Жерди мыйзамдаштырып бергиле! Митингчилер Жапаровдун чыгышын талап кылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг жителей жилмассива Ак-Ордо возле здания правительства в Бишкеке
Митинг жителей жилмассива Ак-Ордо возле здания правительства в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.03.2021
Жазылуу
Өткөн жумада премьер Улукбек Марипов Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келерин билдирген.
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Өкмөт үйүнүн алдында Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылган адамдар митинг өткөрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik кабарчысы жеринен билдирди.
Чогулган эл мындай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жолугууну көздөөдө. Алардын айтымында, митингчилер жашаган бул жерлер 16 жылдан бери мыйзамдашпай келет.
"2005-жылы Бишкек шаарынын Ленин акимиатынын чечими менен үй курууга уруксат кагаздарын алганбыз. Өткөн жумада премьер Марипов социалдык тармактардагы 400дөй үй көчүрүлөрүн айтты. Бирок ал жерде миңге жакын түтүн жашайт. Баарыбыздын колубузда үй курууга уруксат берилген акимиаттын мыйзамдуу кагаздары бар. Өкмөт көптөн бери жерди мыйзамдаштырып беребиз деген убада берип келет, бирок чечим жок. Ошондуктан бүгүн акыркы үмүтүбүз менен президент Садыр Жапаровго кайрылууга келдик", — деди аталган конуштардын биринде жашаган Абдырахман Дүйшөналиев.
Учурда митингге топтолгондордун саны 100гө жетти.
© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөт үйүнүн алдында Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылган адамдар митинг өткөрүп жатат.
Өкмөт үйүнүн алдында Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылган адамдар митинг өткөрүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Өкмөт үйүнүн алдында Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылган адамдар митинг өткөрүп жатат.
© Sputnik / Эркин СадыковЧогулган эл мындай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жолугууну көздөөдө.
Чогулган эл мындай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жолугууну көздөөдө. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Чогулган эл мындай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жолугууну көздөөдө.
© Sputnik / Табылды КадырбековАлардын айтымында, митингчилер жашаган бул жерлер 16 жылдан бери мыйзамдашпай келет.
Алардын айтымында, митингчилер жашаган бул жерлер 16 жылдан бери мыйзамдашпай келет. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Алардын айтымында, митингчилер жашаган бул жерлер 16 жылдан бери мыйзамдашпай келет.
© Sputnik / Эркин СадыковУчурда митингге топтолгондордун саны 300гө жетти.
Учурда митингге топтолгондордун саны 300гө жетти. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Учурда митингге топтолгондордун саны 300гө жетти.
© Sputnik / Эркин СадыковЭске салсак, өткөн жумада премьер Улукбек Марипов Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келерин билдирген.
Эске салсак, өткөн жумада премьер Улукбек Марипов Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келерин билдирген. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Эске салсак, өткөн жумада премьер Улукбек Марипов Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келерин билдирген.
1/5
Өкмөт үйүнүн алдында Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конуштарынын жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылган адамдар митинг өткөрүп жатат.
2/5
Чогулган эл мындай өтүнүч менен президент Садыр Жапаровго жолугууну көздөөдө.
3/5
Алардын айтымында, митингчилер жашаган бул жерлер 16 жылдан бери мыйзамдашпай келет.
4/5
Учурда митингге топтолгондордун саны 300гө жетти.
5/5
Эске салсак, өткөн жумада премьер Улукбек Марипов Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келерин билдирген.
Эске салсак, өткөн жумада премьер Улукбек Марипов Бишкектин четиндеги ТЭЦ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлөнү көчүрүүгө туура келерин билдирген.
"Мен картадан карап көрдүм, ТЭЦ-2нин 40 гектардай аймагына жаңы конуштар түшүптүр. Эгер биз жылуулук борборун ишке киргизсек, 400дөй үйдү көчүрүүгө туура келет. Бул чоң көйгөй. ТЭЦтин оң жагында карьер бар, текшерүүчү органдар тийиштүү жерлерге көз салса жакшы болмок", — деген ал.
ТЭЦ-2 Бишкектин түндүк-батышында, Сокулук районунда жайгашкан. Анын курулуш иштери 1986-жылы башталып, кийин токтоп калган. 2019-жылы өкмөт бул ТЭЦти калыбына келтирүү маселеси каралып жатканын билдирген. Ал эми экс-мэр Азиз Суракматов Sputnik Кыргызстан агенттигине берген маегинде ТЭЦ-2ни реконструкциялоо жана модернизациялоону тездетүү зарылдыгын билдирип, ишкана газ менен иштеши керектигин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0