке капыстан жасаган кадамы көптөрдүн баш оорусу болду. Чочуп качкан эл аэропортту эле эмес, учактарды да камалоого алды. Жергиликтүү тургундардын көтөрүлүп бара жаткан ири аба кемелерине жабышып кошо учкан кадрлары дүйнөгө тарады.
Кайда качарын билбей үй-жайынан безген афганистандык балдар, өспүрүмдөр жана чоңдор чек арага жакын тилкеге да топтолду. Ар кыл маалыматтар боюнча, Афганистандан күнүгө 30 миңге чукул адам чыгып кетип жатат. Айрымдардын иши оңунан чыгып, коопсуз өлкөлөргө кете алышты. "Талибан"* өлкөдө тартип орнотууга, аялдардын укугун коргоого, ал тургай Афганистандын мурдагы жетекчилеринин артынан түшпөөгө убада берип жатат. Бирок башка өлкөлөр талибдерди таанууга шашылган жок, себеби ал убадалар аткарыларына ишеним бекем эмес.
"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл.
Бириккен Улуттар Уюмунун расмий маалыматына караганда, акыркы эле айда өз өлкөсүнөн 550 миң афгандык качып чыккан. Бул көрсөткүч калктын 1,5 пайызын түзөт.
"Талибан" өлкөдө тартип орнотууга, аялдардын укугун коргоого, ал тургай Афганистандын мурдагы жетекчилеринин артынан түшпөөгө убада берип жатат. Бирок башка өлкөлөр талибдерди таанууга шашылган жок, себеби ал убадалар аткарыларына ишеним бекем эмес.