Батир издеп жүрөсүзбү? Бишкектеги үйлөрдүн апрелдеги баасы

Жазылуу
2021-жылдын апрель айында Бишкекте жеке типтеги эки бөлмөлүү батирлер арзандады (мартка салыштырмалуу). Бирок үч бөлмөлүү "хрущевкалардын" баасы өскөн.

Sputnik Кыргызстан ай сайын ачык булактар аркылуу Бишкектеги батирлердин баасына көз жүгүртүп турат. Биз баалардын диапазонун жана түрдүү типтеги (104, 105 жана 106-серия, "хрущевка", индивидуалдуу) бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасын көрсөтүп беребиз. Бул айдан тарта ичин ээси өзү жасай турган "элитка" тибиндеги батирлердин баасын дагы биле аласыздар.

Бул материалды даярдоо үчүн 1 525 жарыяга анализ жасалды.

2021-жылдын апрель айында борбор калаада үйлөрдүн орточо баасы төмөндөдү. Мисалы, 106-сериядагы батирлер 1000 долларга арзандады. Сатуучулар жеке типтеги эки бөлмөлүү батирге 2 100 долларга арзаныраак сурап жатышты.

Ал эми үч бөлмөлүү "хрущевкалар" кымбаттаса, ичин ээси өзү жасай турган жаңы батирлер арзандаган.

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, апрелде бир бөлмөлүү батирдин орточо баасы төмөнкүчө болду:

  • 104-серия — 29 500 доллар (25 700дөн 34 500гө чейин);
  • 105-серия — 29 500 (23 500 — 36 500);
  • 106-серия — 32 000 (23 000 — 39 500);
  • "хрущевка" — 26 700 (15 000 — 33 500);
  • Индивидуалдуу типтеги батирлер — 30 500 (18 500 — 46 500);
  • ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 31 600 (21 500 — 50 000).

Эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 36 650 доллар (25 000 — 59 000);
  • 105-серия — 40 300 (27 000 — 51 500);
  • 106-серия — 43 700 (29 500 — 59 500);
  • "хрущевкалар" — 33 500 (24 500 — 46 500);
  • индивидуалдуу типтеги батирлер — 41 400 (29 800 — 67 500);
  • ичин ээси жасап алчу "элиткалар" — 47 200 (23 500 — 92 000).

Үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 43 800 доллар (36 000 — 56 500);
  • 105-серия — 52 000 (35 500 — 76 500);
  • 106-серия — 55 800 (30 000 — 76 500);
  • "хрущевкалар" — 41 600 (32 000 — 58 000);
  • индивидуалдуу типтеги батирлер — 56 900 (24 500 — 120 000);
  • ичин ээси жасап алчу "элиткалар"— 86 700 (55 500 — 153 000).
Жаңылыктар түрмөгү
0